Линктер

бейшемби, 20-июнь, 2019 Бишкек убактысы 15:50

Айтматовдон алган ак бата


Чыңгыз Айтматов жана анын жанында калпак кийип турган Рахматулла Козукеев.

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Рахматулла Козукеев менен баарлашып, жетимишинчи жылдардын аягында эл аралаган Чыңгыз Айтматовдун бараандуу караанын элестеттик.

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Рахматулла Козукеев чырымтал кезинде Чыңгыз Айтматовдон ак бата алган. Төкмө акынды Чыкенин ичимдик ичпегени, бир улут менен экинчи улуттун сөздөрүн аралаштырбай, кыргыз, орус тилдеринде куюлуштуруп так, таза сүйлөгөнү, кимге болсо да камкордук көрүп, келечекти таамай көрө билиши, адамды өтө баалаганы, ашкан маданияттуулугу таң калтырган. Төкмө акын менен баарлашып, жетимишинчи жылдардын аягында эл аралаган Чыңгыз Айтматовдун бараандуу караанын элестеттик.

“Балдар үшүбөсүн, уруксат берели!”

1977-жыл, кеч күз. Рахматулла Козукеев анда Ош облусунун Ленин (азыркы Ноокен) районундагы “Кызыл-Жар” совхозунун профсоюздук клубунун башчысы болуп иштечү. СССР Жогорку Советине шайлоо жакындап, анын депутаттыгына Чыңгыз Айтматовдун талапкерлиги Кызыл-Жар (азыркы Аксы району, Үч-Коргон айыл өкмөтү) аймагынан көрсөтүлгөндүктөн, ак төөнүн карды жарылган берекелүү күз маалында ушул айылга “улуу жазуучу келет экен” деген каңшаар желдей тарайт.

Ал кезде айылдык жаш акындын азыркыдай оозунан ыр төгүлгөн төкмө акындардай таптала элек чагы. Аны совхоздун деректири, Социалисттик Эмгектин Баатыры Николай Мешков, айылдык кеңештин төрагасы Өмүрзак Баймурзаев, совхоздун профкому Болот Молдошев чакыртып алды да:

- Сен “төкмө болом” деп жүрөсүң. Чыңгыз Айтматовду өз аймагыбыздан СССР Жогорку Советинин депутаттыгына сунуш кылабыз. Чыңгыз Төрөкулович маданият үйүбүздө эл менен кездешет. Ал учурашууда Айтматов менен саламдашып ырдаганга камдан, - деп тапшырма беришти.

Рахматулла мындай бөтөнчө тапшырманы күтпөгөндүктөн аны аткаруу үчүн күнү-түн даярданды. Төкмөчүлүк өнөрү али анча шыр кете элек, азыркыдай төгө элек. Жазып да көрдү, жамактап ырдап да көрдү. Алары жада калса өзүнүн да купулуна толбой, канааттанбай койду. “Темирди кызуусунда сок” дегендей кезеги келгенде шыр эле ырдап кирүүнү чечти.

Чыңгыз Айтматов Кызыл-Жар кыштагына келгенде көчө толо адам, ак көйнөкчөн, кызыл жагоосунун учу желип өткөн шамалга желбиреген пионерлер жолдун эки тарабында маңдай-тескей тизилип турат. Топтолгон эл, жеңил кийинип, колдоруна кызыл-тазыл гүл кармаган кыз-уландар ыр-күүнүн, дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосу менен даңазалуу жазуучуну тосуп алышты.

Кызыл-Жарды бойлоп, Өзбекстанга агып өткөн Нарын дарыясынан да муздак шамал леп-леп согот. Жергиликтүү ырчылар эки ырды ырдап бүткөндө аны эл менен кошо угуп-көрүп турган Чыңгыз Айтматов чогулгандарга кайрылды:

- Урматтуу калайык-калк! Сиздер менен жүз көрүшүп турганыма Жаратканга шүгүрчүлүк келтирип, миң мертебе ыраазымын! Сиздер менен жолугушуу жабык мекемеде, менимче Маданият сарайында өтөт болуш керек. Мынабу көчөдө концерт койгон алмончоктой наристе, кыз-балдарым улуттук жеңил кийимчен чыгыптыр. Кеч күздүн каары билинип турат. Суукта шамалдап, тумоолоп калбасын. Биз жолугушчу жабык мекемеге кире берели, балдарга уруксат этели, - деди да кийин өнөрпоздорго жүзүн буруп, сөзүн төмөндөгүдөй улантты:

- Уул-кыздарым, өнөрүңөр өркүндөсүн! Талантыңар ташкындасын! Элибиздин жакшылыгына жарчы болуп, аман-эсен болушуңуздарды тилеймин! Чоң ырахмат, сиздерге! Үшүп калдыңыздар, - деп кол чаап, күлүп койду. Элди кол чаптырып, клубга жолугушууга кирип кетти.

Чыке шарап таткан жок

Шайлоочулары менен эки саат баарлашкан соң, Айтматовду сый тамакка алып бармак болушту. Жергиликтүү чоңдор өнөрпоздорду тандап алып, кызылжарлык ырчыларга концерттик беш-алты программа камдап алууну тапшырышат.

Мурда бекитилген тартипке ылайык алгачкы саламдашуу ырын Рахматуллага ыйгарышат. Ал кезде дегеле Ош дубанында суусар тебетей таңсык. Калк ичинде андай адеми баш кийим анча жок, айылдан атайын түлкү тебетей таап келип жаш төкмөгө кийгизишет. Тебетейдин көркөмү кооз болгону менен арт жагын күбө жеп, түлөп калыптыр. “Аны байкатпай, ийилип кирип, ийилип сыртка чыкканга аракет кыл” - дешти. Козукеев комузду колуна алып, сый тамакта олтургандардын үстүнө кирет. Кырааты менен “Ассалоому алейкум!”- деп салам айтат. Чыңгыз Айтматов баркыраган үнү менен топтон өзгөчөлөнүп:

- Ва-алейкуму ассалоому, балам! Бул балам ырдайт окшойт. Ырын угалы, – деп, кулак төшөп, ынтаа койгон болду.

Рахматулла коноктордон четирээк жакка коюлган үстөлдөн орун алды. Комузун ойнотуп, камбылдыгы жок эле бир топко чейин салтка жараша шыр саламдашып, эли-жердин жетишкендиктерин, эмгек алдыңкыларын мактап ырдап, айтылуу Кызыл-Жардан чыккан атактуу пахта бригадири, Социалисттик Эмгектин Баатыры Жоро Шералиев аяш атасын даңктап бүтүп, ыр соңун момунтип чүргөдү:

- Чыңгыз агай,

Гүлсары аттын оозун буруңуз!

Депутат болуп калсаңыз,

Кызыл-Жар деген айылга

Тез-тез каттап туруңуз!

Бүргөндү деген боз адыр -

Нарындын суусун буруңуз!

Сиздей,

Залкарлар берсе, жардамын,

Заманда болот, бурулуш!

Айтылып калат, калкымда

Кылымдап калчу чоң жумуш!

Амандашып ырдаган –

Жаш таңдай акын, мендей уулуңуз! – деп ырдап бүтөрү менен Чыңгыз агай күрөктөй алакандары менен кол чапканда шеринедегилер да аны коштоп алакан чабышты. Улуу жазуучу ордунан туруп:

- Урматтуу коноктор!.. Урматтуу агайын-туугандар!.. Маган жана эле, сый башында сөз бердиңиздер эле. Дагы бир ирет кеп сүйлөөгө сиздерден уруксат алайын! Мүмкүн болсо...

Муну уккан Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун катчысы Барпы Рыспаев, партиянын Ленин райондук комитетинин биринчи катчысы Мукаш Жамгырканов, “Кызыл-Жар” совхозунун деректири Николай Мешков баштаган отуздай мейман ордунан тике турду. Бардыгынын колдорунда шарап куюлган чөйчөк.

Чыке:

- Бул чөйчөктү кармап сүйлөгөнүмдүн себеби – жаш төкмө акын, аты ... – деп ысымын сураштырганда анын жанындагы эки-үч киши “аты Рахматтулла, Рахматулла” - деп коштой үн катты.

Чыңгыз агай сөзүн кайра алды да:

- Ушу Рахматулла балама ак тилегимди айтып коёюн деп турамын. Бул төкмөлүк өнөр - кылым карыткан кыргыз элинин өнөрүнүн туу чокусу! Залкар дастанчы-акындарыбыз төкмөлүктөн чыккан. Ушу бийик жана ыйык өнөрдү аркалап калыпсың, балам, жез таңдай акын Жеңижок атаңдын, тоо булбулу Токтогул атаңдын, ак таңдай акындар Алымкул, Калык аталарыңдын, бал тилдүү акын Барпы атаңдын, куйкум сөздүн устаты Коргоол атанын арбактары колдосун! Келечекте Эл акыны аталып, кыргыз элинин жакшылыгынын жарчысы болуп, аман бол, балам! Өркөнүң өссүн! Кана, туугандар, менин балама айтылган ак тилекти кубаттап коюңуздар! – деп сүйлөдү. Чыңгыз агай өзүнүн “Эрте келген турналар” повестиндеги “Аксай десантынын” (Султанмураттын кошуунунун) алдында туруп сүйлөгөн башкарма өңдүү, дал ушинтип сүйлөдү.

Чыңгыз Төрөкуловичтин илбериңки маданияттуулугун караңыз, көрсө ичимдик ичпейт тура! Колундагы чөйчөктү илебине тийгизди да, аны кайра эрдинен тартып алды. Чыкенин маданияттуулугун баамдаган калган жетекчилер да ыйбаа кылып, чөйчөктөрүн ооздоруна тийгизген болушту да, адеп сактап, шарап ичишкен жок. Чыңгыз агай Рахматуллага кол жаңсап:

- Кел, балам, мындай олтур! Биз менен насиптеш болуп, даам сыз, - дегенде ага да меймандардын катарына орундук коюшту.

Жаш төкмө Социалисттик Эмгектин Баатыры Жоро Шералиев аяш атасынын жанынан орун алып, нандан ооз тийди. Чыңгыз Төрөкулович Рахматуллага карап :

- Балам, мен устуканымды берейин. Өнөрүң өргө чаап, талантың ташкындап, элдик акын аталып, эл аралап жүр, балам! - деп устуканын сунду. Чыкени обкомдун катчысы Барпы Рыспаев да коштоп:

- Мына, уулум, менин да устуканымды ала кой, - дегенде башкалар да өз тиешелерин үстөкө-босток кошкондо алдына дүйүм жилик үйүлгөн жаш акынды тер басты. "Ошондо мен ыңгайсыздана түштүм”, – деп, ал окуяны эстеген Козукеев коноктордон минтип үзүр сурап, аңгемесин төмөнкүдөй баяндаганга өттү:

- "Агайлар!.. Мага уруксат бериңиздер! Мен сыртка чыгып, жамаатым менен бирге болоюн. Дагы ырдай турган башка өнөрпоздор да бар, аларга кезек таштайын", – деп, сыртка чыгууга ашыктым.

Чыңгыз Төрөкулович: “Балабызга берген ак батабызды Алла-Таала колдосун!”-деп, бетине бата тартты.

Түлөгөн түлкү тебетей

Мен жетекчилеримдин эскертүүсү боюнча тебетейимдин жыртыгын көрсөтпөй, колумду көкүрөккө тийгизип, ийилген бойдон артка кетенчиктеп, жылып чыгып кеттим. Андан соң өнөрпоздор меймандардын алдына бирден кирип, мезгил-мезгили менен ырдап турушту. Сый тамак аяктаган соң, коноктор жапырт бата кылып, эшикке чыгышты. Өнөрпоздор залкар жазуучубуздун бирден китептерин кармап, Чыңгыз Төрөкуловичтен кол тамга алганы кезекке тура калдык. Бардыгыбыздын аты-жөнүбүздү эрикпей сурап, китепке жазып, артынан “Ч.Айт...” – деп кол коюп берди. Кезек мага да жетти.

- Аа, балам, келе колуңду! - деп, колумдагы китепти алып:- “Жаш төкмө Рахматулла балама!” деп кол койду.

Рахматулла Козукеев.
Рахматулла Козукеев.

Кол тамга коюп жатканда совхоздун деректири Мешков Николай Иосифович баркылдап үн катты (совхоздун бу орус деректири кыргызча акценти жок таза сүйлөп, кыргыздын түшүн жоруган адам эле, ыраматылык):

- Чыңгыз Төрөкулович, биздин жаш төкмө көңүлүңүзгө жактыбы? Келечекте акын боло тургандайбы? Сиз да жакшы бата бердиңиз. Буюрса, биз да жакшылап көз салып, өстүрөбүз, – дегенде анын жанында турган Барпы Рыспаев ага тийише сүйлөгөнү эсимде турат:

- Ай, Николай Иосифович, акынды мындай таптабайт, минтип өстүрбөйт. Мунун колунда дубдан чабылган комуз жүрөт. Төкмө акындын комузу өрүктөн чабылып, үстүнө манаттан чепкен жабылып, белине күмүштөн кур тагынышы керек. Башына суусар тебетей кийиши салтка ылайык. А сен Түркмөнстандын чабанындай кылып, буга түлөгөн тебетей кийгизип коюпсуң, - дегенде баары кыраан каткы түшүп, каткырып күлүп калышты.

Мен канчалык жашырганым менен кыраакы киши башыма түлөгөн тебетей кийип чыкканымды байкап калган тура! – деп эскерди Чыңгыз Айтматов менен болгон кездешүүсүн Эл аралык “Руханият” жана төкмө акындардын “Алтын комуз” сыйлыктарынын ээси Рахматулла Козукеев. Улуу жазуучунун ак батасы тийгенби, былтыр ага Кыргыз Республикасынын Эл акыны деген ардактуу наам ыйгарылган.

Кызыл-Жар кыштагын катуу үйөр каптаганда да ал өрөөндүн жашоочуларынан Чыңгыз Айтматов кабар алганы барган. Көрүшкөн жерде: - “ Аа Рахматулла балам, кандайсың?”- деп атымдан чакырып, учурашчу - деп эскерди ал.

Ырысбай Абдраимов.
Ырысбай Абдраимов.

Жазып алган Ырысбай Абдраимов, журналист, Жалал-Абад шаары

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG