Каракол шаарындагы эскерүү
7-апрель элдик революция күнүн эскерүү митинги бүгүн Каракол шаарында да өтүүдө. Иш-чара А.Пушкин атындагы сейил бакта башталды. Эскерүү митингине облус жетекчилиги, апрель окуясында каза болгондордун жакындары, жараат алгандар катышты. "Айкөл Ала тоо" коомдук бирикмесинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Максат Чегирткеев ыңкылап өз максатына жетпегенин, маркумдардын үмүтү акталбаганын билдирди.