Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Оогандыктар тынчтык сүйлөшүүгө даяр эмес


"Талибандын" мүчөлөрү
"Талибандын" мүчөлөрү

Ооган талиптеринин Катардагы саясий кеңсеси Пакистанга жиберген делегациясы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуу жолдорун издөө үчүн барганын четке какты. Мунун алдында талип өкүлдөрү Карачиге тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча барганы айтылып жаткан эле. Ооган бийликтери Исламабадды талиптерди сүйлөшүүгө отургузууга аракеттенбей, аларга каршы күрөшүүгө чакырууда.

"Талибандын" Катардагы кеңсесинин маалымат катчысы Мухаммад Наим Пакистанга Ян Мухаммад жана Шахабуддин Дилавар деген эки өкүл кеткенин, алардын сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибинде тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча маселе жоктугун 27-апрелде билдирди.

Мухаммад Наимдин сөзүнө караганда, бул эки киши Пакистандагы ооган качкындары кабылып жаткан проблемалар жана молдо Берадар Ахунд баштаган бир канча талипти абактан бошотуу маселелери боюнча сүйлөшүүгө барган.

Мунун алдында Пакистандагы ооган талиптеринин жогорку даражалуу өкүлү үч адамдан турган топ Карачиге тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча барганын жана жакында Пакистан менен Ооганстандын расмий өкүлдөрү менен алгачкы сүйлөшүүлөр башталарын айтканын AFP агенттиги жазып чыккан эле. Аталган булакка таянып жазылган бул кабарда талип делегациясынын башкы максаты - Ооганстанга тынчтык орнотуу жолдорун издөө экени да айтылган.

Мындай кабардан соң ооган бийлиги талиптер менен сүйлөшүүгө барбасын дагы бир жолу ырастады. “Талиптердин делегациясы Пакистанга келгенин билебиз. Бирок Пакистан бийлиги буга чейин берген убадаларын аткармайынча биз ал жакка барбайбыз”, - деген бир күн мурда ооган президентинин маалымат катчысы Дава Хан Менапал.

Ушул айдын 19унда Кабулда 64 адамдын өмүрүн алып, дагы 300дөн ашуун кишини жарадар кылган кандуу калабадан кийин ооган бийликтери талиптер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү боюнча кеп кылбай калган. Атүгүл президент Ашраф Гани Исламабадды талиптерди сүйлөшүүгө отургузууга аракеттенбей, аларга каршы күрөшүүгө чакырган.

Ооган президенти 25-апрелде өлкө парламентиндеги кайрылуусунда Кабул Пакистан талиптерди сүйлөшүүгө алып келет деп күтпөсүн айткан.

- Мен бир нерсени ачык айтып койгум келет. Биз Пакистан талиптерди сүйлөшүүгө алып келерин күткөн жокпуз.

Ашраф Гани ошондой эле кан төгүүлөрдүн токтобой жатышы сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн чектеп жатканын айткан.

- Талиптер кан төгүүнү токтотуп, колун көкүрөккө алууга даяр болсо тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн эшиги баары үчүн ачык. Бирок андай мүмкүнчүлүк болбой жатат.

Быйыл жыл башында Ооганстан, Пакистан, АКШ жана Кытай өкүлдөрүнөн турган төрт тараптуу топ талиптер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандантуу аракетин баштаган. Бирок өткөн айда талиптер бул сүйлөшүүлөрдү майнапсыз деп атап, ага катышуудан баш тарткан.

Ооган президенти эки күн мурдагы кайрылуусунда Исламабад талиптерге каршы күрөшүүсү зарылдыгын белгилеген:

- Биз Пакистан өкмөтү Ооганстан, АКШ, Кытай жана Пакистан өкүлдөрү катышкан төрт тараптуу координациялык топ менен келишим түзүп, козголоңчул топторго каршы аскерий күч колдонуусун каалайбыз. Биз, эл аралык өнөктөштөр жана расмий Исламабад да аларга буйрук, тапшырма берип жаткандар дал ошол Пакистанда жайгашканын билебиз.

Кабул көптөн бери Исламабадды Ооганстандагы талиптерди тымызын колдойт деп айыптап келатат.

Ооганстандын өкмөтү менен "Талибан" ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрдүн алга жылбай жатышынын башкы себептери эмнеде? “Азаттык” ушул жана башка суроолор менен Лондондо иштеген ооганстандык көз карандысыз саясий талдоочу Вали Арианга кайрылды:

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:48 0:00
Түз линк

Ооган өкмөтү менен "Талибандын" ортосундагы сүйлөшүү өткөн жайда талиптердин лидери Молдо Омар эки жыл мурда өлгөнү ачыкка чыккан соң үзгүлтүккө учураган эле. АКШ менен Кытайдын калкалоосундагы бул сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы 7-июлда Исламабаддын чет жакасында өтүп, ал алдыга жасалган маанилүү кадам катары бааланган.

Сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы 31-июлга белгиленип, бирок ага эки күн калганда талиптер лидери молдо Омар өлгөнүн эки жыл бою жашырып келгени ачыкка чыгып кеткен. Ошондон тарта талиптер менен тынчтык сүйлөшүүлөрү жалгашпай калган.

1996-жылы Ооганстанда бийликти басып алган "Талибан" террордук кыймылы өлкөнү беш жылдай бийлеп, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШдагы теракттардан соң эл аралык коалициялык күчтөр тарабынан кулатылган. Талиптер ошондон тарта тынчыбай, өлкө аймагында ар кандай террордук чабуулдарды, уруштарды уюштуруп келатат. 2003-жылы БУУнун Коопсуздук кеңеши "Талибан" кыймылын террористик уюм деп тааныган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG