Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Москва Ооганстандагы таасирин күчөтүүдө


Кабулдагы Орусия маданият борбору кеңейтилип, кайра курулууда. 28-март 2014
Кабулдагы Орусия маданият борбору кеңейтилип, кайра курулууда. 28-март 2014

Орусия Ооганстанды экономикалык жана маданий жактан колго алууга аракет кылууда.

Чейрек кылым мурда советтик аскерлер чыгып кеткенден бери кароосуз калган Кабулдагы Илимдин жана маданияттын үйү калыбына келтирилүүдө.

Жыл соңунда ачылчу Орусия маданий борбору Москва ушу тапта Ооганстанда каржылап жаткан 150 чамалуу долбоордун бири. Илимдин жана маданияттын тамтыгы чыккан борборун оңдоого Орусия 20 миллион доллар сарптоодо. Кабулдагы эски советтик борбордо жүрүп жаткан курулуш иштери Москва бир кезде Советтер Союзу өзүнүн стратегиялык кызыкчылыгынын алдыңкы чеги деп билген өлкөдөгү таасирин калбына келтирүүгө умтулганын жышааналайт.

Акыркы эки жылда Орусия совет заманында Ооганстанда тургузулган объекттерди кайра иштетүүгө 100 миллион доллардан көп каражат сарптады. Бул акчаны АКШ, Кытай жана Индия салган инвестиция менен салыштырып болбойт. Бирок Орусия совет доорунда курулган 140тан ашуун долбоорду калбына келтирсе, оогандар анын пайдасын күнүмдүк турмушунда сезет.
Анын үстүнө АКШ башындагы НАТО күчтөрү өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Батыш мурдагыдай жардам бербей калат деген чочулоо бар.

Мындай жагдайда Ооганстандын жетекчилиги Орусия сыяктуу ири өлкөлөр менен коопсуздук жана экономикалык жактан кызматташууну бекемдөөгө аракет жасоодо. Бул көптөгөн жергиликтүү компаниялар үчүн да мүнөздүү. Алардын бири Кабулда жайгашкан "Нажибулла Кушбин" курулуш компаниясы. Анын башчысы Нажибулла Кушбин азыр орусиялык бир нече компания менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.

- Биз абдан оптимистбиз. Орусиянын инвестиция салганына оң карайм. Эгер чет өлкөлөр Ооганстанга инвестиция салууну кааласа, биз колдон келишинче жардам беришибиз керек,-дейт Кушбин.
Ооганстан, 1967-жыл. Аризона университетинин окутуучусу, доктор Уильям Подличтин фотосүрөтү.
Ооганстан, 1967-жыл. Аризона университетинин окутуучусу, доктор Уильям Подличтин фотосүрөтү.
"Майнвал Рахман" курулуш компаниясынын аткаруучу директору Рахман Ватанвал болсо Орусия мурда Ооганстанда чоң курулуштарды куруп, инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошконун белгилеп, мындай деди:

- Бизди Орусиянын Ооганстанга жардам көрсөтүп жатканы кубандырат. Алар биздин коңшубуз. Бул аябай маанилүү.

Рахман ошол эле учурда Америка каржылаган долбоорлорго көп каражат бөлүнгөнү менен алар натуура пайдаланылганын кошумчалады.

Ооганстандын инвестицияны колдоо агенттигинин маалымдашынча, соңку эки жылда Орусия салган инвестиция жылына эки эсеге өскөн жана дагы көбөйт деп болжолдонууда.

“Вашингтон Пост” гезити жазгандай, советтик аскерлер калтырып кеткен миналардан жылына ондогон адамдар өлөт. Ошол эле учурда өткөн кылымдын 60-жылдары СССР курган Кабулдагы нан заводу ооруканалар менен мектептерди ун азыктары менен камсыздайт.

Политехника университети, Автомеханикалык институт, сууда сүзүүчү бассейндер, Кабулдун ажайып бөлүгүндө ооган элитасы үчүн курулган турак- жай комплекси орустарды эске салып турат. Береги райондогу төрт бөлмөлүү батирдин баасы 100 миң доллардан кем эмес.

Кабулдук серепчи Ахмад Саеди Орусиянын Ооганстандагы активдүүлүгүн АКШнын региондогу таасири төмөндөп баратканы менен түшүндүрөт жана болочокто Ооганстан кайрадан Вашингтон менен Москванын кызыкчылыгы тирешчү сценага айланышы этимал деп жоромол кылат:

- Орусия Американын чөлкөмдөгү экономикалык жана саясий ролу алсырап баратканын көрүүдө. Орусия Американын Ооганстандагы кызыкчылыгына зыян келтиргенге, ошондой эле бийлигин жана таасирин калыбына келтиргенге аракет жасоодо.

Кабылдагы эң заманбап курулуштардын бири- Гүл Бахар борбору. 29-март 2014
Кабылдагы эң заманбап курулуштардын бири- Гүл Бахар борбору. 29-март 2014
Ал эми Эл аралык кризистик группанын (International Crisis Group) Кабулдагы улук талдоочусу Грэм Смиттин көз карашынча, Вашингтон Орусиянын Ооганстандагы активдүүлүгүн колдошу абзел:

- НАТО жана Кошмо Штаттар Кансыз согуш жылдарындагы эски инстинктин жоготпосо, Ооганстандын коңшулары жана чөлкөмдөгү өлкөлөр биздеги мамлекеттик курулуштардын долбооруна өз кызыкчылыгына ылайык катышып жатканын көрөт. Орусия Ооганстанды стабилдештирүүдө орто мөөнөттүк ролду аткара алат.

Орусия экономикалык долбоорлорго катар маданий иштерди да жигердүү жүргүзүүдө. Кабул университетинде орус тилин үйрөнгөн студенттер акыркы эки жылда эки эсеге көбөйгөн. Орус өкмөтү жаштарды бекер окутууну да көбөйткөн.
Инвестициянын аркасы менен эки өлкөнүн мамилеси да оңолууда. Анын бир мисалы ирети президент Хамид Карзайдын Москванын Крымды аннексиялап алуусун Венесуэла, Сирияга катар колдогонун айтса болот.

XS
SM
MD
LG