Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Армения Батышка далысын салды


Армениянын президенти Серж Саргсян менен Владимир Путин жолугушуу учурунда. Москва. 3-сентябрь, 2013-жыл
Армениянын президенти Серж Саргсян менен Владимир Путин жолугушуу учурунда. Москва. 3-сентябрь, 2013-жыл

Армениянын Бажы биримдигине кирүү чечими Еврошаркет менен маанилүү саясий жана экономикалык келишимдерге залакасын тийгизиши ыктымал.

Мындай пикирди Еврошаркеттин жетекчилери айтып чыкты. Скандинавия жана Балтика өлкөлөрүнүн жети министри 3-сентябрда тараткан билдирүүдө, Орусиянын пост-советтик мамлекеттерге басым көрсөтүп келе жатканы айтылат.

Учурда Еврошаркеттин башында турган Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичус Евробиримдик Еревандын Орусия, Беларус жана Казакстан кирген Бажы биримдигине кошулуу чечимин сыйларын, бирок Армения “эки бирикмеде бир убакытта мүчө” боло албасын маалымдады.

Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт Твиттерге "Армения бизге “далысын салды” жана азыркы президент (Серж Саргсян) Кремлди Брюсселден артык көрдү”,- деп жазды.

Еврошаркет расмийлери буга чейин бир нече ирет "Армениянын Бажы биримдигине кирүүсү Шаркеттин Ассоциация жана эркин соода келишимине карама-каршы келет” деген баасын берген.

Серж Саргсян орус президенти Владимир Путин менен шейшемби күнү Москвада жолугуп, Армениянын Бажы биримдигине кирүү ниетин билдирген. Армения Евразия экономикалык биримдигин түптөөгө катышууга да даяр экенин айтты:

- Мен Армениянын Бажы биримдигине кирүү жана Евразия (экономикалык) биримдигин түптөөгө катышуу ниетин ырастадым. Бул рационалдуу жана Армениянын улуттук кызыкчылыгына төп келген чечим. Бул чечим Европанын структуралары менен диалогдон баш тартты дегенди билдирбейт. Биз келечекте реформаларды ишке ашырабыз деген ойдомун.

Орус президенти Владимир Путин Еревандын чечимин колдоп, эки тараптуу мамилелерди дагы да күчөтөрүн белгиледи. Орусия – Армениянын эң чоң инвестору.

- Армениянын бажы биримдигине жана Евразия интеграциялоо жараянына кошулуу чечимин Орусия колдойт. Бул жараянды тездетүү үчүн колдон келген аракетибизди жумшайбыз. Евразия интеграциясына Еревандын мүчөлүгү бүт тараптарга тең пайдалуу жана экономикалык кызматташууга чоң өбөлгө түзөт.

Ал эми армян оппозициясынын өкүлү, мурдагы тышкы иштер министри, депутат Александр Арзуманян президент Саргсяндын билдирүүсүн “таптакыр кабыл алынгыс чечим” деп сыпаттады.

“Бажы биримдиги менен кызматташуу – Армениянын Европага интеграциялануу аракетине доо келтирбеши зарыл”,- деди Арзуманян “Азаттыктын” армян кызматына берген маегинде.

Ал ортодо 4-сентябрда Армения президентинин чечимине каршы жүз чакты адам Еревандагы президенттик сарайдын алдына демонстрацияга чыкты.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG