Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Башкы чекистти ким тыңшаган?


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы, президенттин учурдагы кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы, президенттин учурдагы кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев.

Президенттин кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев менен Жерүй алтын кенин сатып алган Муса Бажаев делген адамдардын телефон сүйлөшүүсүнүн интернетте таратылышы кенге байланышкан коомчулукка түшүнүксүз маселелерди кайрадан козгоду.

Интернетте “Талас мафиясы Жерүйдү сатып жиберди” деген аталыш менен таратылган тасмада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы, президенттин учурдагы кеңешчиси Бусурманкул Табалдиев менен Таластагы Жерүй кенин сатып алган орусиялык ири ишкер Муса Бажаев делген адамдардын сүйлөшүүсү жазылган. Анда Таластагы Жерүй кени тууралуу сөз болот. Тасмада Таабалдиевдин үнүнө окшош адам президенттен Бажаевдин Жерүй боюнча долбооруна “көз салып кой” деген тапшырма алганын жана мындан соң аларга жардам берерин айтат.

Бажаев делген адам болсо буга чейин президентке кайрылганын, ал УКМКнын төрагасы менен кеңешип көрөрүн айтканын жана эгер жардам көрсөтүлсө ыраазы болорун баяндайт.

Тасмадагы Бусурманкул Табалдиев делген адам мындан соң бул маселени өз көзөмөлүнө аларын кен жайгашкан жерде митинг өткөрүү даярдалып жатканын, ошондуктан ишти алгач күзөт кызматын түзүүдөн баштоо зарылдыгын белгилейт.

Ошондуктан компаниянын күзөт кызматынын жетекчилигине УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары генерал Мусаев аттуу адамды сунуштайт.

Муса Бажаев бул сунушка макул болуп, тыгыз кызматташууга даяр экени айткандан кийин аудио тасма аяктайт.

Тасмадагы Мусаев делген адам Коопсуздук комитетинин мурдагы төрага орун басары Көлбай Мусаев болушу мүмкүн. Ал акыркы учурда “Восток Геолдобыча” компаниясынын күзөт кызматын жетектеп келген.

Бул тасманын интернетке таралышы коомчулукта бир катар күдүк ойлорго жем таштады.

Башкы прокуратурага берилген арыз

Айрым жарандык активисттер президент жана УКМКнын мурдагы төрагасы баш болуп, компанияга жан тартуу менен мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын ашкере пайдаланган деп айыпташууда.

Алардын бири - активист Адил Турдукулов. Ал тасманын чын-бышыгын аныктоо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды:

- Биздин бийликке, укук коргоо органдарына ишенбөө болсо деле азыркы мыйзамдын чегиндеги процесседураларды жасап, өткөрүшүбүз керек. Ошондуктан тасманы угуп туруп эле башка мамлекетке иштеп жатат деп таянбастан, анын чын-бышыгын такташыбыз зарыл. Буга байланыштуу мен Башкы прокуратурага кайрылдым.

Президенттин кеңешчиси Бусурманкул Таабалдиев комментарий берген жок.

Бирок президенттик аппараттагы айрым булактар сүйлөшүү анык экенин жана сүйлөшүү кен иштетүү укугун алган инвесторду коргоо максатында болгонун айтышты.

Ал эми Муса Бажаевдин “Востокгеолдобыча” ишканасынын алдында түзүлгөн “Альянс Алтын” компаниясынын өкүлү Данияр Жаныкулов Жерүй боюнча конкурс адилет өтүп, бийлик тарабынан эч кандай колдоо болбогонун билдирүүдө:

- Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ачык конкурс аркылуу кенди иштетүүгө уруксат берилген. Буга чейин лицензия 300 сомго деле сатылып келген. Анын ордуна конкурс болуп ачык сатылган. Анын бизди бийликтин колдоосу менен утуп алды, башка компанияга сатып жиберди деген негизсиз ушак сөздөр.

Мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген окуя

Ошол эле атайын кызматтын жетекчиси сүйлөшүүлөрүн ким жаздырган жана эмне максат менен чыгарды деген суроо ачык бойдон калууда. Белгилүү саясатчы, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров өлкө атайын кызматынын жетекчинин телефонун тыңшалышын өлкө коопсуздугуна шек келтирчү окуя катары баалады:

- Бул кыргыз мамлекетинин коопсуздугуна шек келтирет. Эгерде коопсуздук комитетинин жетекчиси тыңшалып жатса, башка жетекчилер, ошол эле президент тыңшалбайт деп ким айта алат? Бул боюнча абдан чоң маселе болуш керек. Бул жерде кеп оппозиция же позицияда эмес, кеп мамлекеттүүлүк жана мамлекет канчалык деңгээлде өз коопсуздугун сактай алат дегенде болуп жатат. Экинчиден, коопсуздук комитетинин төрагасы жеке ишкерге “мен көмөк көрсөтөм” деп отурушу жакшы эмес көрүнүш.

Ал эми белгилүү ишкер, мурунку экономика министри Эмил Үмөталиев бул тасманын жайылтылышы өлкөдөгү маалыматтык коопсуздук оор маселе экенин ашкереледи деген ойдо.

- Бул мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсүнөн да, өлкөдөгү коопсуздук, туруктуулук маселелерин курч турат. Сырткы күчтөр ушундай жол менен баарын тыңшап, аны керек учурда чыгара берсе, өлкөдө туруктуулук камсыз болушу кыйын.

Былтыр май айында өткөрүлгөн Жерүй боюнча конкурска ылайык, аталган компания өкмөткө 100 миллион доллар төлөгөн. Мындан тышкары өкмөт кенди иштетүү укугун сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен жакынкы жылдары Кыргызстанда жүз жаңы мектеп курулуп, дагы жүз мектептен ондоодон өткөрүү чечими кабыл алынган.

Бирок Таластын айрым тургундары кенди иштетүүгө каршы чыгып, бир нече жолу нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушул себептен айрым маалыматтар боюнча “Востокгеолдобыча” компаниясы кенди иштетүү укугун үчүнчү бир тарапка сатып жиберген болушу мүмкүн. “Альянс Алтын” компаниясынын өкүлү Данияр Жаныкулов болсо бул кептерди четке кагып, быйыл жыл аягында кенди иштетүүчү фабрика курулуп башталарын убада кылды.

Жерүй Кумтөрдөн кийинки Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Анда 84 тоннадан ашык алтын бар экени айтылат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG