Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

"Кеч жардамга" айланган Тез жардам


Бишкекте мас милиция кызматкери машинеси менен сүзүп керектен чыгарган, баасы 120 миң евро турган Тез жардам унаасы.
Бишкекте мас милиция кызматкери машинеси менен сүзүп керектен чыгарган, баасы 120 миң евро турган Тез жардам унаасы.
Бишкекке келгениме 5 жылдын жүзү болсо да 103 номурун бир да жолу терип көрбөптүрмүн (Түф, түф андан кудай сактасын). Тез жардам кызматы тууралуу элден жылуу сөз укпагандыктанбы, айтор аларга эч эле ичим чыкчу эмес.

Мен жалгыз эмес экенмин. Фейсбуктагы досторумдун 90 пайызга жакыны тез жардам 2 саат дегенде араң келээрин, көрсөткөн кызматы үчүн акча алаарын жазышты. Кыскасы ыраазы болгондор саналуу.

Өгүнү тез жардамчылардын аттын башындай болгон армандарын жеринде угуп алып, фейсбукка жазган сын-пикиримди өчүрүп салгым келди...

Көрсө...

Тез жардам станциясынын башкы дарыгери Гүлнара Ташибекованын айтымында, мындай экен:

90-жылдары Бишкектин 500 миңге жакын калкын Тез жардам кызматынын 52 унаасы тейлесе, азыр 1,5 миллионго жакын калкка болгону 35 гана тез жардам машинеси кызмат кылат. (36 болгон, анын бирөөсүн болгондо да немистер берген 120 миң евро турган унааны Октябрь РИИБинин кызматкери мас абалында машинеси менен сүзүп салып, керектен чыккан. Эмдигиче күнөөлүүлөр жазасын ала элек. Бирок Атамбаев баш калгандары төш болуп милийса талкалаган машинени ордуна коюу менен алек). Анан каяктагы тез жардам? 35 унаанын ону эле жаңы болбосо калганынын эчак эле шайы ооп, эшиги жабылбай калган. Анысы аз келгенсип тез жардам унаалары шаар борборунан 7 чакырым алыстыктагы Шабдан баатыр көчөсүндөгү автопаркка барып токтойт, ошол жерден май куюшат экен. Бул тез жардамдын кеч жардамга айланганынын биринчи жана негизги себеби.

7 миң сом айлык, 24 саат иш...

Негизи Кыргызстанда бир эле акысыз кызмат бар болушу керек. Ал тез жардам. Бирок аталган кызматтын дарыгерлери айлык акынын аздыгынан бул кызматты акылуу кызматка айлантып жибергенин жашырып болбойт. (Жакын тууганыңызды өлүмдөн алып калган адам жалооруп маңдайыңызда турса, көздөрүн жылтыратып кантип куру кол кетирмек элек? Анүстүнө кыргыздар куру аякка бата бербейт эмеспи). Дегеним тез жардам станциясында иштеген дарыгерлердин орточо маянасы 7 миң сомду түзөт. Бир үй-бүлөгө күнүнө 230 сом оокат болобу?

Жок дегенде дарегиңерди билип алгылачы (!)

Жылына 365 күн, суткасына 24 саат тынымсыз иштеген Тез жардам кызматына өлгөнү жаткандын баары чалат (Кудум Өзүбековдун ырындагыдай, "мен өрттөнүп барам, мен күйүп барам..."). Арасында масы да, соосу да, башкасы да бар.

Көрсө, тез жардамдагы телефондук сүйлөшүүлөрдүн баары тасмага жазылат экен (Муну жетишкендик катары баалап койсом ашыкча болбос). Чалууларды талдоо үчүн атайын эки күндүк сүйлөшүүлөрдү эринбей бирден угуп чыктым. Кызыктын баары ошол жакта экен. Суткасына 550-600 чакыруу болсо, анын 5 пайызга жакынын жалган чалуулар түзөт тура. Арасында ойноп чалгандар, дарыгерлерге түнкү 3тө арзуусун билдиргендер да жок эмес. Орчундуусу тил маселесинде. Байкашымча диспетчерлер кыргыз жана орус тилдеринде жооп берип жатышты. Бирок бейтаптар орусча учурашып алышат да, бираз сүйлөшкөндөн кийин эле орусча "бирдиктери" түгөнүп, дартын түшүндүрө албай убара болушат. Мисалы, Керамика 75 деген даректен бир аял чалып, 75 дегендин орусчасын билбейби, айтор “Керамический семнадцать” деп салды ойдо жок жерден.

Диспетчер кыргызча түшүнбөгөн орус эже экен, бригаданы Керамика 75ке эмес, Керамика 17ге жөнөттү. Эми бир чакырууга орточо бир саат, туура эмес дарекке андан да көп убакыт кетет. Ушул учурда тез жардамды ондогон бейтап ай караган текедей күтүп турган болот. (Мен тез жардамда отурганда 4 саатка чейин күткөндөр да болду). Дагы бир кыз жардам сурап чалды эле орус диспетчер алаары менен “и-ий, орус экен да” деп трубканы ыргытып жиберди. Жаңы конуштардан чалгандардын көбү өзү жашап жаткан даректерин билбегени угулуп жатты. Баары тең эле айылда жүргөнсүп “жалгыз бактын жанында”, “кызыл дарбаза”, "көк чатыр” деп үйлөрүн сүрөттөшөт. Жолдорунда жарык жок, түнкүсүн кычыктагы үйлөрдү ит менен да издеп таппайсың. Айланайын туугандар, жок дегенде жашап аткан үйүңөрдүн дарегин акиташ менен болсо да жазып койгулачы, сураныч. Өзүңөргө керек болбосо да, Тез жардам үчүн керек экен бул нерсе. Бул Тез жардам күтүүнүн экинчи себеби десек болгудай.

Тез жардам кызматкерди тандабайт

Үчүнчү маселе - медкызматкерлер. Башкы дарыгердин айтымында, учурда тез жардамга 120 кызматкер жетишпейт (7 миң сом айлыкка азыркы жаштар байласа да иштебесе керек). Айлык аз болгондуктан Кудайдан жөө качкандын баары ушул жакка келет экен. Келген эле киши ишке дароо алынат. Тандоо деген жок (келбей атса кимди тандашмак эле?).

Кыскасы Тез жардамда мурда бир ооруканадан айдалып кеткен же жини чукул дарыгер болсо таң калбай эле коюңуз. Тез жардамда өңчөй 40 жаштан 75 жашка чейинкилер иштейт. Жаштар дээрлик жокко эсе. Жашы улгайып калган адамдан тездикти талап кылыш шариятка деле туура келбейт (Айрыкча, лифт иштебей калса, 9-кабатка жөө көтөрүлгөн учурда). Тез жардамда иштегендердин 60 пайызы башка жумуштарда да иштешет. 24 саат иштеп туруп башка жумушка кеткен адамды же башка оор жумуштан келип, 24 саат кирпик какпаган адамдан кайдагы сапаттуу тейлөө? (Тез жардамчылар робот болсо да эмне болуптур?).

120 депутат болгуча, 120 дарыгер болсочу...

Дагы бир орчун маселе. Азыр Тез жардам машинесин көрүп турса да айдоочулар жол бошотпойт. Тез жардамга жол бермек тургай жөөлөп өтүшүп, “каякка баратат?” деп шоопурду сабап салган учурлар да жок эмес. Тыгын болгон учурду айтпай эле коёлу.

Ушундан улам мындай ой келди, 120 депутаттын 20сын кыскартып, ошолорго кеткен каражатты тез жардамга бөлсөк кантет? Жылына бир депутатка 6 миллион сом кетет. Ошондо 20 депутатка кетчү 120 миллион сомду жыл сайын тез жардамга бөлсөк, менимче көп киши ажалдан калмак. Болбосо тиги дүйнөгө "аттангандардын" көбү тез жардамды көрбөй калып жатышпайбы. Же эмне депутаттын саны 120 болбосо мыйзам чыкпай калабы? Кичинекей эле баланын суроосун бергим келет: “Эмнеге 120 депутат?” (Адам өмүрүн сактап жаткансып кымбат баалуу кызматтык унаа минишип, керек болсо милийсанын коштоосунда жүрүшөт).

Тез жардамга ким жардам берет?

Тез жардамчылар ушунун баары аз келип жаткансып бейтаптардан да таяк жешет. Анткени алар мастарга, баңгилерге деги койчу баары үчүн жардамга чуркашат. 7-апрелде деле ошолор жүрбөдү беле аянтта. Кыргыздар "эттин жакшысы да, жаманы да боор" деп коюшат. Анын сыңары дарыгердин жакшысы да, жаманы да тез жардамчылар. Алардын коопсуздугун ойлогон жан жок. Маселен, милийсанын погонун жулсаң жоопко тартыласың, а дарыгердин башына чака кийгизип, керек болсо атып салсаң да жооп бербейсиң. Анткени мындай мыйзамда каралган эмес.

Келгиле, өздөрү тез жардамга муктаж болуп турган Тез жардамга жардам берели. Жок эле дегенде алдында унаасы барлар 103кө чалгандын ордуна өзүңөр эле алып жөнөгүлөчү жакынкы ооруканага...

Мен муну менен тез жардамчыларды актагым келбейт. Болгону алардын оор абалы менен баарыңарды маалымдар кылгым келди. Анткени көпчүлүк 103кө чалгандан кийин тез жардам 15 мүнөткө жетпей келет деп ойлойт экен. Сиз ойлогон убакытта келиш үчүн аларга дагы 25 унаа алып берип, айлыгын жок дегенде 20 миң сом кылыш керек го туугандар, кандай дейсиңер?
XS
SM
MD
LG