Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:15

Сардаба кырсыгын териштирген сот башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-январда Ташкент шаардык сотунда Сардаба суу сактагычындагы кырсыктын себептерин териштирген сот отуруму өттү. Бул иште 17 киши шектүүлөрдүн катарында. Тергөө Сардабадагы апааттан мамлекет 4 миллион доллардан ашык чыгым тартканын аныктаган.

Өзбекстандын Жогорку соту Сардаба суу сактагычы боюнча ишти карай баштады. 5-январдагы отурум жабык өттү. «Кызматтык шалаакылык», «Курулуш, тоо шартындагы жана жарылуучу заттар менен иштөөдө коопсуздук эрежелерин бузуу» беренелеринин негизинде иш козголуп, 17 адамга айып коюлган. Кылмыш ишинин алкагында 171 адам суракка алынган.

Ташкенттик адвокат «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына билдиргендей, 17 айыпталуучунун арасында «Узгидроэнерго» акционердик коомунун төрт кызматкери, «Өзбекстан темир жолдору» мекемесинин үч кызматкери жана суу сактагычтын курулушуна катышкан адистер бар.

Жогорку сот бул иште мамлекеттик сыр болгондуктан, жараян жабык өтөрүн маалымдаган. Сотко катышкан 20 адвокаттын ар бири кылмыш ишинин чоо-жайын ачыкка чыгарбаш үчүн кол койгон. Ошондой эле айыпталуучулардын туугандарынын сот отурумуна катышуусуна тыюу салынган. «Сардаба ишине» катышкан адвокат сот жараяны ачык режимде өтүшү керек деп эсептейт.

«Сардаба суу сактагычы чек арадагы аймакта курулгандыктан сот бул жараянды жашыруун өткөрүшү мүмкүн. Бирок коррупциялык жагдайлар жөнүндө сөз болуп жаткандыктан сот коомчулук үчүн ачык болушу керек эле. Бул иштин купуялыгы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча стратегиялык реформаларды жүргүзүү жөнүндөгү бардык билдирүүлөрүн жокко чыгарат. Өзбекстанда «мамлекеттик сырды» шылтоолоп сот отурумдарын жашыруун өтүп жатканы көптөн бери коомчулукта күмөн ойлорду пайда кыла баштады», - деди ишке катышкан адвокаттардын бири.

Ал арада айыпталуучулардын туугандары даражасы төмөн аткаминерлер гана жоопко тартылып, суу сактагычты салууда чечим кабыл алган жетекчилер эркиндикте жүргөнүн айтышууда.

«"Узгидроэнерго" акционердик коомунун ошол кездеги жетекчиси Абдугани Сангинов, ошондой эле анын уулу Ислам Сангинов учурда кадимкидей эле иштеп жатышат. Алардын мүлкүнө эч ким тийишкен жок. Сардаба суу сактагычынын курулушуна катышкан ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери гана тергөөгө барып, сотто суралып жатат. Алардын бардыгы Сангинов менен чогуу иштешкен айылдаштары. Эми Сангинов жардам сурап же арыз менен келген адамдарды кабыл алуудан баш тартып жатыптыр», - деди айыпталуучулардын биринин тууганы.

Ал эми Сардабаны салууга катышкан «Өзбекстан темир жолдору» компаниясынын адиси мамлекетке 105 миң доллар төлөп бергенин билдирген. Бирок андан эки күндөн кийин «Узгидроэнергонун» басма сөз кызматы «бул компания Сардаба суу сактагычынын курулушуна жооптуу эмес жана ага катышкан эмес» деген билдирүү тараткан.

Былтыр 3-майда жарыяланган бул билдирүүдө 2010-жылдан бери жети жыл курулган суу сактагычтын негизги кардары Өзбекстандын Айыл жана суу чарба министрлиги, ал эми курулушту аткарган ишкана «Өзбекстан темир жолдору» акционердик коомуна караштуу «Өзбекстан темир жолдору, курулуш-монтаж» ишканасы экендиги айтылган.

Мындан тышкары, долбоорду ишке ашырууга 10дон ашык түрдүү ишкана катышкан. Расмий билдирүүдө бул ишканалар аткарган жумуштар өз убагында кабыл алынгандыгы белгиленген.

Анткен менен «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын атайын иликтөөсүндө Сардаба суу сактагычынын куруучусу жана негизги кардары, 2017-жылдын май айында «Узгидроэнерго» ишканасына дайындалган Абдугани Сангинов болгону аныкталган.

Былтыр 6-октябрда Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин директору Акмал Бурханов Сардаба дамбасы жырылган кырсыктын күнөөкөрлөрү табылганын айткан:

«Мындан аркы иликтөөлөрдү тиешелүү бөлүмдөрдүн тажрыйбалуу адистеринен турган комиссия жүргүзөт. Кылмышкерлерди аныктап, келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүп жатат».

Ошондой эле Агенттиктин расмий маалыматы боюнча, айыпталуучулардын жетөө убактылуу кармоочу жайга камалып, алтоо күрөөгө бошотулуп, төртөө убактылуу бошотулган.

Ал эми кырсыкты иликтеген эксперттердин корутундусуна караганда, дамбанын жарылышына долбоордун документациясында, курулушунда жана эксплуатациясында кетирилген кемчиликтер менен катачылыктар себеп болгон.

Сардаба суу сактагычынын курулушу 2010-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган. Аны куруу боюнча демилге Өзбекстандын азыркы президенти, ал кездеги өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевге таандык. Дамбанын курулушуна мамлекеттин бюджетинен 404,4 млн. доллар сарпталган.

Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы былтыр 1-майда жарылып, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен 24 айылдан 90 миңдей киши шашылыш коопсуз жакка көчүрүлгөн.

Ал эми коңшу Казакстандын Түркстан облусунун бир канча айылдарын суу каптап, 10 миңден ашуун адам үй жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Расмий маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен 900гө жакын үй жашоого жараксыз деп табылып, 5624 гектар эгин аянты суунун астында калган. Казакстан жалпысынан келтирилген зыяндын көлөмү 950 миң доллар болгонун санап чыккан.

Адистер дамбанын жарылышына тармактагы жемкорлук, аны курууда бетон жана башка курулуш материалдарынын уурдалганы себеп болгон деп эсептешет.

Сардаба суу сактагычына 922 миллион куб метр суу батат. Ал эми анын бийиктиги 28,8 метр.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG