Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-май, 2020 жума, Бишкек убактысы 06:59

Ташкент Анжиян окуясына саясий баа бергенге батынабы? 


Анжиян окуясында каза тапкандарды акыркы сапарга узатуу. Өзбекстан. 14-май, 2005-жыл.

Анжиян шаарындагы кандуу окуяга 15 жыл толду. Өзбек бийлиги билдиргендей, ал каргашада 187 адам каза болгон. Айрым байкоолорго караганда, миңден ашуун адам өлгөн.

"Анжиян кыргыны" деп таанылып калган окуяны ар тараптан көз карандысыз иликтөө тууралуу эл аралык коомчулук көтөргөн демилгелерге расмий Ташкент макул болгон эмес.

Мурдагы президент Каримов көз жуумп, анын ордуна Шавкат Мирзиёев мамлекет башына келди. Бирок Анжиян окуясына жок дегенде саясий баа бергенге азыркы бийлик батындыбы?

15 жыл мурда 13-майда таң эрте Анжиян шаары тарсылдаган октордун кулак тундурган үнүнөн кыйсыпыр түшкөн. Шаардын Бабур аянты бир заматта канга боёлгон.

Андан бир күн шаар тургундарынын нааразылык акциясы башталган. Таң эрте шаарга куралчан кирип келгендердин арасында түрмөдөн качып чыккан адамдар да болгон. Алардын огунан бийликтин бир нече адамы каза таап, дагы бир нечеси барымтага алынган эле.

Ошол күнү митингчилер, куралдуу топтун мүчөлөрү жана аскерлер кагылышкан. Күбөлөр жай тургундарга каршы окту өкмөттүк күчтөр атканын айтса, өзбек өкмөтү ушул күнгө чейин тынчтык акциясына чыккандарды куралдуу жоочулар өлтүргөнүнө ишендиргенге аракет кылып келет.

Расмий Ташкенттин билдирүүсүнө караганда ал күнү 187 адам каза болгон. Арасында аскерлер жана козголоңчулар болгон деп маалымдалган. 60 чакты жай тургундун өлүмү үчүн да жоопкерчилик козголоңчулардын моюнуна илинген. Ал эми күбөлөр набыт болгондор арасында жайкын тургундардын саны алда канча көп болгонун айтышкан. Бирок ушул күнгө чейин каза болгондордун саны расмий маалыматтагы санга караганда алда канча көп экени айтылып келет. 13-майды өзбек бийлиги эскербейт.

Тек гана айрым маалымат каражаттары жыл сайын 13-майда Анжиян окуясын эске салып, анын чоо-жайын караган ачык соттук жараяны болбогонун, окуя али күнгө чейин ачык иликтенбегенин, ага саясий баа берилбегенин эске салып келишет. Качкындар жана жакынынан айрылгандардын пикирлерин жарыялап турушат.

Митингге чыккандар өлтүрүлө баштаганда жүздөгөн киши Кыргызстанга качып өтүп, кыргыз өкмөтүнүн жана эл аралык уюмдардын көмөгү менен Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын аймагында баш калкалаган. БУУнун Качкындар комитетинин көмөгү менен 500дөй өзбекстандык Кыргызстандан Румынияга чыгарылган. Алар андан ары Швеция, АКШ, Канада сыяктуу мамлекеттерден башпаанек алышкан. Качкындар арасында Өзбекстанды эл аралык сотко берүү демилгеси көтөрүлгөн менен 15 жылдан бери ал каалоо ишке ашкан эмес.

Анжиян окуялары тууралуу даректүү фильмдин автору Шахида Якуб жарандар өз мамлекети менен соттошууну каалаган жок дейт.

"Кандай болгон күндө да бул окуя Өзбекстандын жаңы тарыхы. Биз өзбектер чындыгында эмне болгонун жок дегенде өзүбүз үчүн билишибиз керек. Бул жаңы тарыхтагы эң трагедиялуу окуялардын бири. Ошондуктан бул окуя тууралуу күбөлөр да, башкалар да ачык сүйлөшү керек. Эгер алар бул маселе эл аралык сотто каралышын каалабаса, ал өздөрүнүн укугу. Алар жөн гана күбө эмес жабырлануучу да. Кандуу окуя эл аралык сотто каралышын ошол жабырлануучулар өздөрү каалабаса, аларды мажбурлоонун кереги жок. Бирок ал окуя тууралуу алар айтпаса ким айтат? Мен окуя эл аралык сотко жеткенге чейин өзбек бийлиги батынып, ачык сот өткөрүп, баарын ачыкка чыгарышын каалайм".

Анжиян окуялары тууралуу 15 жыл унчукпай келген бийлик жакында ал окуя тууралуу алгачкы жолу ооз ачты. Мындан үч ай мурда Өзбекстандын башкы прокурорунун орун басары Светлана Артыкова "Qalampir" кабар агенттигине маек берип жатып, 2005-жылдын 13-майында күнөөсүз адамдар өлтүрүлгөнүн айтканы күтүүсүз болгон.

"Байланыш начар болчу. Ошол маалда офицер же буйруктарды укпай калган, же туура эмес түшүнгөн. Тиешелүү даярдык болгон эмес... Биз ката кетиргенбиз”.

Артыкова эч кимдин аты-жөнүн атаган эмес, бирок кан төгүүгө жоопкер бир катар аскерлер темир тор артына жөнөтүлгөнүн кошумчалаган.

Алып баруучунун «бул маалымат менен эмнеге азыр бөлүшүп жатасыз?», - деген суроосуна баш прокурордун орун басары мурдагы президент Ислам Каримовдун көзү өтүп, бийликке Мирзиёев келген соңку үч жылдын ичинде көп нерсе өзгөргөнүн айтып, жооп кайтарган.

“Ал кезде Өзбекстан жабык эле. Азыр бул жаңы Өзбекстан. Азыр саясаттын жаңы стили бар, жаңы саясий эрк бар”, - деген ал. Артыкова Анжиян окуялары тууралуу башка сөз кылган эмес. Ошентсе да байкоочулар бийлик өкүлүнүн аз да болсо бул тема тууралуу ооз ачышын маанилүү окуя катары баалашкан. Анжиян окуясы чыккан маалда Артыкова Башкы прокуратуранын маалымат катчысы болгон. Калабага байланыштуу бийликтин билдирүүсүн элге окуп турган.

Ошол кезде өлкөнү башкарып турган Ислам Каримов 2016-жылы көз жумганы менен Анжиян окуясына катыштыгы бар бийликтин айрым өкүлдөрү азыр деле бар.

2005-жылы Ички иштер министрлигин жетектеп турган Закир Алматов 2018-жылы ички иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Ошол кезде Мамлекеттик коопсуздук кызматын башкарып турган Рустам Иноятов азыр сенатта депутат болуп отурат. Ошол кезде өкмөт башчы болу турган Шавкат Мирзиёев 2017-жылы президент болуп шайланды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG