Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

АКШ Сенатынын чалгындоо комитети Бөрнстүн БЧБ башчылыгына талапкерлигин жактырды


Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (БЧБ) директору кызматына талапкер Уильям Бөрнс. 2021-жылдын 24-февралы.
Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (БЧБ) директору кызматына талапкер Уильям Бөрнс. 2021-жылдын 24-февралы.

АКШ Сенатынын чалгындоо иштери боюнча комитетинин мүчөлөрү кесипкөй дипломат Уильям Бөрнстүн Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (БЧБ) директору кызматына талапкердигин бир добуштан колдошту. Бул тууралуу шейшембиде (2-мартта) чалгындоо иштери боюнча комитетти жетектеген демократ сенатор Марк Уорнер билдирди.

Эми бул талапкерди Сенат эч маалкатуусуз эле аталган кызматка бекитип берет ко, деп үмүттөнүп жатканын Уорнер белгиледи.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары У. Бөрнс. Бишкек. 2009-жылдын 12-июлу.
АКШнын Мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары У. Бөрнс. Бишкек. 2009-жылдын 12-июлу.


Өткөн айда Сенаттагы отурумда чыгып сүйлөп жатып, Бөрнс Кытайдын мамлекеттик үгүт куралы деп саналган “Конфуций институтунун” АКШдагы университеттер менне коллеждердин кампустарындагы бөлүмдөрүн жаап салууну сунуш кылган.

Бөрнстүн оюнча, Орусия. Түндүк Корея жана Иран АКШнын бакыбаттыгы үчүн кооптуу бойдон кала берүүдө. Ал Сенаттагы жыйында климаттык өзгөрүүлөр, дүйнөлүк саламаттыка сактоо тармагындагы көйгөйлөр жана маалымат мейкиндигиндеги киьернетикалык коркунучтар АКШнын улуттук коопсуздугу үчүн олуттуу тобокелчилик жаратып жатканын кошумчалаган.


Сенат 64 жаштагы Бөрнстү БЧБнын директору кызматына бекитчү болсо, анда бул чалгын агенттигинин тарыхында анын башчысы болгон алгачкы кесипкөй дипломат болуп калмакчы. Ал дипломат катары Орусия менен Жакынкы Чыгышта иштеп келген. (TT)

XS
SM
MD
LG