Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Казакстанда кыргыз мигранттары жолдо калды


Казакстандын Актөбө облусунда жүргүнчү ташып бараткан автобус. 24-январь, 2018-жыл. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Казакстандын Актөбө облусунда жүргүнчү ташып бараткан автобус. 24-январь, 2018-жыл. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Өткөн жумада ишембиде Махабат Кожобергенова Москвага Бишкектен маршрутка менен чыккан. Ал Казакстандын аймагында кыргызстандык унаа "жүргүнчү ташууга уруксаты жок" деген негизде кармалып, өзү менен кошо келаткан 17 кыргызстандык мигрант чоң жолдо калганын айтты.

Машинаны токтотуп, анын ичинде 17 адамды чыгарып салышты. Алардын айрымдары карызга кетип баратышкан. Москвадан туугандары тосуп алып, жол киресин төлөмөк.

- Ишембиде кечинде Бишкектен чыкканбыз. Кордайдан Казакстандын чек арасына кирип, андан кийинки эки көзөмөлдөн жакшы эле өткөнбүз. Эки күн жол жүрүп, Орусиянын чек арасына жетип калганда Казакстандын Жол-транспорт полициясы токтотту. Баарыбызды сүрөткө, видеого тартып, документтерди текшерип, айдоочуда Кыргызстандын Транспорт министрлигинен берилчү бир документ жок экенин айтып чыгышты. Машинаны токтотуп, анын ичинде 17 адамды чыгарып салышты. Алардын айрымдары карызга кетип баратышкан. Москвадан туугандары тосуп алып, жол киресин төлөмөк. Жанында акчасы жоктор бар.

Москвага мигранттарды ташыган маршрутка Казакстандагы Кызыл-Ордо, Арал постторунан өткөндөн кийин Актөбө облусунда токтотулган. Айдоочусу Авазбек Ырыскулов ага 500 миң теңге айыппул салылганын айтат.

- Көптөн бери каттайм. Буга чейин мынтип кыйнаган эмес эле. Биринчиси - "унаага жүргүнчү ташыганга «дозвол» деген документ керек" дейт. Мен муну өзүм деле түшүнбөйт экенмин. Экинчиси - жүргүнчүлөрдүн тизмеси керек экен. Бишкектеги кеңседе аттары кол менен жазылып, мөөр басып берген документти жаратышпады. Бир эле мен эмес, менин алдымдагы балдарга да 500 миң​ тең​геден айыппул салышты.

Айдоочу Авазбек жеке ишкер катары өкмөткө салык төлөөрүн, бирок жүргүнчү ташууга атайын уруксат алынбаганын моюнга алат.

- Жүргүнчү ташууга уруксат алган эмеспиз. Жеке айдоочу катары эле каттайбыз. "Спринтерлерде" мен эле эмес, баары ошондой. "Жеке ишкер" деген патентим бар, айына 3 миң​ сомдон салык төлөйм. Унаага документтер бар, медициналык кагаздар бар.

Актөбөдө 18-январда өрттөнүп кеткен автобустун калдыгы. Архивдик сүрөт.
Актөбөдө 18-январда өрттөнүп кеткен автобустун калдыгы. Архивдик сүрөт.

Казакстанда Орусияга мигранттарды ташыган унааларды текшерүү январда Актөбөдө 52 өзбекстандык жаран автобустагы өрттөн каза болгондон кийин күчөгөн.

Ал эми Батыш автобекетинин директорунун орун басары Алмазбек Байсопуев алыскы жолдорго жеке айдоочулар менен чыккандар өз коопсуздугун ойлобой жатканын айтат.

- Кичи автобустар шаарыбыздын жерлеринде туруп алып, адамдарды алып кетип жатышат. Алардын эс алуу жана иштөө режимине көзөмөл кылган эч ким жок. Аларга түшкөндөр айдоочунун колуна өз тагдырын карматып жатышат. Булар тапшырык менен иштеп, бирок «туугандарбыз», «үй-бүлөбүз» деп жекече каттам катары чек арадан өтүп жатышат.

Алмазбек Байсопуев эл аралык каттамдарга чыккан автобустар техникалык текшерүүдөн өтөөрүн жана атайын көзөмөл коюларын белгилейт.

Алмазбек Байсопуев.
Алмазбек Байсопуев.

- Бизде мыйзамдуу иштеген автобустар техникалык көзөмөлдөн өтүшөт. Анан жолго чыгаарда да текшерүүчү механик карайт. Андан тышкары Орусиянын Транспорт министрлигинен уруксат кагазы алынат, Казакстандын аймагынан өтүү боюнча да алардын министрлигинен уруксат алынат. Маршруттардын убактысы, каттамдардын иш тартиби бекитилет, техникалык көзөмөл коюлат. Андан тышкары, биздин министрликтин алдында унаалар боюнча агенттик бар. Жүргүнчү ташууга андан да уруксат алыш керек. Бул уруксат үчүн автобустун абалы, айдоочунун тажрыйбасы каралып, анан маршрут бекитилип берилет. Анан кырсыкка жоопкерчилик менен камсыздандыруу маселеси да келишимде каралган.

Аба жана темир жол каттамдарына караганда жеңил автоунаа менен маршруткалардын жол киреси кыйла арзан болгондуктан, Орусияга ишке бараткан мигранттар көп учурда тобокелге салышат.

Элчиликтин маалыматы боюнча былтыр Москва шаарынан жана Москва облусунан Кыргызстанга 191 мигранттын сөөгү жөнөтүлсө, алардын 30 пайызы жол кырсыгында каза тапкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG