Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Армения: Шайлоо мөөнөтү ок жеген саясатчынын колунда


Президенттикке талапкерлердин бири Паруйр Айрикян кол салууга чейин.
Президенттикке талапкерлердин бири Паруйр Айрикян кол салууга чейин.

Арменияда 18-февралда кезектеги президенттик шайлоо өтүшү керек. Бирок шайлоону утурлай талапкерлердин бири ок жегендиктен добуш берүү эки аптага артка жылышы ыктымалдуулугу айтылып жатат. Шайлоо мөөнөтү көз каранды болуп турган саясатчы өз чечимин эртең жарыялашы күтүлүүдө.

Борбор калаа Ереванда, өткөн бейшемби күнү өз үйүнүн сыртында ок жеген Паруйр Айрикян бул кол салуунун артында “чет өлкөнүн” атайын кызматы турушу ыктымал деп шек саноодо. Дарыгерлер 63 жаштагы Айрикияндын денесинен окту алып чыгышты.

Учурда ооруканада жаткан Айрикян “Азаттык” радиосунун армян кызматы менен маегинде, анын өмүрүнө кол салууну кайсы өлкөнүн атайын кызматы уюштурганын так айткан жок, бирок анын сары изине узактан бери чөп салып жүргөнүн белгиледи:

- Эгер шек саноолорго келсек, ачыгын айтайын, артыман түшкөнүнө көп жыл болуп калган чет өлкөнүн атайын кызматынан көрүп жатам. Бул өлкө Орусия эмес, бирок мурдагылардын бири.

Айрикян - мурдагы диссидент. Совет доорунда саясий беренелердин негизинде он беш жылга жакын абакта отурган, сүргүндө жүргөн.

Азыр “Улуттук өзүн-өзү аныктоо” деген саясий партияга лидерлик кылган Айрикян 18-февралга мерчемделген президенттик шайлоого сегиз талапкердин бири катары чыгып жатат.

Саясатчыга эмес, системага сокку

Еревандык саясат таануучу Александр Искандарян “Азаттык” радиосу менен маегинде талапкер Айрикян таанымал инсан экендигине карабай шайлоодо жеңип чыгары күтүлүп жаткан президент Серж Саркисянга олуттуу атаандаштык жаратпаганын, эң жакшы дегенде үчүнчү-төртүнчү орун алмактыгын эске салат:

- Ок атуу талапкер Паруйр Айрикянга эмес, шайлоого каршы багытталган. Ким атканын мбилбейм, полиция иликтөөсүн улантууда. Окуянын чоо-жайына караганда, ок аткан адам кесипкөй эместей, колу калтырап тургандай. Бирок кандай болгон күндө да эгер бул жерде саясий максат жатса, ал конкреттүү бир оппонентти катардан чыгаруу эмес, өлкөнү дестабилдештирүү, шайлоо системасына, саясий системага карата ишенимге доо кетирүү үчүн жасалган.

Армения бийликтери да президенттик талапкерге кол салынышын мына ушундайча чечмелешти.

Премьер-министр Тигран Саркисян муну “өкмөткө каршы сокку”, парламент төрагасы Овик Абрамян “шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракети” деп баалады.

Өзү армян Конституциянын жоболоруна ылайык, эгер талапкерлердин бири ага көз каранды эмес шарт-жагдайдын артында жарыштан чыгып калса, шайлоо мөөнөтүн эки аптага артка жылдырууга болот.

Бул үчүн талапкер Конституциялык сотко кайрылуусу абзел. Талапкер Айрикян ок жеп, саламаттыгына доо кеткенден улам жогорудагы укугунан пайдаланууну көздөөрүн айткан. Ал соңку чечимин шейшембиде ачыктары күтүлүүдө.

Күтүлгөн жеңиш

Президенттик шайлоону утурлаган же коштогон карма-каршылыктар Армения үчүн адаттан тыш көрүнүш эмес. Мисалы, 2008-жылы азыркы президент Серж Саркисян жеңүүчү деп жарыялагандан кийин полицейлер менен демонстранттардын кагылышынан бери дегенде он адам мерт болгон.

Армян оппозициясынын башкы үч саясий уюму баарына тең шарт түзүлбөй турганын жүйө кылып, өз талапкерлерин чыгарбай турганын жарыялагандан кийин азыркы шайлоо атаандаштык шартында өтпөйт деген дооматтар айтылган.

Бирок президент Саркисян өзү өткөн айда “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда жогорудагыдай ырастоолорду четке каккан эле:

Серж Саркисян шайлоо өнөктүгү учурунда. 26-январь, 2012-жыл
Серж Саркисян шайлоо өнөктүгү учурунда. 26-январь, 2012-жыл
- Биздин күрөш ар убак бир нерсе үчүн болгон. Биз бирөөнүн кемчиликтерине же алсыз жактарына басым жасагандын ордуна идеяларыбыз колдоо табышы үчүн атаандашып келгенбиз. Алдыдагы шайлоо деле мындан өзгөчөлөнбөйт.

Президенттик кызматты бул ирет Саркисяндан мурдагы премьер-министр, “Эркиндик” партиясынын лидери Гран Багрятян, мурдагы тышкы иштер министри, “Мурас” партиясынын лидери Раффи Ованнисян, “Улуттук биримдик” партиясынын лидери Арам Арутюнян өңдүү саясатчылар да талашууда.

Еревандык саясат таануучу Александр Искандарян Саркисян биринчи айлампада эле жеңип чыгары күтүлгөндүгүн эл бийликтин ишине, социалдык-экономикалык абалга ыраазы болгонуна эмес, оппозициядан азыркы президентке олуттуу атаандаш чыга албаганына байланыштырат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG