Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Азербайжан президенти жылдын коррупционери аталды


Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиева менен, Баку, 7-октябрь, 2011
Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиева менен, Баку, 7-октябрь, 2011

Босниянын борбору Сараеводо жайгашкан Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы борбору Азербайжандын президенти Илхам Алиевди жылдын башкы коррупционери атады.

Чыгыш Европа, Борбор Азия өлкөлөрүндө иликтөө жүргүзгөн бейөкмөт уюмдун кара тизмесине Алиевден башка Балкандагы тамеки жана маңзат аткезчиси Насер Келменди, Монтенегронун премьер-министри Мило Джуканович, Өзбекстан жана Орусиянын президенттери Ислам Каримов менен Владимир Путин кирди.

Эл аралык "Транспаренси Интернешнл" уюмунун 2012-жылкы баяндамасында дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн үчтөн экисинде коррупция гүлдөп өсүп жатканы айтылат. Ушундай жагдайда “мыйзамсыз акча жасагандардын” анабашын аныктоо абдан кыйын экени айтпаса да түшүнүктүү.

Ошентсе да, иликтөө журналистикасына адистешкен сараеволук бейөкмөт уюм Азербайжандын президенти Илхам Алиевге “жылдын башкы коррупционери” наамын ыйгарды.

Илхам Алиевдин 51 жылдыгына арналып жасалган торт, 2012-жыл
Илхам Алиевдин 51 жылдыгына арналып жасалган торт, 2012-жыл
Уюмдун аткаруучу директору Пол Раду мындай чечимге эмнелер негиз болгонун айтып: “Азербайжандын президенти Алиев аялы, кыздары, жакын жан-жөкөрлөрү менен бирге канчалаган жашыруун бизнеске аралашканын биз быйыл бир нече иликтөө материалдарыбызда ашкереледик. Бул иште бизге “Азаттыктын” азери кызматынын кабарчылары жардамдашты. Азербайжандын биринчи үй-бүлөсүнө таандык Панама, Чехиядагы мүлктөрүн издеп таптык. Башка өлкөлөрдө катталган Алиевдердин фирмалары Азербайжанда иштеткен майлуу компанияларды аныктадык”, - деп белгилей кетти.

Иликтөө уюмунун мындай аракеттери, Пол Раду айткандай, арийне алар тилегендей натыйжаны берген эмес. Тескерисинче, Азербайжан парламенти июнда атайын мыйзам кабыл алып, коммерциялык компаниялардын ээлерин аныктоо ишин татаалдатып, болочок иликтөөлөргө бут тосту. Андан сырткары иликтөөгө катышкан азербайжан журналисти Хадича Исмаилова каралоо кампаниясына туш болуп, жеке турмушуна опсуз кийлигишкен ыплас иштерге кабылган.

Ислам Каримов
Ислам Каримов
“Вашингтон Пост” гезити эсептеп чыккандай, Илхам Алиевдин эки кызы менен өспүрүм уулуна катталган Дубайдагы эле хансарайлар болжол менен 75 миллион долларга татыйт. Салыштырып айта кетсек, Азербайжан президентинин расмий маянасы жылына 230 миң АКШ долларына барабар. Кара май жана башка табигый ресурстарга бай өлкөнүн башчысы жалгыз маянасына жашаса, балдарына чет өлкөдө ондогон миллион долларлык хансарайларды кайдан алып бермек?

Алиевден кийинки орундарды коррупциялык тизмеде Балканда көптөн бери тамеки аткезчилиги менен шугулданып, акчаны асманга сапырган мафиозилер ээлешти. 55 жаштагы косоволук албан Насер Келменди – эл аралык албан мафиясынын көзүрү, Европадагы башкы наркобарон саналат. Ал үч уулу жана бир тууган иниси болуп Босния, Монтенегро, Сербия жана Косоводо ондогон мейманкана, дүкөн, атүгүл алдыңкы гезитти менчиктеп алышкан. АКШ Келмендини былтыр эл аралык кылмыштуу наркосиндикаттын башчыларынын бири катары кара тизмеге кошту. Август айында Косоводо полиция Келмендини кармады деген маалымат тарап, кийинчерээк ал башка адам экен, бошотулду деген кабар жарыяланган. Негизи балкандык мафия башчылары эл аралык маңзат аткезчилигинин маанилүү оюнчулары эсептелет. Бирок байлыгына манчыркап, ээн-эркин бардарчылык турмушун улантууда.

Владимир Путин
Владимир Путин
Ар башка өлкөдө жайгашкан 15 журналисттик иликтөө борборлорун бириктирген Сараеводогу бейөкмөт уюм постсоветтик аймактагы башкы коррупционерлер арасына Өзбекстан менен Орусия президенттерин да кошту.

Германиялык Spiegel басылмасы Өзбекстанды “дүйнөдөгү эң ири үй-бүлөлүк бизнес” деп атап, өзбек президентинин кызы Гүлнара Каримованын 570 миллион долларлык байлык мүлкүн тизмелеп чыкты. Владимир Путиндин расмий тапкан акча каражаты, Орусиянын БШКсы жарыялаган документке ылайык, төрт миллион рублдин тегерегинде. Бирок москвалык эксперттердин баамында, орусиялык алдыңкы үч мунай жана газ компаниясындагы жашыруун акциялары эле Путинди дүйнөдөгү эң бай миллиардерлердин тизмесине кошо алат. Жакында алдыңкы орус оппозициячылары жарыялаган маалыматка ылайык, Владимир Путин алмаштырып тагынып жүргөн 11 сааттын жалпы баасы эле анын алты жылдык маянасына барабар.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG