Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

"Агама бир бөйрөгүмдү бердим". Оору азабы, орган издегендер


Агасына донор болуп, бир бөйрөгүн берген Атыргүл Калманбетова. Арткы фондо бөйрөгүн алмаштырган бейтап Жаныбек Калманбетовду медайым көзөмөлдөп жатат
Агасына донор болуп, бир бөйрөгүн берген Атыргүл Калманбетова. Арткы фондо бөйрөгүн алмаштырган бейтап Жаныбек Калманбетовду медайым көзөмөлдөп жатат

Адистердин айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда бөйрөгү иштебей калган жаштардын катары калыңдап баратат.

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда акыркы беш жылда бөйрөктү алмаштыруу боюнча 44 операция жасалган. Ал эми Кыргыз-Түрк "Достук" клиникасында быйыл августта бөйрөк трансплантациясы боюнча алгачкы операция жасалып, ушул күнгө чейин үч бейтаптын бөйрөгү алмаштырылды.

Жаңы бөйрөктүү болгон Жаныбек

43 жаштагы Жаныбек Калманбетов декабрь айында Бишкекте бөйрөгүн алмаштырды. Ал эки бөйрөгү тең иштебей калгандыктан, акыркы сегиз жылда гемодиализ алып жашап келген.

Жаныбек Калманбетов
Жаныбек Калманбетов

"Операциядан чыккандан кийин эртеси күнү басып кеттим. Жаңы төрөлгөн баладай эле сүйүнүп атам. Диализ дегенди унутуп калдым. Шишиктин баары тарады. Суу иче албай кыйналчу элем. Азыр бөтөлкөлөп ичип атам. Мурда бир күндө бир чыны эле чай ичип койчумун. Шишип кетчүмүн, бөйрөк иштечү эмес. Азыр каалашымча ичип жатам".

Бейтапка 36 жаштагы бир тууган карындашы Атыргүл Калманбетова бир бөйрөгүн берген.

Атыргүл Калманбетова
Атыргүл Калманбетова

"Мен азырынча бойдокмун. Үй-бүлө күтө элекмин. Бирок бир бөйрөгүм менен деле төрөйм деп ишенем, кудайым буюрса. Агамдын эки баласы бар, эми жашоосу кандай болуп калат деп көп ойлочумун. Азыр мен эки баласынын урмат-сыйын көрүп, узак жашайт деп ишенем. Буга чейин сегиз жыл ооруп жүрдү да".

Жаныбектин бөйрөгүн алмаштырган операция Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалды.

Дарыгер Мирбек Байзаковдун айтымында, бөйрөгү иштебей калган бейтаптар диализ менен 30-40 жылга чейин жашай бериши мүмкүн. Бирок трансплантация ийгиликтүү болсо алар канды чыпкалатуу убарасынан арыларын белгиледи:

Мирбек Байзаков
Мирбек Байзаков

"Бөйрөктү салгандан кийин иштебей деле калышы мүмкүн. Эч ким кепилдик бере албайт. Жаңы бөйрөктүү болгон адам өмүр бою дары ичиши керек. Дарынын 70 пайызын мамлекет акысыз берет".

"Гемодиализ алам, үч балам бар"

Бишкектин четиндеги Байтик айылынын тургуну, 40 жаштагы Анара Раимкулова эки бөйрөгү кургап, иштебей калган бейтаптардын бири.

Ал тогуз жылдан бери жумасына үч жолу гемодиализ алат. Бөйрөгү иштебей калган адам бул аппаратка байланган, ансыз жашай албайт.

Анара Раимкулова гемодиализ алып жаткан учуру
Анара Раимкулова гемодиализ алып жаткан учуру

"Гемодиализди жасалма бөйрөк деп коёт да. Соо адамдын эки бөйрөгү ичкен-жегенин тазалап, заара менен чыгарса, биздики иштебейт, кургап калган. Бул аппарат канды чыпкалайт. Диализге түшкөнүмө тогуз жыл болду, ошондон бери заара кылбайм. Ушул менин бөйрөгүм. Айрым бейтаптар той-ашка барып, туура эмес бир нерсе жеп калат. Ошондо ууланат. Шайы кетип, баса албай, денеси шиший баштайт. Үч күн диализ албай калсак, оозубузга заара келип, жыттанып калат. Ал жаныбыздагыларга да билинет".

Анара - жалгыз бой эне. Улуу кызы турмушта. Кичүү кызы менен уулу колунда. Жолдошу менен ажырашып кеткенин айтып отурду:

"Жолдошум "толуксуң" деп кетип калган. Көрсө, шишип кетиптирмин. Тогуз жылдан бери үч жолу элдештик. Жазында кайра кетип калды. Ооруган аялга эркек чыдабайт экен, же тамак жасай албасаң, же тирилик кыла албасаң… Эл басып жүрсөң айыгып кетти деп ойлойт. Бирок кыйналганымды балдар эле көрөт. Түндө кан басымым түшүп кетет, тер куюлуп, өзүмдү жоготуп коём. Анда эки балам ыргып туруп, бирөө бутумду көтөрүп, бирөө оозумду ачып, туз салып, суу куюп атып, алып калышат. Күндө эле ушундай жашоо…".

Анара биринчи топтогу майыптыгы үчүн мамлекеттен 5,5 миң сом жөлөк пул алат. Ал бөйрөгү иштебей жатканын үчүнчү баласын төрөгөндөн кийин билген. Дартынан улам толук кандуу иштей албаган аял үйүндөгү тигүүчү машине менен анча-мынча буюртма алып, күнүмдүк кем-карчын толуктап алат. Дарттын дабасы - трансплантация. Бирок Анаранын донору жок. Ата-энеси өтүп кеткен. Бир туугандары жүрөк оорусунан жабыркагандыктан, донор боло албайт.

Кыргызстандагы трансплантация боюнча мыйзамга ылайык, бейтапка ата-энеси же бир туугандары гана бөйрөгүн бере алат.

"Мисалы, башка мамлекеттерде өлгөн кишини да донор катары киргизип койгон. Каза болгондордун органдарын бейтапка салышат. Ага донор тирүүсүндө эле уруксат берет. Туугандарынын макулдугу да алынат. Андан тышкары башка мамлекеттерде ата-энеси, бир тууганы, аталаш тууганы, төртүнчү деңгээлдеги тууганына чейин донор боло алат. Бизде андай жок да. Ата-энеси же бир тууганы эле бериши керек. Бир тууганы барлар, жоктор бар. Алардын ден соолугу ар кандай болуп калат".

Анараны акча маселеси да кыстап турат. Соңку жылдары Түркияга, Индияга барып, операция жасаткандар аз эмес. Ал үчүн орточо эсеп менен 20 миң доллар керек. Ал эми Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу боюнча операция жасатууга 650 миң сом же 7 миң доллардай каражат керек.

Быйыл августта Бишкектеги Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасында биринчи жолу ички органдарды трансплантациялоо боюнча операция ийгиликтүү жасалганы расмий кабарланган. Түркиядан келген 140 дарыгер бул ооруканада эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерди үйрөтүшөрү маалымдалган.

Анаранын айтымында, клиникада үч бейтаптын бөйрөгү алмаштырылгандан кийин иш токтоп калган. Ага трансплантация боюнча мыйзамдын эскилиги себеп болгон.

Бөйрөк алмаштыруу эмнеге кечеңдеп жатат?

Кыргызстанда 2000-жылы кабыл алынган трансплантация боюнча мыйзамга жакында эле Жогорку Кеңеште өзгөртүүлөр киргизилип, президентке жөнөтүлгөн.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жаңы мыйзамда, донорлордун тизмеси кеңейтилип, алардын катарына бейтаптын ата-энеси менен бир туугандарынан тышкары балдары, жубайы жана башка туугандары да киргизилгенин билдирди:

Алымкадыр Бейшеналиев
Алымкадыр Бейшеналиев

"Ал жерде донор катары чоң атасы, чоң апасы, үчүнчү-төртүнчү даражадагы туугандары да кошулду. Ал эми өлгөн кишинин органдарын алууга азырынча бизге эртелик кылат. Биринчи ушуларды киргизип, иштетип алалы. Биздин лабораториябыз башка мамлекеттердин деңгээлине жеткенде ойлонобуз. Азыр бизде заманбап лаборатория курулуп, иштей баштады. Мисалы, мурда бейтаптар чет өлкөгө барып текшерилип келчү. Апасынан орган алмай болуп кетишип, анализдер дал келбей калса, кайра атасын алып барышчу. Азыр болсо алардын баары Бишкекте жасалып жатат", - деди министр.

Бейшеналиев жогоруда айтылган Кыргыз-Түрк "Достук" ооруканасында август айынан бери бөйрөгүн алмаштырган үч бейтаптын абалы жакшы экенин, азыр дагы 95 адам кезекте турганын билдирди. Трансплантация боюнча жаңы мыйзамга президент кол койгондон кийин бул иштер уланарын кошумчалады.

Министрдин айтымында, клиникадагы операциялардын кечеңдегенине Түркиядан келе турган дарыгерлердин согуш оту күйгөн Газа тилкесине жөнөп кеткени себеп болгон. Ал жогоруда айтылган мыйзам күчүнө киргенден кийин бул иштер уланарын кошумчалады.

Кыргызстанда буга чейин да бөйрөк алмаштыруу боюнча операциялар жасалып келген. 2018-жылдан тартып ушул күнгө чейин Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 44 операция жасалган.

Хирург Мирбек Байзаков беш жыл үчүн бул төмөн көрсөткүч экенин айтууда. Ал трансплантация боюнча жергиликтүү дарыгерлердин тажрыйбасы аз болгондуктан, бейтаптар Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруудан кооптонушарын жашырган жок.

"Статистика боюнча, жаман болуп кеткен жокпуз. 44 операциядан кийин "кабыл албоо" болушу мүмкүн. Андай учурда адам кайра эле диализге түшөт, тилекке каршы. Салынган бөйрөк иштебей калат. Эгер аллергия, шишик же ичине суу толуп кетпесе, салынган бөйрөк организмде кала берет. Убакыт менен ал өзүнүн бөйрөгүндөй эле кургап, жок болуп кетет. Ал эми салынып, бирок иштебей калган бөйрөк бейтапка көйгөй жаратса, аны кайра алып чыгууга туура келет".

Дарыгерлердин айтымында, дүйнөдө бул дарт тукум кууп же кант диабети өңдүү оорулардын кесепетинен келип чыкса, Кыргызстанда улан-кыздардын бөйрөгү инфекциялык оорулардан улам иштебей калууда.

"Көпчүлүк жаштар суук тийгизип алып, бирок ага убагында маани бербей жүрө беришет экен. Ал эми бөйрөк бир күндө отуруп калбайт, ал бир нече жылдан кийин иштебей калышы мүмкүн", - дешет алар.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда гемодиализ алган 2600дөй бейтап бар. Бул процедуралар мамлекет эсебинен каржыланат. Ал үчүн бюджеттен жылына 2,5 млрд сом бөлүнөт. Ошондой эле гемодиализ алгандарга биринчи топтогу майыптык берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG