Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:40

Пакистандын Англиядан чоң бөлүгүн топон суу басты


Шикарпурлук мына бул адамдар суу ташкында жолду табуу үчүн темир жолго жабышып жылышууда. Синд провинциясы. 25-август, 2010
Шикарпурлук мына бул адамдар суу ташкында жолду табуу үчүн темир жолго жабышып жылышууда. Синд провинциясы. 25-август, 2010

Пакистандын түштүгүн Индус дарыясынан ташкан суу каптоодо. 27-августта Синд провинциясынан дагы 300 миң адам шашылыш коопсуз жайларга көчүрүлдү.

Жээкти кырлай курулган дамбаны жиреген дарыя Татта шаарын чайып кетти. Сел эсепсиз дубал үйлөрдү кыйратып, айыл чарба жерлерин ойрон кылды. 26-августта жергиликтүү талиптер табигый апаатта пакистандыктарга жардам көрсөтүп жаткан чет элдиктердин өлкөдө болушуна чыдабасын эскертти.

Татта шаары суу астында калды

Татта шаарынын башчысы Мансур Шейхтин билдиришинче, калаа калкынын 70 проценти жума күнү түшкө чейин коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Адис-инженерлер болсо Индус дарыясы жырып кеткен дамбаны тосуунун аракетин кылышууда. Татта районундагы Кут Алимо шаарчасынын туругуну суу астында калган үйү көзүнөн учуп, аларга жардам келбей жатканын айтты:
Жаандан улам кирген суу Тарбелла дамбасын жирип кетүүдө. 24-август 2010


-Бул биздин там-жыйыбыз. Бизде беш үйүбүз жана башка турак жайыбыз бар болчу. Анын баары суу астында калды. Өкмөттөн жардам күтүүдөбүз. Биз аскерлерден убактынча чатыр сурадык эле, аны да берише элек. Ким да болсо өз тааныш-жакындары менен туугандарына жардам көрсөтүүдө.


26-августта Синд регионундагы үч шаардан 400 миң адам көчүрүлгөн. Улуттар Уюмунун гуманитардык жардамдар боюнча башчысы Жон Холмс Нью-Йорктогу маалымат жыйынында Пакистанда Англиянын территориясынан чоң аймак суу астында калганын билдирди:

- Биздин акыркы эсептөөлөрүбүзгө караганда, апааттан 17, 2 млн. адам жабыр тартты. Эгер эки апта илгери гумжардамга 6 млн. адам муктаж десек, бүгүн алардын саны 8 миллионго жетти. Дагы өсүшү этимал. 160 миң чарчы чакырым жер суу астында калды. Бул, менимче, Англиянын территориясынан да чоң аймак. Орточо 3 млн. 300 миң гектар жер иштен чыкты же зыян тартты.

Суккур шаарындагы качкындар лагеринде азык-түлүккө кезекке турган адамдар. Синд првоинциясы. 27-август 2010
Пакистанда суу ташкын башталгандан бери 1600 адам набыт болгону маалымдалууда.

Талиптер жардам берип жүргөн чет элдиктерди коркутууда

26-августта талиптердин өкүлү Азам Тарык табигый кырсыкта жабыркаган аймактарда чет элдик соопкерчилик уюмдардын болушуна жол бербесин, ага исламчылар такыр чыдай албасын билдирген. Холм мырза мындай коркутууга карабай БУУ гуманитардык миссиясын токтотпосун белгиледи:

-Биз алардын чет элдик соопкерчилик уюмдардын кызматчыларынын атына айткан коркутуусуна олуттуу мамиле кылабыз жана тийиштүү коопсуздук чараларын көрөбүз. Бирок биз Пакистан элине жардам берүүнү токтотпойбуз. Алар мындай жардамга муктаж деп ишенебиз.

Мамдепартаменттин өкүлү Филип Кроули АКШ өкмөтүндө экстремистчил топтор чет элдик соопкерчилик уюмдарына жана Пакистандын өкмөттүк мекемелерине кол салары тууралуу маалымат бар экенин кабарлады. Ал ошондой эле АКШ суу ташкында жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү боюнча Пакистан менен иштешип жатканын, талиптердин коркутканына карабастан жардам токтотулбасына көңүл бурду.

Былтыр декабрда Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын Исламабаддагы кеңсесине талип жанкечтиси жасаган бомба чабуулунан уюмдун беш кызматкери курман болгон.

XS
SM
MD
LG