Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Ооган согушу тынч элди аяган жок


Кабулдагы жардыруудан аман калган балдар. 15-январь, 2019-жыл
Кабулдагы жардыруудан аман калган балдар. 15-январь, 2019-жыл

Ооганстанда жыл башынан бери куралдуу жаңжал 1 366 адамдын өмүрүн алып кетти, 2,5 миңге жакын адам жарадар болду.

25-июлда Нангархар чөлкөмүндө жолго коюлган бомбанын жарылуусунан алты аял жана үч бала каза тапты. Кичи автобус бир үй-бүлөнү үйлөнүү тоюна алып бараткан.

Анын алдында Кандагарда зыяратчыларды ыйык жайга ташып бараткан автобус минага кабылганда кеминде 11 киши, көбү кичинекей балдар өлгөн, 33 киши жарадар болгон.

Кабулдагы терактта жабыркагандар ооруканада. 1-июль 2019-жыл
Кабулдагы терактта жабыркагандар ооруканада. 1-июль 2019-жыл

Ооган жергесинде дээрлик күн сайын кол салуу, атышуу болгону, бомба, миналар жарылганы, бейкүнөө адамдардын өмүрлөрү кыйылганы кабарланып келет.

БУУнун Ооганстанга жардам берүү миссиясы 30-июлда жарыялаган баяндамасында үстүбүздөгү жылдын алты айында 1 366 карапайым киши каза тапканын, 2 жарым миңдейи жарадар болгонун маалымдады.

Жоготуулар былтыркы жылдын ушул эле маалы менен салыштырганда 27 пайызга аз болгону менен, уюм бейкүнөө оогандардын ушундай үрөй учурган масштабда жабыркап жатышы “кабыл алынгыс” деп билдирди.

Миссия жай тургундар арасындагы жоготууларга биринчи кезекте куралдуу кармаш-салгылашуулар алып келип жатканын белгилейт. Ошондой эле көптөгөн карапайым адамдар ар түрдүү колго жасалган дүрмөттөлгөн жабдыктар жарылганда жана аба соккулары маалында ажал табат.

Чыгымдардын жарымынан бир аз көбү үчүн "Талибан" кыймылы, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жана ооган өкмөтүнө каршы күрөшкөн башка уюмдар жооптуу.

Жоочулардын колунан өлдү деп расмий аныкталган 985 кишинин арасында өкмөт кызматкерлери, уруу аксакалдары, гуманитардык кызматкерлер, диниятчылар, маданият ишмерлери бар.
Өкмөтчүл күчтөр 717 жайкын оогандын өлүмү үчүн жооптуу. Бул - былтыркы ушул маалга салыштырганда 31 пайызга көп.

Лагман провинциясындагы жардырууда жарадар болгон бала. 15-апрель, 2019-жыл
Лагман провинциясындагы жардырууда жарадар болгон бала. 15-апрель, 2019-жыл

Миссия согуштан өзгөчө аялдар жапа чегип келатканына басым жасайт. Быйыл жыл башынан бери куралдуу жаңжалдан 144 аял өмүрү менен кош айтышты, 286сы жарадар болду. Карапайым адамдар арасындагы жоготуулардын үчтөн бир бөлүгү балдарга туура келет. Уруш алты айда 327 наристенин өмүрүн алып кетти, 880и түрдүү жараат алышкан.

Кан төгүүлөр АКШнын “Талибан” кыймылы менен сүйлөшүп, 18 жылдан бери токтобой келаткан согушка чекит коюу аракеттерине карабай уланууда. Талибдер азыр өлкөнүн дээрлик жарымын көзөмөлдөшөт же өздөрүнө кайтарууга аракеттенишүүдө.

АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад эмки жумада Катарга кайтып барып “Талибан” өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн 8- айлампасын жүргүзмөкчү. Бирок талибдер Ооганстандын өкмөтүн "Батыштын кол баласы" деп атап, Кабулдан келген расмий өкүлдөр менен жолугушуудан баш тартышууда.

АКШ сентябрдын аягында Ооганстанда өтчү президенттик шайлоого чейин кыймыл менен келишүүнү көздөп жатат. Атап айтканда талибдер коопсуздук кепилдиктерин беришсе, Кошмо Штаттар чет элдик аскерлерди чыгарууга макул болмокчу.

29-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео президент Дональд Трамп 2020-жылга чейин Ооганстандагы аскерлерди чыгаруу жараянын баштоо тапшырмасын бергенин билдирди. Ал жылы ноябрда АКШда президенттик шайлоо болот.

"Президент аягы көрүнбөгөн согушка чекит коюуну, контингенттин санын азайтууну так айтты. Кеп биз тууралуу гана жүргөн жок. Ооганстанда кызмат өтөгөндөр НАТОнун миссиясы Европа, башка өлкөлөрдүн жоокерлеринен куралганын жакшы билишет. Жалпысынан согуштук бөлүктөргө региондо муктаждык азайды".

Түндүк альянстын 23 миң аскерден турган контингенти ооган коопсуздук күчтөрүн машыктыруу менен алектенип, талибдерге, башка экстремисттик топторго каршы күрөштө көмөктөшүп келатат. Алардын 14 миңдейи америкалык жоокерлер.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG