Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Азербайжанда шайлоо алдында жаңжал чыкты


Рамиз Мехтиев (оңдо) Илхам Алиевдин атасы менен иштешкен.
Рамиз Мехтиев (оңдо) Илхам Алиевдин атасы менен иштешкен.

Азербайжанда быйылкы президенттик шайлоону утурлай президент Илхам Алиевдин бийлигинин беделине көлөкө түшүрүүчү жаңжал тутанууда.

Мурдагы университет ректору Баку бийликтери парламенттеги орундардын ар бирин бир миллион доллардан ашуун акчага чейин сатаарын көрсөткөн тасмаларды жарыялап жатат. Ал видеолордун акыркысы ушул аптада чыкты.

Азербайжандын азыркы саясий жаңжалы былтыр сентябрда башталган. Анда Азербайжан Эл аралык университетинин мурдагы ректору Элшад Абдуллаев өзү 2005-жылкы шайлоо алдында депутаттык мандатты сатып алуу үчүн соодалашып жаткан кези жашыруун тартылган тасманы коомчулукка шардана кылган эле.

Тасмада ал кездеги ректор Абдуллаев азери парламентинин “кайнене” деген каймана ат менен белгилүү депутаты, бийликтеги “Ени Азербайжан” партиясынын таасирдүү өкүлү Гулар Ахмадова менен маңдай-тескей сүйлөшүп отурат.

Ахмадова Абдуллаевге парламенттен орунду ал буга чейин төлөгөн
500 миң манатты же 637 миң долларды экиге көбөйтсө гана алып бере аларын айтууда. Ага катар Ахмадова жана аны менен бирге отурган Севинж Бабаева ысымдуу айым ректор Абдуллаевди анын акчасы “устат Рамизге” берилгенине ынандыруу аракетин көрүшүүдө.

Рамиз Мехтиев - азери президентинин аппарат башчысы жана өлкөдөгү экинчи эң таасирдүү адам катары саналат. Андыктан былтыр күздөн бери кеминде жети тасманы жарыялаган Абдуллаев 74 жаштагы Мехтиевди максатына жетүү үчүн кээде катаал ыкмалардан да кайра тартпаган коррупциялык топтун анабашы катары көрсөтүүдө.

Өзү Азербайжандан качып, азыр Франциянын Страсбург шаарында жашаган Абдуллаевдин айтымында, эгер Мехтиев бийликтен четтетилбесе, ал алдыдагы апталарда, айларда жаңы тасмаларды шардана кылмакчы.

Бир тууганды табуу аргасы

Ал эми кезинде парламенттен орунду сатып алуу аракеттенгенин Абдуллаев учурда “дайынсыз жоголду” деп саналган бир тууганын сактап калуу аракети менен түшүндүрүүдө. Анын Улуттук коопсуздук министрлигинде иштеген, аскерий чини майор бир тууганы Махир 2003-жылы камалып, анан дайынсыз жоголгон.

“Азаттык” радиосунун азери кызматы менен маегинде Абдуллаев жашыруун тартылган видеолорду шардана кылуу чечимине президент аппаратынын башчысы Мехтиевдин анын бир тууганын уурдоого жана шайлоону бурмалоого тикелей тиешеси бар болгону боюнча дооматтарын бийликтер укпагандан кийин келгенин белгиледи:

- Бул жердеги юрист профессорлор, адвокатым бийликтер мендеги далилдердин 10% ээ болушса эле ишти сотко жеткире алмактыгын айтып жатышат. Атүгүл адам укуктары боюнча Европа сотуна чейин барам. Менде башка жол калган жок. Азербайжандын өзүндө эле сотко берүүнү каалагам. Бирок алар менин үй-бүлөмө террор көрсөтө башташты.

Абдуллаевдин үстүнөн Азербайжанда кылмыш иши ачылган. Тартип коргоо органдары ал Эл аралык университетти башкарып турган кезинде коррупциялык жол менен пайда көргөн деп шек санашат. Окуу жай 2010-жылы студенттерди мыйзамсыз кабыл алган, паракорчулукка жол берилген деген жүйө менен жабылган.

Шектүү өлүм

Анткен менен мурдагы ректордун парламенттеги орунду сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдөн тартып, бийлик адамдары нак акчага шыкалган чемондарды отвертка менен ачып жаткан учурлар түшүрүлгөн тасмалары Бакуда таасирин тийгизип жаткандай.

Жакындагы бир шектүү өлүм да жаңжалдын маанисин арттырды. Атап айтканда, тасмада мурдагы ректор менен соодалашып жаткан Гулар Ахмадованын жанындагы Севинж Бабаева 26-декабрда Түркиядагы ооруканада көз жумган.

Бабаеванын уулу Айхан Мамедов энесинин өлүмү үчүн Ахмадованы айыптап, ал энесинин тамагына былтыр күздө жайыраак жайран кылуучу ууну кошуп койгонун айтып чыкты.

Парламенттеги орун акысы сүйлөшүлүп жаткан учур.
Парламенттеги орун акысы сүйлөшүлүп жаткан учур.
Ахмадова болсо бул ырастоолорду “келжиреген кеп сөз” катары мүнөздөп, “Азаттык” радиосуна түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Бирок азыр “Гуларгейт” деп аталып калган жаңжалдын таасири күчөгөндөн улам ал өзү биринчи шектүүгө айланып бара жаткандай.

“Ени Азербажан” партиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылган Ахмадова ушул аптада үй камагына отургузулган.

Бирок чуулгандуу видеонун дагы бир башкы каарманы, президент аппаратынын башчысы Мехтиевге чара көрүлөр-көрүлбөсү азырынча белгисиз.

Азербайжан элитасынын узактан берки өкүлү Мехтиев мурдагы президент, маркум Гейдар Алиевдин жакынкы кызматташы жана 2003-жылы бийликти атадан балага өткөрүү планынын башкы архитектору болгон деп айтылып жүрөт.

Акырындык менен кулач жайып бара жаткан жаңжал Азербайжандын быйыл октябрга белгиленген президенттик шайлоосуна туш келүүдө. Саясий беделге көлөкө түшүрүүчү видеолор коңшу Грузиянын былтыр күздөгү парламенттик шайлоосун эске салды.

Грузияда түрмөдөгү ур-токмок боюнча элдин үрөйүн учурган видеолордун шайлоо алдында жарыяланышы президент Михаил Саакашвилинин партиясы шайлоодо утулушуна чоң салым кошкон эле.

Кыйла эле кордук-зордук көргөн азери оппозициясы да “Гуларгейт” жаңжалын президент Алиевден кутулуунун сейрек кездешүүчү мүмкүнчүлүгү катары карап, өкмөттү мурдагы ректор Абдуллаевдин айткандарын иликтөөгө чакырууда.

Прокурорлор да өз кезегинде шайлоонун бурмаланышы боюнча ырастоолорду жана видео тасмалардын нукуралуулугун текшере башташты.

Бакулук саясат таануучу Хусеинбала Салимовдун көз карашында, Абдуллаевдин видеосу Грузиядагыдай, бийликтин жеңилүүсүнө алып барбайт. Анткени Азербайжанда шайлоо жыйынтыгы олуттуу бурмаланат.

Президент аппаратынын башчысы Мехдиев кызматтан кулатылган күндө деле оппозициядан Алиевге чакырык таштаган күчтүү талапкер жакынкы жылдары чыга албайт:

- Өкмөт улгайган адамдардан турат. Алар саясий аренадан ансыз деле жакында кетет. Бирок системанын фундаменталдык принциптери өзгөрмөйүнчө бир расмий өкүлдү экинчиси менен алмаштыруу эч нерсени өзгөртпөйт.

Эгер Илхам Алиев октябрда кайра шайланса, бул анын үчүнчү мөөнөтү болот. Азербайжандын оңдолгон Конституциясы мындайга мүмкүнчүлүк берет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG