Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Пригожиндин шектүү өлүмү: Путинге сын


Евгений Пригожин жана Дмитрий Уткиндин элесин эскерүү үчүн коюлган сүрөттөр. Новосибирск шаары.
Евгений Пригожин жана Дмитрий Уткиндин элесин эскерүү үчүн коюлган сүрөттөр. Новосибирск шаары.

Орусиядагы "Вагнер" жеке аскер компаниясынын командирлери Евгений Пригожиндин өлүмүн тастыктаганы менен бул окуяга байланыштуу пикирлер бир кылка эмес. Кулаган учакта Пригожин бар экенинен күмөн санагандар да болууда. Бул арада Орусияда аны жоктогондор шам жагып, эскерип жатышат.

Москванын Украинадагы согушуна жалданма жоочуларды тарткан Пригожиндин эки ай мурдагы Кремлге каршы козголоңун эске алганда, ал атайылап эле жок кылынган болушу мүмкүн деген версиялар да бар.

Учак кыйраган жерде издөө иштери бейшембиде аяктап, он кишинин сөөгү табылды.

23-августта Евгений Пригожин баратканы айтылган учак Тверь облусунда кулаган. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында борттогу он адамдын бири дагы тирүү калган эмес. Бул окуя ар түрдүү талкууланып, айрымдар аны абадан коргонуу системасы атып түшүргөнүн айтса, дагы бир версияда бортто жарылуу болгону кабарланууда.

Куткаруучулар учак кыйраганда мүрт кеткендердин сөөгүн алып баратат.
Куткаруучулар учак кыйраганда мүрт кеткендердин сөөгүн алып баратат.

Окуяга күбө болгон 72 жаштагы Виталий Степенок буларды айтып берди:

"Мен жарылуунун тарс эткен үнүн уктум. Жарылуу болгондо анын добушу катуу чыгат эмеспи. Мында жөн гана тарсылдаган үн угулду. Асманды карасам эле ак түтүн жайылып баратат. Учактын бир канаты башка жакка, дагы бир бөлүгү башка жакка кулады. Баары күйүп кетти. Адамдар ары-бери басып жүрүштү. Бир адамдын сөөгүн жалындын ичинен сүйрөп чыгышты".

Росавиация жүргүнчүлөрдүн арасында Пригожин болгонун ырастады. Бортто "Вагнердин" командирлеринин бири Дмитрий Уткин, "Ровер" деген каймана ат менен таанымал Валерий Чекалов да болгону маалымдалууда. Ал дагы "Вагнердин" түзүмдөрүнүн бирин башкарган.

Учак кулаган жерден жарыяланган сүрөттөрдө борттун боорундагы RA-02795 деген жазууну көрүүгө болот. Бул "Вагнердин" башчысына таандык бизнес-жеттин номери. Пригожин бул учак менен "Вагнердин" июндагы козголоңунан кийин Беларуска учуп барган.

Кыйраган учактын сыныгы
Кыйраган учактын сыныгы

Пригожиндин эки ай мурдагы козголоңун эске алганда, орус бийлиги атайылап анын көзүн тазалаган болушу ыктымал деген пикирлер да айтылууда.

"Досье" басылмасынын журналисти Илья Рождественский Пригожин өлдү деген маалыматка күмөн санай турганын "Настоящее Время" каналына билдирди:

"Мен Евгений Пригожинди "көмүүгө" шашпай турам. Ал троллингге, көз боёмочулукка жакын адам экенин билебиз. Жасалма документтерди колдонуп, тек-жайын жашырганы, башка ысым-фамилиялар менен таризделген документтери бар экени тууралуу жакында эле маалымат чыккан. Мен кыйраган учактагы жүргүнчүлөр арасында Евгений Пригожиндин аты-жөнү жөн эле жазылган болушу ыктымалдыгын четке какпайм. Балким, анын документтери менен ордуна башка бирөө учуп бараткандыр? Учактын кулашы Орусиянын атайын кызматтары менен макулдашылган операция болушу мүмкүн деп шек санап турам".

Ошол эле маалда Al Jazeera телеканалынын "Вагнер" компаниясындагы булагы Пригожиндин телефону сөөктөрдүн биринин жанынан табылганын айткан.

Пригожинди эскерүү акциясына келген "вагнерчи". Санкт-Петербург шаары, 24-август.
Пригожинди эскерүү акциясына келген "вагнерчи". Санкт-Петербург шаары, 24-август.

Киевдин Евгений Пригожиндин учагынын кулашына тиешеси жок экенин украин президенти Владимир Зеленский 24-августта билдирди.

"Биздин буга эч тиешебиз жок. Кимдин тиешеси бар экенин баары түшүнүп турат", - деди ал журналисттердин суроолоруна жооп берген маалда.

Орусиянын президенти Владимир Путин өздөрүн “ДНР” деп атап алган Украинага караштуу аймактын Москва дайындаган губернатору Денис Пушилин менен жолугушууда Твердеги авиакырсыкта каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бирок ал "Вагнер" жетекчилери каза болгону тууралуу түкшүмөл сүйлөдү.

“Баштапкы маалыматтарга караганда учакта “Вагнер” компаниясынын кызматкерлери болгон окшойт. Эгер ошондой болсо, белгилеп кетерим, бул адамдар биздин Украинадагы неонацисттердин режимине каршы жалпы күрөшүбүзгө сезилерлик салым кошкон. Биз муну унутпайбыз, билебиз жана эстейбиз”,- деген Путин Пригожинди 90-жылдардан бери тааный турганын жана “таланттуу ишкер” болгонун кошумчалады.

АКШ президенти Жо Байден Калифорнияда жүргөн жеринде журналисттердин Пригожиндин өлүмү тууралуу суроосуна жооп берип, эгер ал каза тапса, бул кабарга таң калбай турганын белгиледи.

"Орусияда Путин артында турбаган окуялар аз болот", - деди ал.

Reuters агенттиги бир катар өлкөлөрдүн жооптуу кызматтагы адамдары да ушундай пикирде экенин жазды:

  • Збигнев Рау, Польшанын тышкы иштер министри: "Кимдир бирөө муну дал келүүчүлүк деп ойлобойт. Ушундай экен, Путиндин бийлигине коркунуч туудурган каршылаштар өз ажалынан өлбөйт";
  • Кая Каллас, Эстониянын премьер-министри: "Бул кабар чын болсо, Путин каршылаштарын жок кылууда, бул башкача пикирин билдиргендин баарын коркутуу үчүн жасалып жатат";
  • Алиша Кернс, Британиянын парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин жетекчиси: "Евгений Пригожин кыйраган учактын бортунда болгону, биздин билгибиз келгендин баарына жооп берип турат. Орусиялык абадан коргоочу күчтөрдүн учакты атканын Путиндин чоң эскертүүсү катары бааласа болот";
  • Дэниэл Хоффман, АКШнын Борбордук Чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) Москвада иштеген мурдагы кызматкери: "Мен бул Путиндин буйругу менен жасалганынан күмөн санабайм. Козголоңдон кийин Пригожин камакка алынган эмес, бул ага өзүн коопсуз жана эркин сездирген жалган ишеним берип, анан көзүн тазалоо үчүн жасалган".

Евгений Пригожин Украинадагы согушта жүргөн учуру.
Евгений Пригожин Украинадагы согушта жүргөн учуру.


Ал тапта Орусиянын айрым шаарларында учакта кулагандардын элесине шам жагып, эскерип жатышат. Санкт-Петербургдагы эскерүү акциясына "Вагнердин" айрым жалданма аскерлери беткап кийип да катышты.

"Эмне деп айтарымды билбейм... Анткени биз командирибизден болгондо да эки командирибизден айрылдык. Биз мындан ары деле "Вагнердин" жобосуна ылайык ишти уланта беребиз. Анткени биз баш ийген башка командирлерибиз бар. Көңүл айтабыз. Болор иш болду. Биз биримдикте болушубуз керек", - деди "вагнерчилердин" бири.

Орус армиясын кескин сындап жүргөн Пригожин жетектеген "Вагнердин" жоочулары эки ай мурда Москвада куралдуу жүрүш уюштуруп, орус бийлиги муну козголоң катары сыпаттаган. Оруси президенти Владимир Путин муну "мекенге чыккынчылык" катары сындаган.

Пригожинге кылмыш иши ачылып, көп узабай эле жабылган. Сүйлөшүүдөн кийин Беларуска кеткени айтылган Пригожин убактысынын көбүн Орусияда өткөрүп жатканы кабарланган. 21-августта Пригожин интервью берип, Африкада жүргөнүн жана "Вагнерге" жаңы жоочуларды тартуу иши уланып жатканын билдирген.

Евгений Пригожин мурда абакта жатып чыккан. Ресторан бизнесинен баштаган жолу аны Путиндин жакын адамдарынын бирине чейин жеткирген. Мындан улам ал "Путиндин ашпозчусу" деген атка конгон.

“Вагнер” жеке менчик аскер компаниясын Дмитрий Уткин экөө негиздеген. Сирияда "Вагнердин" жалданмалары өзгөчө мыкаачылыгы, дагы башка толгон аскердик кылмыштары аркылуу таанылган. Орусия Украинага уруш ачкандан бери Пригожиндин ысымы медиадан түшпөй, негизги фигурага айланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG