Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

АКШ миллиардер Игорь Коломойскийге санкция салды


Игорь Коломойский
Игорь Коломойский

АКШ бийлиги украиналык миллиардер Игорь Коломойскийге “коррупциялык аракеттери үчүн” деген жүйөө менен санкция салды. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 5-мартта "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Блинкендин маалыматы боюнча, олигарх Коломойский Украинадагы “мыйзам үстөмдүгүнө шек келтирген”. Бизнесмен менен бирге жубайы жана уул-кызы да чектөөгө туш болду. Мындан ары алардын АКШга киришине тыюу салынат.

Блинкен Коломойскийди өлкө келечеги үчүн олуттуу коркунуч жараткан киши катары мүнөздөдү.

Мамлекеттик катчы Вашингтон Украинадагы реформаларды колдоону улантаарын айтты. Ал Украинадагы жемкорлукка катышы бар жарандарга карата жаңы санкциялардын кабыл алынышынын ыктымалдыгын четке каккан жок.

Украинадагы эң бай адамдардын бири аталган Игорь Коломойский өлкөдөгү таасирдүү инсан катары саналат. Аны президент Владимир Зеленскийдин “көмүскөдөгү колдоочусу” катары аташат жана ал өлкөдөгү чечимдерди кабыл алууга таасир этээри жоромол кылынып келет.

Былтыр АКШнын Федералдык иликтөө бюросу жана Салык кызматы Коломойский ээлик кылган "Optima Management Group" компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзгөн.

Ал учурда Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги ишкердин үстүнөн Түштүк Флориданын аймактык сотуна акча адалдоо шеги боюнча эки арыз берген.

Американын тергөө мекемелери Коломойский "Приватбанктан" 1 миллиард доллар каражатты тымызын чыгарып кетип, Кентукки жана Техас штаттарынан кыймылсыз мүлк сатып алууга жумшаган деп шек санашат. Маселен, ал шериги менен бирге сатып алган Луисвилл (Кентукки штаты) жана Даллас (Техас штаты) шаарларындагы кеңсе имараттардын жалпы баасы 70 миллион долларга тете деп жоромол кылынууда.

XS
SM
MD
LG