Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:11

Орусияда ишембиде кагылышуулар болуп, 3 миңден ашуун демонстрант кармалды


А.Навальныйды колдогон митингчилер тобу полиция менен кагылышты. Санкт-Петербург, Орусия. 2021-жылдын 23-январы.
А.Навальныйды колдогон митингчилер тобу полиция менен кагылышты. Санкт-Петербург, Орусия. 2021-жылдын 23-январы.

Орусиянын ар кыл аймактарында 23-январдагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотууну жана жемкорлукка каршы күрөштү талап кылган нааразылык жыйындары маалында айрым шаарларда демонстранттар менен полиция кагылышкандыгы жана 3 миңден ашуун киши кармалгандыгы кабардалды.

Навальныйдын жубайы Юлия Навальная да Москванын Большая Дмитровка аймагында убактылуу кармалып, бир нече сааттан кийин кайра бошотулду.

Татарстандын борбору Казандагы демонстранттар тобу. 2021-жылдын 23-январы.
Татарстандын борбору Казандагы демонстранттар тобу. 2021-жылдын 23-январы.


Ар башка шаарлардын нааразылык жыйындарынын өзгөчөлүктөрү байкалды. Маселен, Якутск шаарында митинг 50 градус суук кырдаалда өттү. Чита шаарында полиция митингчилерди таркатпай койгондугу үчүн демонстранттардын алкоосуна татыды. Саратов шаарында да полиция жыйылгандарга тынч гана байкоо жүргүздү.

Москвадагы демонстранттарды кармоо учуру. 2021-жылдын 23-январы.
Москвадагы демонстранттарды кармоо учуру. 2021-жылдын 23-январы.

Калган көп шаарларда коопсуздук күчтөрү демонстрантты кармап кетээр алдында ур-токмокко алган сыяктуу зомбулук аракеттерге барган окуялар катталды.

Москва шаарында бери дегенде 40 миңдей киши чогулгандыгын “Рейтерс” кабар агенттиги жазды. Тверская көчөсү жана Пушкин аянты жык-жыйма толгондугу видео тасма аркылуу да көрүнүп турду.

Мында Москва шаарындагы Страстной бульварындагы акыбал чагылдырылган. 2021-жылдын 23-январы.

Европа Биримдиги менен Кошмо Штаттар орусиялыктардын тынч жыйын куруу укугу чектелгендиги үчүн Кремлди сынга алышты.

АКШ Орусиянын демонстрациялар уюштурулган бардык шаарларындагы митингчилер менен журналисттерге карата жасалган катаал ыкмаларды кескин айыптады. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаменти 23-январда билдирүү жарыялады. Бул документте расмий Кремль 2020-жылдын августундагы Навальныйды ууландырган факт боюнча калыс иликтөө жүргүзүү үчүн эл аралык коомчулук менен кызматташууга чакырылган.

Европа Биримдигинин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррелл Орусия бийликтеринин ишембидеги тынч нааразылык жыйындарга карата катаал мамилесине өз тынчсыздануусун билдирди.

Боррелл “Твиттердеги” барагында Орусиядагы окуяларга кылдат көз чаптырып жатканын айтып: “Кеңири өлчөмдөгү камакка алуулар, ашыкча күч колдонулгандыгы, интернет жана телефон байланышы үзүлгөндүгү үчүн өкүнүч билдирем. Эми дүйшөмбү күнү биз Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери менен кийинки кадамдар тууралуу талкууламакчыбыз”, – деди.

Ишембидеги нааразылык чаралары 2017-жылдан кийинки учурдагы эң ири демонстрация болуп калды. Ал ызгаар суукка, коронавирустун жайылышынын коркунучуна жана экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, Орусиянын коомчулугу убактылуу абакта жаткан оппозициячыл лидер Навальныйды колдогондугун тастыктаган ири сынак болуп калды. Бул иш-чаралар быйыл күздө боло турган парламенттик шайлоонун ирегесиндеги саясий жүрүмдүн да күзгүсү болуп саналат.

Ыраакы Чыгыштагы нааразылык жыйындарынын бири. Владивосток. 2021-жылдын 23-январы.
Ыраакы Чыгыштагы нааразылык жыйындарынын бири. Владивосток. 2021-жылдын 23-январы.

44 жаштагы саясатчы Навальныйдын былтыркы ууландырылышынан кийин Германияда дарыланып, андан соң кайтып келгенде Кремль тарабынан абакка салынган окуя Орусиянын коомчулугу тарабынан терс кабыл алынгандыгы да ишембидеги ири нааразылык жыйындары аркылуу тастыкталды. (TT)

XS
SM
MD
LG