Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Тарых: Армяндардын алты миң жылдык шарабы


Арени үңкүрүндөгү байыркы шарап сакталган жайдын күзөтчүсү Арменак Мелконян. 12-январь, 2011.
Арени үңкүрүндөгү байыркы шарап сакталган жайдын күзөтчүсү Арменак Мелконян. 12-январь, 2011.

Армениянын Арени кыштагынын калкы азыр төбөсү көккө жете кубанып турган чак. Себеби эл аралык изилдөөчүлөр тоо койнундагы кичинекей кыштактын четиндеги үңкүрдөн табылган чопо кумурадан алты миң жыл илгери шарап сакталганын 11-январда жарыя кылышты.

Арени - ордолуу Еревандан 100 чакырымдай түштүк чыгыштагы тырмактай кыштакча.

Илимпоздордун табылгасы Арпа дарыясынын капшытындагы

“Грузиндерде “гывина” деген бир сөз бар. Бул англис тилиндеги шарап деген сөзгө окшош.
П. МакГоверн

Аренини Армениянын сыймыгына, атүгүл туризмди гүлдөдөт деген үмүтүнө айлантты.

Үңкүрдө сакталган үмүт

Өзүн Кима деп атаган жергиликтүү сатуучу аял Аренинин четиндеги үңкүрдөн табылган сокудай кумурада дүйнөдөгү эң байыркы шарап сакталганын
Армения. Үңкүрдөн табылган 6 100 жылдык жүзүмдүн бутагы жана кургатылган мөмөсү.
укканда, кубанганынан бир чөйчөк өзү жасаган шарапты бир тамчы калтырбай жутуп жиберген.

Ал эми Арениге ааламдын ар бурчунан коноктор келе баштаса, тоок кепедей күркөсүндө шарапты мол сатып, байманам ташыйт дейт:

- Албетте бу үңкүрдө дүйнөдөгү эң эски шарап жасалганын укканда сүйүнөсүң да. Чындап эле кубандык. Мыкты, өтө сапаттуу шарап жасагыбыз келет. Бул чоң иш. Сыймыктанабыз. Жакында кыштагыбыз туристтер көп келген жайга айланат. Эл да агылып келет.

Окумуштуулар Аренидеги кумуранын түбүндө кургап калган шараптын калдыгын изилдеп, 6 000 жыл мурда бу аймакта шарап жасоо кеңири жайылган деп бүтүм чыгарышкан.

Кытайда 9 000 жыл мурда күрүч, бал, жүзүм жана долононун ашын аралаштырып ачытылган шарапты аксөөктөр ичкени тарыхтан маалым. Илимпоздор Евразияда жүзүмдүк шарап 7 400 жыл илгери Ирандын түштүк чыгышындагы Загрос тоолорунда өскөнүн тастыктаган заттарды табышкан.
Армения. Ичинде кургаган жүзүмдөрдүн калдыгы табылган чопо идиштер адамдардын сөөгү коюлган жайга катар жайгашкан экен. Б.з.ч. 4 100-жыл.


Эл аралык илимий топтун башчысы, армян археологу Борис Гаспаряндын сөзүнчө, бу табылга 6 миң жыл мурда Арени турган аймакта бакма жүзүм өстүрүлгөнүн тастыктайт:

- Биз дүйнөдөгү эң байыркы шарап жасалган жайды таптык. Эгер адамдар 6 000 жыл мурда шарап жасашса, ал кезде жүзүм үй шартында өстүрүлгөнүн күбөлөйт.

Бакма жүзүмүнүн гүлүндө эркек жана ургаачы урук чогуу өсүп чаңдашат. Ошон үчүн түшүмдү арбын берет.

Жапайы жүзүмдүн гүлүндө эрекек жана ургаачы урук бир өспөйт, башка-башка гүлдө өсөт, андыктан алар шамал болуп чаңдашат жана түшүмү аз болот. Бакма жүзүмүнүн өстүрүлгөнү байыркы доордо айыл чарбасы өнүккөнүн кабарлайт.

Баса, “Инжилде” айтылганга караганда, дүйнөнү топон суу каптаганда Нух пайгамбардын кемеси Арарат тоолоруна келип байыр алат. Жаңы конушта ал дыйканчылык кылып, жүзүм тигет, шарап ичип мас болот.

Кыздар Аренидеги шарап майрамында шарап жасалчу жүзүмдү байыркыдай жылаң аяк тепсешүүдө.17-октябрь 2010

Илимпоздор Аринедеги байыркы үңкүрдөн эзилген жүзүмдүн кабын, уруктарын жана жалбырактарын да табышкан.

Шарап сакталчу идиш сөөк көмүлгөн жайканадан да табылган. Бул адамды акыр сапарга узатуу аземинде шарап ичилгенин ырастайт дешет археологдор.


"Уайн" сөзүнүн теги да Кавказдан

Таанымал америкалык окумуштуу Патрик МакГоверн башындагы илимий топ жети жыл мурда Чыгыш Түркия, Армения жана Грузияны кыдырып, бу аймакта өскөн жүзүмдөрдүн ядросунун ДНКсын бүгүн дүйнөдө өскөн башка жүзүмдөрдүн ДНКсы менен салыштырып көргөн.

Алар Грузиядагы кээ бир жүзүмдөр алгач үй шартында өстүрүлгөн жүзүмгө жакын деген тыянакка келишкен. МакГоверн индо-европалык “уайн”, “вайн” (wine) же “вино” деген сөздүн түбү аталган үч аймактан чыккан деп боолгойт.

- “Грузиндерде “гывина” деген бир сөз бар, - дейт МакГоверн. - Бул англис тилиндеги шарап деген сөзгө окшош. Бирок региондогу тилдерди салыштырып көрсөңүз, шарап деген сөздүн тамырын бардык жерлерден, атүгүл байыркы Египеттен да табасыз.

Арийне, бу сөз Чыгыш Европанын бардык тилдеринде, Европанын бардык тилдеринде, француздар менен скандинавдарда же текши бардык европа элдеринде кездешет. Бир эле сөздүн мындай кеңири алкакта колдонулганы, анын индо-европалык тегин көрсөтөт. Ушундан улам шарап жасоо шарап өнүдүрлгөнү тууралуу жаңы далил табылган тоолуу аймактан башталган деп тыянак чыгарса болот”.

Шарап алгач кайсы жерде, канча кылым илгери жасалбасын, шарап ичип жанга лаззат берүүнүн ченеми бар экенин унутпоо керек.

Шараптын ар кыл түрлөрүн Улуу жибек жолунун таманындагы элдердин көпчүлүгү өз алдынча өндүргөнү маалым. Айтылуу окумуштуу жана акын Омор Хаййамдын шарапка арналган төрт саптарын мусулман элдеринде саймедирлеп айтышат.

Сөз соңунда айта кетерибиз, байыркы Вавилондо табылган шынаа сымал жазууларга караганда, бу аймакта жүзүм шарап мындан 7 000 жылдай мурда жасалган. Бирок андай шараптын калдыктарын окумуштуулар алиге табыша элек.

XS
SM
MD
LG