Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Армян мигранттары шайлоого катышпайт


Армениялык эмгек мигранттары
Армениялык эмгек мигранттары

18-февралда өтө турган президенттик шайлоого чет жактарда жашаган же сапарда жүргөн 1 миллиондой армениялык шайлоочу катыша албайт. Бийлик диаспора үчүн шайлоо уюштуруу кымбат тураарын жүйөө келтирет. Оппозиция болсо добуш бере албаган адамдардын шайлоо тизмелерине камтылышы бурмалоолорго өбөлгө түзөт деп сындашат.

Чет өлкөлөрдө канча армян жашаарын эч ким так айта албайт. Бирок басымдуу бөлүгү президенттик шайлоодо добуш бере албасы анык.

Жаңыланган Шайлоо кодексине ылайык, элчилик же башка мамлекеттик өкүлчүлүктөрдө, бир ууч ири компанияларда иштеген армяндар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү гана өлкө сыртында добуш берүүгө укуктуу.

Диаспоранын калган чоң бөлүгү Арменияга келип добуш берүүгө тийиш же өнөктүктөн четте калат.

63 жаштагы Армен Закарян АКШнын жараны, анын ата-бабалары илгери эле мекенинен көчүп кетишкен. Ал өзү албетте, добуш бере албайт, бирок социалдык тармактар аркылуу бул маселеге көңүл бурдурууга аракеттенип жүрөт.

- Кимдир бирөө сиздин шайлоо укугуңузду чектеп салса, анын арты ыңкылап менен аяктамак. Арменияда демократиялык коом түзүү аракетин көрүүдөбүз. Бирок өкмөт, режим Армениянын сыртында убактылуу жүргөн адамдарды шайлоо укугунан ажыратып жатат.

Бийлик болсо башка өлкөлөрдө шайлоо уюштуруу абдан кымбат тураарын айтууда. Бирок соңку шайлоолордо чет жактардагы армяндар негизинен оппозициялык талапкерлерге артыкчылык берип келгендиктен, кодекске атайлап өзгөртүүлөр киргизилген дегендер да көп.

Шайлоо тизмелерине болжол менен 2 жарым миллиондой киши киргизилген. Бирок алардын канчасы башка өлкөлөрдө жашаарын эч ким так айта албайт. Бул тууралуу Шайлоо системасы боюнча Эл аралык фонддун Еревандагы өкүлү Линда Эдгеворт билдирди.

Так саны канча болбосун, баары бир диаспора шайлоочулардын ири бөлүгүн түзөөрү калетсиз. Мигранттардын көбү Орусия, АКШ, Франция, Түштүк Америка жана Жакынкы Чыгышта жашайт. Көптөрү адатта мекенине ошол бойдон кайтып барбайт.

Эдгеворттун айтымында, буга чейинки тажрыйба алардын шайлоого катышуусу өтө төмөн экенин көрсөтүүдө. Шайлоо жөнүндөгү мыйзам өзгөртүлгөн 2007-жылга чейинки өнөктүктөргө бир нече миң киши гана катышкан. Бирок шайлоо укугубузду тартып алышты деп эсептегендерди бул жүйөө канааттандырбайт көрүнөт.

42 жаштагы Эд 8 жылдан бери АКШда курулушта иштеп жүргөнү менен Армения жарандыгын сактап калган. Анын пикиринде, чет мамлекеттерде жүргөн армяндар өздөрүн эркинирээк сезишет жана ошол өлкөлөрдүн баалуулуктарын сиңирип алууга үлгүргөн. Андыктан Армения бийлиги андай адамдарды шайлоодон оолак кармагысы келет:

- Армениянын сыртында жашаган армяндар үстөмдүк кылат жана алардын жашоо шарттары Армениянын өзүндө жашагандардыкына караганда алда канча жакшы. Анан бизге өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу укугу жана мүмкүнчүлүктөр берилсе эмне болоорун элестетсеңиз.

Шайлоо системасы боюнча Эл аралык фонддун кеңешчиси Питер Эрбен мындай проблема Армениядан башка өлкөлөргө да мүнөздүү дейт. Фонддун санактарына ылайык, добуш берүү өнөктүгүн чет өлкөлөрдө уюштуруу 5-10 эсе кымбат болот.

Оппозициядагы саясатчылар болсо добуш бере албаган адамдардын шайлоо тизмелерине камтылышы бурмалоолорго өбөлгө түзөт деп сындашат.

Эдгеворт андай кооптонуу бар, бирок азыркыга чейин бурмалоолор болду деп айтууга негиз жоктугун белгилейт.

АКШдагы курулушта иштеген Эд болсо ал жана жакындары добуш бербесе да, өнөктүккө катышты деп расмий катталганын айтат. "Бул жолу да кимдир бирөө добуш бердим деп, менин ордума кол коюп коюшу мүмкүн", - дейт Эд.

XS
SM
MD
LG