Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын оюну. 21-январь, 2019-жыл
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын оюну. 21-январь, 2019-жыл

Азия кубогу: БАЭ Кыргызстанды 3:2 эсеби менен утту

21-январда Футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын командалары беттешти. Оюн Абу-Даби шаарындагы "Шейх Зайид" стадионунда өттү.

Кыргызстан футбол командасынын курамы

Оюн алдында команданын оюнчуларынын ар бири менен таанышып алыңыз.

Башкы машыктыруучу: Александр Крестинин. Орусия жараны. 41 жашта. 2014-жылдан бери улуттук курама команданын башкы насаатчысы.

Дарбазачылар:

Валерий Кашуба. Катар номуру - 16.

“Дордой” клубунун оюнчусу. 35 жашта. 2004-жылдан бери Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү. Бою: 184 см. Салмагы: 75 кг.

2000-ж. РУОР (Бишкек), 2001-2002-ж. “Дордой” (Бишкек), 2003-2005-ж. СКА-ПВО, 2006-2007-ж. “Дордой”, 2009-ж. “Абдыш-Ата” (Кант), 2010-ж. Алга (Бишкек), 2011-2012-ж. “Ак-Булак” (Казакстан), 2012-ж. “Алай” (Ош), 2913-ж. “Алга”, 2014-ж. Алай, 2015-ж. Худжанд (Тажикстан). 2016-жылдан ушул күнгө чейин “Дордой” клубунда ойнойт.

Жетишкендиги:

Кыргызстандын “мыкты дарбазачысы” (2006, 2007, 2014-ж.), АФК Президентинин мыкты оюнчусу, Кыргызстандын чемпиону (2006, 2007, 2018-ж.), Кыргызстандын кубогунун ээси. (2003, 2006, 2017-ж.).​

Матяш Павел. Катар номуру - 1.

1987-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Профессионалдык карьерасын 2006-жылы Бишкектин “Дордой” клубунун катарында ойноп баштап, бул клубдун намысын 2014-жылга чейин коргогон. Бул аралыкка чейин 110 оюн өткөргөн. 2014-жылы “Абдыш-Ата” клубунда бир аз убакыт ойногон. 2015-жылы Бишкектин “Алга” клубунда ойноп жүрүп Мальдив аралдарынын “Мазия” клубуна өткөн. Бул клубдун катарында 2017-жылы дагы оюндарга чыккан. 2016-жылы малайзиялык ЮиТМ клубунун катарына кошулган. 2018-жылы Өзбекстандын АГМК клубуна чакырылган.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын катарына алгач 2009-жылы 28-мартта Непал командасы менен оюнга чыккан. Бул беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Төрт жылга чейин улуттук кураманын катарына чакырылбай, 2013-жылдан тарта дайыма курама команданын катарына кошулуп келет.

Азия кубогундагы Кыргызстандын алгачкы оюнунда дарбазаны коргоого чыкты. 7-январь күнү Кытай командасы менен оюнда Кыргызстанга таандык алгачкы автогол Павел Матяшка жазылды. Бул беттеште Кытай 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул оюндан кийин Матяштын дарегине футбол күйөрмандары тарабынан бир катар сындар айтылды.

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин футболдо жаңылыштык болорун, ал үчүн жеке бир оюнчуну күнөөлөш туура эмес экендигин кошумчалаган.

Бирок ошондой болсо да Азия кубогунун 2-турунда Түштүк Корея менен болгон Александр Крестинин Матяштын ордуна жаш дарбазачы Кутман Кадырбековду чыгарды.

Sport.kg басылмасы Kyrgyz football Вконтакте баракчасына шилтеме кылып Павел Матяш улуттук курама команданын азыркы оюнчуларынан эң көп оюн өткөргөн футболчу экенин жазган. Ал маалыматка таянсак 2018-жылдын 10-октябрына карата улуттук курама команданын катарында 33 оюн өткөргөн.

Кутман Кадырбеков. Катар номуру – 13.

22 жашта. “Дордой” клубунун оюнчусу. Кыргызстандын Биринчи лигасынын (2017-ж.) жана Топ-Лигасынын чемпиону (2018-ж.), Топ-Лиганын коло байгесинин ээси (2017-ж.), «Tsunami Cup» эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү (Индонезия, 2017-ж.). 2019-жылы 11-январда Азия кубогунда Түштүк Корея менен болгон оюнда улуттук курама команданын катарында алгачкы жолу оюнга чыкты. Бул беттеш 0:1 эсебинде түштүк кореялыктардын пайдасына аяктады. Оюндан соң кыргыз футбол күйөрмандарынын көбү Кутмандын дарбаза тосуу чеберчилигин жогору баалап, корей футболчуларынын көп соккусун майтарып, эсеп ажырымын көбөйтпөй сактап калганына алкышын айтышты.

Коргоочулар:

Тэго Даниел Нии Армах. Катар номуру - 17.

33 жашта. Теги ганалык. 2014-жылы Кыргызстандын жарандыгын алгандан бери улуттук курама команданын катарына кошулуп келет.

Карьерасын Ганадагы Берекум Арсенал клубунда ойноо менен баштаган (2003-2005-ж.ж.). Андан соң Орусинянын Набережные Челны шаарындагы «КАМАЗ» клубунда ойногон. Аталган клубдун машыктыруучусу Сергей Дворянков 2007-жылы Дордой клубуна машыктыруучу болуп келип, анын артынан Тэго дагы Дордойго келген. Ошондон бери 20016-жылга чейин аталган клубдун намысын коргогон. 2016-жылы 30-августта Бахрейндин Аль-Хала клубуна өтүп, кайрадан жыл соңунда "Дордой" клубу менен эки жылдык келишим түзгөн. Кыргызстандын жети жолку чемпиону ((2007, 2008, 2009, 2011, 2012, 2014, 2018-ж.) Кыргызстандын кубогунун беш жолку ээси (2008, 2010, 2012, 2014, 2017), АФК президентинин кубогунун ээси (2007-ж.) АФК президентинин кубогунун вице-ченмпиону ()2008,2009, 2010-ж.) Кыргызстандын “мыкты футболчусу” (2009-ж.).

Тамирлан Козубаев. Катар номуру – 3.

25 жашта. Улуттук курама команданын катарына 2015-жылы кошулган. 2010-жылдан 2014-жылга чейин “Дордой”, 2014-ж. “Шауляй”, 2015-ж. “Алга”, 2015-ж. “Гранитас” (Литва) клубунда ойноп, 2016-жылдан баштап ушул кезге чейин кайрадан “Дордой” клубунун катарында ойноп келет.

Айзар Акматов. Катар номуру – 5.

21 жашта. Бишкектин “Алга” клубунун оюнчусу. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын катарында алгачкы жолу 2018-жылдын 10-сентябрында Сирия командасы менен болгон оюнда 94-мүнөттө Кайрат Жыргалбек уулунун ордуна чыккан. Бул беттеште Кыргызстан 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Акматов футбол менен машыгууну жети жашынан Кыргызстандын Футбол федерациясынын алдындагы футбол борборунда баштаган. Андан соң Дордой клубунун өспүрүм командаларында ойногон. 2016-жылы “Ала-Тоо” клубунда ойногон. 2017-жылдан бери “Алга” клубунун коргоочусу.

Мустафа Юсупов. Катар номуру – 4.

24 жашта. Футболдогу карьерасын 2010-2011-жылдагы Кызыл-Кыя шаарындагы “Шахтер” клубунда ойноо менен баштаган. 2011-жылдан бери “Дордой” клубунун коргоочусу.

Виктор Майер. Катар номуру – 6.

1990-жылы 16-майда Ысык-Ата районунун Люксембург айылында төрөлгөн. Тогуз айлык кезинде үй-бүлөсү менен Германияга көчүп кетишкен. 2005-жылы алгачкы жолу Германиянын уландар курама командасынын (U-16) катарына чакырылып, төрт оюнга чыккан. 17 жашка чейинки командалар арасында өткөн Европа чемпионатында немис командасынын курамында бир оюнга чыккан. Германиянын "Оснабрюк" (2006-ж.), "Гамбург" (2008-ж.), "Гамбург II" (2008-2011-ж.ж.), "Шпортфройнде Лотт" (2011), "Оснабюрк-2" (2012-2013), "ТСВ Хавелсе" (2013), "СВ Меппен" (2014-2016-ж.ж.) клубунда ойногон. 2016-жылы Голландиянын "Эммен" клубунда бир жыл ойноп, 2017-жылы Германиянын "Виденбрюг" клубу менен келишим түзүп, ушул кезге чейин аталган клубда ойнойт.

2015-жылы Кыргызстандын улуттуттук курама командасынын менеджери Мирлан Айталы немис спорт журналисти Мирон Гойхман аркылуу Кыргыз ССРинде төрөлгөн немис футболчуларына Кыргызстандын атынан ойноону сунуш кылган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Майер 2015-жылы 11-июнда 2018-жылы боло турган Дүйнө чемпионатына тандоо мелдешинде Бангладеш командасы менен болгон оюнга чыккан.

Валерий Кичин. Катар номуру - 2.

1992-жылы 12-октябрда Бишкекте төрөлгөн. Орусиянын Премьер лигасындагы “Енисей” клубунун коргоочусу. Улуттук курама командада 2011-жылдан бери ойнойт.

Карьерасы «Камбар-Ата» командасында ойноо менен башталып, кийин Канттын “Абдын-Ата” клубуна өткөн. 2009-жылдан 2012-жылга чейин “Дордой” клубнда ойногон. 2013-жылы Орусиянын Москва шаарынын ЦСКА клубуна кароого барып, бирок клубдун курамына алынбай калган. Андан соң нижегороддук “Волгага” кароого барганда машыктыруучу Юрий Калитвинцев футболчуну эки жолдоштук беттеште сынап көрүп, Кичиндин өнөрүнө ичи жылып көп жылдык келишим сунуштаган. 2014-жылы Анжи клубу менен үч жылдык келишим түзгөн. Легионерлерге (чет өлкөлүк оюнчулар) коюлган чектин айынан негизги курамдан орун табылбай Орусиянын Биринчи дивизионундагы (ФНЛ – Улуттук футболдук лига) Тюмень клубуна арендага берилген. Кийинчерээк бул клуб менен бир жылга келишим түзгөн. 2010/2017 сезонунун алдында ушул эле ФНЛдеги "Енисей" клубуна өткөн. 2017/2018 сезонунун жыйынтыгында "Енисей" клубу бир тепкич жогорулап премьер лигага көтөрүлгөн. Клубдун статистикасында Валерий Кичин 28 оюнга чыгып, эки гол киргизген.

Жарым коргоочулар:

Бактияр Дүйшөбеков. Катар номуру – 20.

24 жашта. 2012-жылы “Динамо МВД” командасында ойноп Жогорку Лигадагы алгачкы кадамын таштаган. 2015-жылы “Абдыш-Ата” клубунун катарына кошулган. 2016-жылы Белорусиянын Крумкачы клубу менен келишим түзгөн. Ушул эле жылы Туркинянын «Эгирдирспоре» клубунун катарына кошулган. 2017-жылы кайрадан Кыргызстанга келип Канттын “Абдыш-Ата”, бир жылдан кийин “Дордой” клубуна чакыруу алган. 2018-жылы Малайзиянын “Келантане” клубунда ойноп, жыл аягында Бангладештин «Башундхара Кингз» клубу менен келишим түздү. Азия кубогунда Түштүк Корея менен болгон беттеште акыркы мүнөттөрдө оюнга чыкты. Кыргызстандын футбол боюнча уландар жана жаштар курама командасында ойногон.

Азиз Сыдыков. Катар номуру – 8.

27 жашта. 2008-жылдан 2014-жылга чейин Кант шаарынын “Абдыш-Ата” клубунда ойногон. 2015-жылдан баштап “Дордой” клубунун намысын коргойт. 2009-жылдан бери улуттук курама команданын мүчөсү. Кыргызстандын чемпиону (2018-ж). Кыргызстандын кубогунун ээси (2016, 2017).

Эдгар Бернххардт. Катар номуру – 9.

33 жашта. 1986-жылы 30-мартта Кыргыз ССРинин Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Новопавловка айылында төрөлгөн. Балачагында ата-энеси менен бирге Германияга көчүп кетишкен. Германиянын бир нече деңгээлдеги клубдарында ойногон. Андан сырткары Польшанын, Финляндиянын, Омандын жана Таиланддын клубдарынын намысын талашкан. Учурда Польшанын "Пыхы" клубунун жарым коргоочусу.

2015-жылдан баштап Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү.

Муролимжон Ахмедов. Катар номуру – 15.

Муролимжон Ахмедов 27 жашта. Шахтер (2008-ж.), “Алай” (2009-ж., 2012-2017-ж.ж.), “Наше Пиво” (2010-ж.), Абдыш-Ата (2011-ж.), Трабзон (Түркия. 2016-ж.), 2018-жылдан ушул күнгө чейин “Дордой” клубунун жарым коргоочусу. 2017-жылдан баштап улуттук курама команданын оюнчусу.

Ахлетдин Исраилов. Катар номуру – 23.

25 жашта. Кыргызстандын Абдыш-Ата (2007-ж.) Украинанын "Динамо" (Киев. 2008-2011-ж.ж.), "Динамо-2" (Киев.2012-2016-ж.ж.), "Черкасский Днепр" (2016-ж.ж.), Индиянын “Нерока” (2017-ж.), Индонезиянын “ПСИС Семаранг” (2018-ж.) клубдарында ойногон. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасында эки жыл (2014-2016-ж.ж.) мелдештерге катышкан.

2013-жылы 11-октябрда 19 жашында Кыргызстандын улуттук курама командасынын катарында Кувейт курамасы менен болгон жолдоштук беттешке чыгып, өз командасынын жеңишке жетишине салым кошкон. Бул оюнда Кыргызстан 3:0 эсебинде жеңишке жеткен. Азия кубогунда Кытай менен болгон оюнда Кыргызстанга таандык бир голду киргизди.

Фархат Мусабеков. Катар номуру - 21.

25 жашта. 2009-жылдан 2016-жылга чейин Канттын “Живое Пиво”, “Абдыш-Ата”, “Наше Пиво” клубдарында ойноп жүрүп, 2016-жылы Молдавиянын Академия УТМ клубуна чакыруу алган. Ушул эле жылы Симферополдун “ТСК-Таврия” клубунун катарына кошулган. 2017-жылы Өзбекстандын “Алмалык” (АГМК) клубунда ойносо, 2018-жылдын башында алгач Бишкектин “Илбирс” клубунда ойноп, жайкы трансфердик терезе ачылганда “Дордой” клубуна өткөн.

Турсунали Рустамов. Катар номуру – 7.

29 жашта. 2012-жылдан бери улуттук курама командада ойнойт. Бишкектин “Шер-Ак-Дан” (2009-2010-ж.ж.), “Алга”(2011-2012-ж.ж., 2014-2015-ж.ж.) , “Дордой” (2013-ж.), Тажикстандын “Худжанд” (2014-ж.) клубунда ойноп, 2016-жылы Оштун “Алай” клубунун жарым коргоочусу болуп ойноп жүрүп 2017-жылы "Күтахяспор" футбол командасы (төртүнчү дивизион) менен бир жылдык келишим түзгөн. Ачык булактарда Рустамов түркиялык клубдан кийин кайсы клуб менен келишим түзгөнү тууралуу маалымат жок.

Одилжон Абдурахманов. Катар номуру – 12.

23 жашта. 2016-жылдан бери улуттук курама команданын катарында. Алгач 2014-жылы Куршабдын “Алдиер” клубу менен Кыргызстандын Жогорку Лигасында (Топ-Лига) ойноп баштаган. 2015-жылдан ушул кезген чейин Оштун “Алай” клубунун намысын коргойт.

Антон Землянухин. Катар номуру – 12.

30 жашта. Канттын Абдыш-Ата клубунун тарбиялануучусу. 2007-жылдан 2010-жылга чейин улуттук курама команданын катарында ойноп, ортодо беш жылдай тыныгуудан кийин 2015-жылы Ооганстан командасы менен болгон оюнда Кыргызстандын курама командасына кошулган. Азия кубогуна чакырылган оюнчулардын катарында бар. Анткен менен азырынча бул мелдеште оюнга чыга элек. Кыргызстандын улуттук курама командасынын чабуулчуларынын тизмесинде эн көп гол киргизген оюнчу. 2018-жылдын 27-мартына карата улуттук курама команда үчүн 25 оюн өткөрүп 12 гол киргизген.

Кыргызстандын “Мурс Спорт” (2006-ж.), Абдыш-Ата (2007-ж., 2009-ж.,2011-ж.), Түркиянын Гиресунспор (2007-2010-ж.ж.), Казакстандын “Тараз” (2010-2011-ж.ж.), “Актобе”(2012-2013-ж.),”Кайрат” (2013-ж.), “Кайсар” (2014-ж.), Сербиянын “Раднички”, Таиланддын “Сисакет” (2016-ж.), “Сукхотхай” (2017-ж), Орусиянын “Ска-Хабаровск” (2017-ж.) жана Казакстандын “Атырау” (2018-ж.) клубунда ойногон.

Бекжан Сагынбаев. Катар номуру – 11.

25 жашта. 2010-жылдан бери “Дордой” клубунун чабуулчусу. Аталган клубдун катарында эки жолу Кыргыщстандын чемпиону болгон (2014-ж., 2018-ж.).

Кайрат Жыргалбек уулу. Катар номуру – 18.

26 жашта. 2009-жылдан 2014-жылга чейин “Абдыш-Ата” клубунун намысын коргогон. 2014-жылдан бери “Дордой” клбунун оюнчусу.

Улуттук курама команданын катарында 2013-жылдан бери ойнойт. Кыргызстандын бир жолку чемпиону (2018-ж.), үч жолку вице-чемпиону (2014,2015,2016-ж.), Кыргызстандын кубогунун ээси (2016, 2017-ж.), Sports Awards версиясы боюнча Кыргызстандын 2015-жылдагы “мыкты футболчусу”.

Чабуулчулар:

Эрнист Батырканов. Катар номуру – 14.

21 жашта. 2010-жылдан баштап “Дордой” клубунун өспүрүм комнадаларында ойногон. 2016-жылы Ала-Тоо командасынын курамында Топ-Лигада күчүн сынап, 2017-жылы “Дордойго” кайтып келген. Кыргызстандын Олимпиадалык курама команда менен 2018-жылы Азия оюндарында үч оюнга чыгып, эки гол киргизген. Улуттук курама команданын катарында алгачкы жолу 2018-жылы 6-сентябрда Палестина курама командасы менен болгон оюнда чыккан.

Мирлан Мурзаев. Катар номуру – 10.

29 жашта. Кыргызстандын “Мурас Спорт” (2006-ж.), “Дордой” (2007-2010-ж.ж., 2012-13-ж.ж.,2014-2015-ж.ж.), “Кара-Балта” (2018-ж.), Орусиянын “Локомотив” (2010-ж.), Израилдин Хапоэль (Петах-Тиква) (2011-2012-ж.ж.), Түркиянын “Денизлиспор” (2014-ж.), “Авжет Афьонспор” (2015—2016-ж.ж.), “Ушакспор” (2016-2017-ж.ж.), Серик Беледиеспор (2017-2018-ж.ж.), 2018-жылдан ушул убакытка чейин “Сомаспор” клубунун оюнчусу. Улуттук курама команданын намысын 2009-жылдан бери талашып келет.

Виталий Люкс. Катар номуру – 19.

1989-жылы 27-февралда Кара-Балта шаарында төрөлгөн. Алты жашында ата-энеси менен Германияга көчүп кетип, Ульм шаарында чоңойгон. Учурда «Ульм 1846» клубунун борбордук чабуулчусу (келишим 2018-жылдын июль айынан 2020-жылга чейин түзүлгөн). Кыргызстандын улуттук курама командасында 2015-жылдан бери ойнойт.

2009-жылга чейин «Вайсенхорн» клубунда ойноп, андан кийин «Таннхаузен» клубуна өткөн. 2010-жылдан 2014-жылга чейин “Иллертисен”, 2014-жылы – «Карл Цейсс», 2015-жылы – «Нюрнберг 2», 2016-2018 –«Унтерхахинг» клубунда ойногон.

Виталий Люкс Азия кубогунда Кыргызстан менен Филиппин командалардын беттешинде Кыргызстанга таандык үч голду тең киргизип, өз командасын алдыга чыгарды. Ал бир оюнда үч голду киргизген азырынча алгачкы оюнчу.

Крестинин: Биз өзүбүзгө ишенебиз

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында биринчи жолу 1/8 финалында ойноп жатат. Буга чейин "ак шумкарлар" бул турнирдин тандоо бөлүгүнөн ары өтө албай келген болчу. Бул жолу Азия кубогунда ойноп гана тим болбостон, плей-офф баскычына чыкты.

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен болчу оюнга мындайча баасын берген:

- Биз үй ээси БАЭнин курама командасы менен ойнойбуз. Баарыбызга белгилүү, 2015-жылы өз үйүндө ойногон Австралия Азия кубогун жеңип алган. Бирок мелдеш өткөргөн өлкө сөзсүз түрдө кубокту утат же дүйнө, Европа чемпионаттарында чемпион болот деген эч кандай кепилдик жок. Ооба, өз оюн талаасы, күйөрмандарынын колдоосу сөзсүз түрдө Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасына жардам берет. Бирок биздин да күйөрмандар бар. Аларга ыраазычылык билдиргим келет. Алардын колдоосу биздин жеңишке жетишибизге жакшы жардам берет.

Башкы машыктыруучу БАЭнин командасы күчтүү атаандаш экенин айтып, алардын оюндарын кунт коюп карап чыкканын да кошумчалады.

- Бириккен Араб Эмираттарынын машыктыруучусунун тактикасы башкача. Менин тактикам - чабуул менен коргонуудагы балансты сактоо. Бул эң башкысы. Чабуулда жакшы ойноп, жеңишке жетүүгө аракет кылабыз. Атаандашыбыз оңой эмес, күчтүү команда. Бирок биз өзүбүзгө ишенебиз. Эртең баарын таң калтырабыз, - деди Александр Крестинин.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 16-январда "С" тайпасындагы акыркы беттешин өткөрүп, Филиппиндин футболчуларын 3:1 эсебинде жеңген. Үч голду тең атаандаштардын дарбазасына чабуулчу Виталий Люкс киргизди. Бул жыйынтык Кыргызстанга үч упай алып келип, “С” тобунда үчүнчү орунду камсыздоого шарт түзгөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG