Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Өзбекстан Сардаба суу сактагычын кайрадан курат


Сардаба суу сактагычы
Сардаба суу сактагычы

Өзбекстан былтыр суу жырып кеткен Сардаба суу сактагычын калыбына келтирип, кайрадан курат. Өзбек өкмөтү бул боюнча коомчулукка жарыяланбаган токтом кабыл алганын “Азаттыктын” өзбек кызматы жазып чыкты. Маалыматка караганда, учурда суу сактагычты калыбына келтирүү боюнча инженердик-изилдөө жана долбоорлоо иштери жүрүп жатат.

“Азаттыктын” өзбек кызматы өлкөнүн Курулуш министрлигинин башкармалык жетекчиси Насрулло Бобоевдин жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегине таянып, суу сактагычты калыбына келтирүү эки баскычта ишке ашырыла тургандыгын жазды.

Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы былтыр 1-майда жырылып кетип, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен 24 айылдан 90 миңдей киши шашылыш коопсуз жакка көчүрүлгөн.

Ал эми коңшу Казакстандын Түркстан облусунун бир канча айылдарын суу каптап, 10 миңден ашуун адам үй жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Расмий маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен 900гө жакын үй жашоого жараксыз деп табылып, 5624 гектар эгин аянты суунун астында калган. Казакстан жалпысынан келтирилген зыяндын көлөмү 950 миң доллар болгонун санап чыккан.

Адистер дамбанын жарылышына тармактагы жемкорлук, аны курууда бетон жана башка курулуш материалдарынын уурдалганы себеп болгон деп эсептешет. Учурда бул боюнча сот жараяны жүрүп жатат.

Сардаба суу сактагычына 922 миллион куб метр суу батат. Ал эми анын бийиктиги - 28,8 метр.

XS
SM
MD
LG