Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:30

АКШ мыйзамсыз барган өзбек мигранттарын өткөрбөйт


Мексика-АКШ чек арасы.
Мексика-АКШ чек арасы.

Кошмо Штаттардын Өзбекстандагы элчилиги Мексика-АКШ чек арасынан мыйзамсыз өткөн өзбекстандыктар эми иммиграциялык иши каралып бүткүчө кармалып турарын билдирди. Аларга АКШга кирүүгө тыюу салынат.

Элчилик мыйзамсыз жүргөн өзбекстандык жарандарды өлкөдөн чыгаруу маселесин чечүүдө Ташкент менен кызматташууда.

"АКШга мыйзамсыз өтүү кооптуу жана кымбат"

АКШнын Өзбекстандагы элчилигинин билдиришинче, Вашингтон өлкөдө калууга мыйзамдуу негизи жок өзбек жарандарын өлкөдөн чыгаруу боюнча расмий Ташкент менен тыгыз кызматташууда.

"Департациялоо авиакомпаниялар, АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматы менен макулдашылган чартердик каттамдар аркылуу жүрүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик ошондой эле өзбекстандыктарга Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз өтүү кооптуу жана кымбат экенин эскертти.

Эки кичинекей баланы көтөрүп жүргөн мигрант. Сан-Диего. 11-май, 2023-жыл.
Эки кичинекей баланы көтөрүп жүргөн мигрант. Сан-Диего. 11-май, 2023-жыл.

АКШнын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн жарандарга кеминде беш жылга кайра кирүүгө тыюу салынат. Мыйзамсыз миграцияга жардам берген үй-бүлө мүчөлөрү да виза алуу укугунан биротоло ажыратылышы мүмкүн.

Мексика-АКШ чек арасындагы мындай чектөөлөр өзбекстандыктар арасында чоң талкуу жаратты. Социалдык тармактын колдонуучулары мындай кадам өзбек жарандарына гана жасалып жатканын, алар Өзбекстандан жакшы жашаганы үчүн кетпегенин, бул жол өтө кымбат экенин жазышууда. АКШга агылган өзбектердин саны эми кескин азаярын айткандар да жок эмес.

АКШда 120 өзбекстандык мигранттын 15и издөөдө

18-октябрда "Озодлик" радиосу АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Еврошаркеттен Америкага бет алган тажик жана өзбек жүргүнчүлөргө транзит визасын киргизүүнү өтүнгөнүн маалымдаган.

Вашингтон ошол өлкөлөрдүн жарандары үчүн виза режимин катаалдаштыруу менен ыктымал террорчулардын агымын токтотууну көздөрүн билдирген. Анын алдында өзбекстандык бир нече киши АКШга Мексика чек арасынан "Ислам мамлекети" террордук уюму менен байланышы бар аткезчинин жардамы менен өткөнү аныкталган.

Борбор Азиялык мигранттардын көбү Евробиримдик аркылуу Латын Америкасына өтүп, андан соң Мексика чек арасынан АКШга кирүүгө аракет кылып атканы утур-уту айтылып келет.

Быйыл aвгуст айынын этегинде журналисттер Өзбекстандан АКШга адамдарды мыйзамсыз жөнөтүп турган түйүндүн бети ачылганын жазышкан.

Америкалык расмий булактардын маалыматында, ал түйүндүн кеминде бир мүчөсү чет элдик террордук уюм менен байланышта болгон. Алар аркылуу Кошмо Штаттарга кирген 120 өзбекстандык мигранттын 15ине Федералдык иликтөө бюросу издөө салган.

Ал эми соңку эки жылда АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылгандардын арасында Өзбекстандын жарандары үчүнчү орунда турат. Мындай статистиканы АКШнын Чек ара кызматынын документтерине таянуу менен Fоx News телеканалы 10-октябрда жарыялаган.

Андагы маалыматка караганда биринчи орунда Түркиянын жарандары турат. Эки жылда 30 830 түркиялык чек арадан өтүү аракетин көргөн. Экинчи орунду Мавритания ээлеген. Ал эми Өзбекстан 13 624 жараны менен үчүнчү орунда турат. Тизмеде андан кийин Египет менен Пакистан жайгашкан.

Мексика-АКШ чек арасы.
Мексика-АКШ чек арасы.

Бирок алардын канчасы АКШнын аймагына киргени же депортация болгону тууралуу маалымат жок.

Белгилей кетсек тизме чек араны кесип өтүүгө аракет кылган "өзгөчө кызыкчылыгы бар миңдеген чет өлкөлүктөрдүн" негизинде түзүлгөн.

"Өзгөчө кызыкчылыгы бар чет өлкөлүктөр" - АКШ өкмөтүнүн пикиринде террорчулукту коргоп, колдоого шарт түзүп берген мамлекеттерден келгендер жана Американын улуттук коопсуздугуна кандайдыр бир коркунуч келтириши мүмкүн делгендер.

АКШга агылган борбор азиялыктар

АКШнын кургакта эки кошунасы бар: Мексика жана Канада. Борбор азиялыктар, жалпысынан постсоветтик өлкөлөрдүн жарандары АКШга визасыз кирүү үчүн Мексиканы тандашат.

Кыргызстандан дагы АКШга Түштүк Америкадагы Мексика, Боливия, Эквадор сыяктуу мамлекеттери аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылгандар көп.

Буга чейин август айында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз жарандары үчүн Эквадор мамлекети визалык режим киргизгенин кабарлаган.

Ар кандай маалыматтарга караганда, Тихуанадагы АКШ менен Мексиканын ортосундагы өткөрмө бекеттин жанында кезек күткөн жүздөгөн кыргыздар да бар. Алардын арасында Орусиянын жарандыгын алгандар арбын.

Өзбекстандын укук коргоо органдары мекендештерин Мексика аркылуу АКШга жөнөтүүнү убада кылып, акча кымырган кишилер кармалганын байма-май билдирип келет. Бирок алдамчылардын торуна түшкөн өзбекстандыктардын саны азая элек.

Октябрда президент Байдендин администрациясы Мексика аркылуу агылган мыйзамсыз миграцияны азайтуу максатында түштүк Техаста 30 чакырымды түзгөн дубалды курууга макул болду. Байден шайлоо өнөктүгү маалында чек арага чеп курбоо тууралуу убада берген жана президенттик кызматка киришкенден баштап ага чейинки президент Дональд Трамп баштаган тосмонун курулушун токтотуп койгон.

Жо Байден 2021-жылы кызматка киришкенден бери рекорддук сандагы иммигранттар АКШ-Мексика чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү тууралуу маалыматтар бар, алардын көбү алыскы өлкөлөрдүн жарандары.

Республикачылар Байден экс-президент Дональд Трамптын катаал саясатын жеңилдетип, мыйзамсыз иммиграцияга жол ачканын белгилешет. Байдендин администрациясы муну президент көбүрөөк гумандуу саясат жүргүзүп жатканы менен негиздешет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG