Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Австралиянын үчүнчү ири шаары селдин босогосунда турат


Брисбен шаарынын борбордук бөлүгү, 12- январь, 2011-ж.
Брисбен шаарынын борбордук бөлүгү, 12- январь, 2011-ж.

Австралия бир кылымда бир болуучу суу ташкынга кабылды. Бүгүн-эртең сел өлкөнүн үчүнчү ири шаары Брисбенде 30 миңдей турак үйдү каптаары күтүлүүдө.

Бир кылымда бир болуучу сел Австралиянын түндүк ыптасындагы Квинсленд штатынын ири бөлүгүн буга чейин эле кыйраткан. Суу ташкын кеминде 21 адамдын өмүрүн алганы менен нөшөрлөгөн жаан былтыр ноябрда эле башталып, дарыялар жээктен чыккандан бери ондогон адамдар дайынсыз жоголду деп эсептелинүүдө. “Полиция бери дегенден 90 кишини издеп жатат. Алар үй-бүлө мүчөлөрү байланыша албай жаткан адамдар”,- деп билдирди Улуттук теледен сүйлөгөн сөзүндө Квинсленд штатынын губеранатору Анна Блэй.
Grantham шаарчасынын айрым жашоочулары суу ташкындан кутулуу үчүн үйдүн чатырына чыгып алды, 10-январь.

Бул штаттын борбору, Австралиянын үчүнчү ири шаары - Брисбен. Күбөлөрдүн айтымында, шаар азыр ээнсиреп, кароосуз калган өңдөнүп турат. Дарыянын боюнда жайгашкан, эки миллиондой тургуну бар бул калаа кубаты азыркыдай селге, акыркы ирет 1893-жылы кириптер болгон экен. Калаанын көпчүлүк райондорунан адамдар көчүрүлүп жатат. Ар кандай кырсыктарга жол бербөө үчүн шаар электр кубатынан дээрлик ажыратылды. Шаардын коопсуз бөлүктөрүндө жабыр тарткандар үчүн атайын борборлор уюштурулду. Дүрбөлөңгө түшкөн адамдар дүкөн текчелерин бошотушкан.

Брисбенге коңшу Ипсивич шаарында шаршембиде 3000 миңдей үйдү суу басты. Ага чейин Брисбендин батыш тарабындагы Локйер өрөөнүн сел каптаган. Бэрри Булл ысымдуу жергиликтүү тургун капыстан келген селден үйүнүн чатырына чыга качуу менен аман калган:

- Айнектер талкаланып, суу үйгө кире баштаганда биз экинчи кабатка ашыктык. Андан кийин мен шыпка көтөрүлүп, тешик жасадым.

Аймакта нөшөрлөгөн жамгыр шаршемби күнгө карата басылгандай болду. Бирок Квисленд штатынын премьер-министри Анна Блэйдын айтымында, аба-ырайынын өзгөрүүсү селдин штат борбору – Брисбенге тийгизүүчү таасирин азайта албайт. Ал ошондой эле куткаруучулардын талкаланган аймактарга жетүүсү менен кырсыктан каза тапкандар саны да өсүүсү ыктымал экенин эскертти:

- Асман ачык, бизде Квисленддеги жайкы күн болуп турат. Бирок биз ачык асмандан улам эс ала албайбыз. Суу жана жамгыр өз зыянын буга чейин эле келтирди. Суу азыр биздин дарыялык системабыз боюнча ылдый көздөй кетүүдө.

Брисбен дарыясы жээктен шейшемби күнү чыгып кетти. Суу алдыда 20 миңдей үйдүн толугу менен, 12 миңдей имаратты жарым-жартылай басары күтүлүүдө. Суунун бийиктиги эң жогорку деңгээлге бейшемби күнү жеткени турат жана адистер ал бери дегенде ишемби күнгө чейин ылдыйлабасын айтып жатышат. Штат бийликтери ага катар адамдар суу ылдыйлагандан кийин деле бир нече күнгө үйлөрүнө бара албасын эскертишүүдө.

Австралиянын премьер-министри Жулия Гиллард жаратылыш кырсыгы алып келген зыянды “эбегейсиз” деп атады жана адамдарды чукул кырдаалдарда коңшуларына жардам берүүгө чакырды:

Жуллиан Гиллард.
- Квисленд оор күндөргө кириптер болду, оор күндөр али алдыдада да күтүп турат. Бирок Австралия силер менен, Квислендге кризисти басып өтүүгө жардам берет. Биз алдыдагы күндөрдө эле эмес, кайра куруу үчүн талап кылынуучу көптөгөн айлар бою силер менен ийиндеше иштешебиз.

Квисленддин суу баскан бөлүгү Германия менен Франциянын бүткүл аймагын кошкондо да чоңдук кылат экен. Суу ташкындан улам айыл-чарба аянттары, кичи шаарчалар талкаланды. Ошондой эле өлкөнүн көмүр өндүрүшү иш жүзүндө токтоп калды.

Австралиянын Борбордук банкынын өкүлүнүн айтымында, селден улам өлкөнүн экономикасы быйыл бери дегенде бир пайызга төмөндөшү мүмкүн. Синоптиктер жаан-чачын али уланарын болжолдоп жатышат. Кабарларга караганда, селге Квислендге коңшу Жаңы Түштүк Уэльс штаты да кабылып, 4,5 миңдей киши кыйын абалга тушуккан.


Австралиянын үчүнчү ири шаарын суу каптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG