Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Бойдок киши президенттикке жарабайбы?


Ооганстан -- Залмай Расул үгүт өнөктүгүндө сөз сүйлөп жатат, Жалал-Абад шаары, 7-март, 2014.
Ооганстан -- Залмай Расул үгүт өнөктүгүндө сөз сүйлөп жатат, Жалал-Абад шаары, 7-март, 2014.

Ооганстанда президенттикке талапкер Залмай Расул бир да жолу аял алып, балалуу болбогонун анын атаанташтары жана эскичил көз караштагылар кыйла эрмектеп жаткан кез. 70 жаштагы ардагер саясатчынын бойдок макамы анын өлкө башкаруу кыялына балта чапчудай.

Президенттикке талапкер Залмай Расул – азыркы президент Хамид Карзайдын бирден бир ишенип колдогон адамы. Ал Ооганстандагы эң таасирдүү уруулардын биринен чыкканын, керек болсо элдин көбү “алтын доор” деп эңсеген мурдагы ооган падышасынын тукумунан экенин баса белгилейт. Ооганстандын мурдагы тышкы иштер министри Расул мырза өмүрүнүн далай жылын Батышта өткөрүп, англис, итальян жана француз тилдеринде эркин сүйлөйт. Франциядагы университетте медицинаны окуп, дипломго ээ болгон. Ооган өкмөтүндө иштеген, бирок ар кандай коррупциялык жаңжалдарга илээшпеген саналуу саясатчылардан.

Ошентсе да, ушундай ак сөөк, интеллигент саясатчыга шайлоочулардын көбү шектенүү менен мамиле кылууда. Ушу күндө Кабулда Залмай Расулдун кандай саясатчы экени эмес, эмне үчүн эмдигиче аялы жок деген маселе кызуу талкууланып, Абдул Хади өңдүү консервативдүү шайлоочулар атүгүл талапкерди ал үчүн күнөөгө батырып ийгени учурлар да кездешет.

- Ислам дининде эркек кишинин ишеними ал үйлөнгөндө өтөөсүнө чыгат. Расулдун бойдоктугу элди ар кандай кара ойлорго түртүүдө. “Улгайганча аял албаганы анын коомдук адеп-ахлакка баш ийбегенин айгинелейт”.
Эл ушинтип айтып атат.

Дагы бир кабулдук шайлоочу Вахид да мурдагы тышкы иштер министрине добушун бербей турганын ишеничтүү айтат.

- Көп жыл Батышта жашап чет өлкөлүк болуп калган. Эмнеге ооган эли ага добуш бериши керек? Биз аялы, балдары бар, ушул өлкөдө жашаган адамды шайлайбыз.

Ооганстан президенти Хамид Карзайдын бир тууган агасы Каюм Карзай жакында шайлоого катышпаарын жарыялаганда жактоочуларын өз добушун Залмай Расулга берүүгө үндөдү. Андан башка да таасирдүү адамдар Расулду колдоп бергиле деп элге кайрылганы жатканы кабарланган. Бирок андайлар эми консервативдүү, эскичил көз караштагы калкы басымдуулук кылган Ооганстанда Залмай Расулдун бойдок жашоо-турмушу шайлоодо аябай чоң тоскоол болоорун сезип, этияттанып калган өңдүү.

Ооган коомунда негизи жеке турмуш, президент жана башка саясатчылардын аялдары – абдан аялуу, дээрлик жашыруун маселе. Хамид Карзайдын жубайы Зинат Карзай көпчүлүккө көрүнбөс “көшөгө артындагы канышага" айланган. Президенттик шайлоодо ат салышып жаткан дагы бир аттуу-баштуу талапкер, экс-министр Абдулла Абдулла мурдагы аялы менен ажырашканда аны маалымат каражаттары жаңылыктардын башына чыгарып, далай күн эрмектешкен. Андан бери Абдулла мырза кайра үйлөнүп, коомчулукту тынчыткандай болду.

Ал эми биз сөз кылып жаткан талапкер Залмай Расул айрым гезиттерде "чет элдик айым менен көп жылдардан бери жакын мамиледе" экени бир-эки ирет сөз болгону бар. Расул мырза өзү бир да жолу эмне үчүн эмдигиче аял албаганын ачык айтпаганы да ар кандай ушак-айыңга жем таштап келет.

Ошентсе да, башкаларга караганда эл үчүн ак иштеген саясатчы деп аны колдогон шайлоочулардын бири Абдул Хаким башка талапкерлер Расул мырзанын бойдоктугун өзүлөрүнө арзан реклама катары пайдаланып жатышканын айыптайт.

- Расулдун аялы барбы, жокпу – ал өзүнүн гана жеке иши. Ооганстанда талапкер сөзсүз үй-бүлөлүү болушу керектигин талап кылган бир да мыйзам жок.

Ооганстанда ошентип, бойдок саясатчы 5-апрелдеги шайлоодо калган сегиз талапкерди жеңе алабы, жокпу, эки жумадан кийин белгилүү болот. Залмай Расул, мурдагы каржы министри Абдулла Абдулла жана ливандык христиан аялга үйлөнгөнү үчүн катуу сынга кабылган дагы бир экс-министр Ашраф Гани азырынча президенттик жарышта алдыда келатышат.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Кабулдагы кабарчысы Фруд Бежандын макаласын Венера Сагындык кызы кыргызчалады
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG