Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:09

Азербайжанда кырдаал курчуду

Нааразылык акциясынан бир көрүнүш
Нааразылык акциясынан бир көрүнүш

Физули, Аксу, Агджабеди, Сиязан жана Ленкоран аймактарында башталган нааразылык акциялары 15-январда Губа шаарына өттү.

13-январда Физули, Аксу, Агджабеди, Сиязан жана Ленкоран аймактарында башталган нааразылык акциялары 15-январда Губа шаарына өттү.

Азербайжандын тартип коргоо органдары нааразылык акциясына чогулган элди көздөн жаш агызуучу газ жана суу менен таркатууга аракеттенүүдө. Баалардын өсүшү менен жумушсуздукка нааразы болуп көчөгө чыккандар полициянын күч колдонушуна ачуусу келгенин айтышты.

Губада эл менен аскерлер бет келишти

Азербайжандын түндүк-чыгышындагы Губа шаарында 15-январда башталган каршылык акциясына катышкандарды жергиликтүү бийлик тез арада таркап кетүүгө чакырды. Бирок алар бийликтин талабын аткаруудан баш тартып, шаардын борбордук аянтын бошотушкан жок. Ал тургай каршылык акциясынын катышуучулары Куба-Баку жолун бөгөгөнгө аракет кылышты.

Андан соң бийлик демонстранттарга каршы күч колдонууга өттү. Губа шаарында жайгашкан аскер күчтөрү элге каршы көздөн жаш агызуучу газ жана суу менен аткылады. Шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, блок-посттор орнотулду. Каршылык акциясынын аскерлерден качкан катышуучулары аскерлер менен полицияга карата таш аткан учурлары катталганы кабарланууда.

Ошентип Азербайжандын бир катар аймактарында 13-январда башталган нааразылык акциялары күч түзүмдөрүнө каршылык көрсөткөн жагдайга чейин өсүп жетти. Жергиликтүү калк нааразылык акцияга чыгууга күнүмдүккө керектүү товарлардын баасы кескин өсүп кеткени себеп болгонун айтышты. Буга кошумча акциянын катышуучулары Азербайжандын улуттук валютасы манат кунун жоготуп, карапайым элдин турмушу кескин начарлаганы да көчөгө чыгууга түрткү болгонун белгилешти.

15-январда буга чейин айыл аймактарында болуп жаткан нааразылык акциялары Губа сыяктуу шаарга жайылды. Мына ушуга байланыштуу Азербайжандын полициясы менен күч түзүмдөрү 15-январдан тарта күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришти.

Буга чейин 13-январда Азербайжандын Физули, Аксу, Агджабеди, Сиязан жана Ленкоран аймактарында жергиликтүү калк нааразылык акциясына чыгып, бийликти алардын алдына чыгып, түзүлгөн кырдаал тууралуу тез арада жооп берүүнү талап кылды. Буга кошумча акциянын катышуучулары Азербайжандын улуттук валютасы манат кунун жоготуп, карапайым элдин турмушу кескин начарлаганы аларды көчөгө чыгууга түркү бергенин белгилешкен.

13-январда Сиязан аймагында административдик борборго бараткан демонстранттардын жолун полиция күчтөрү бөгөгөн. Азербайжандын күч түзүмдөрү бул мыйзамсыз нааразылык акциясына чыккандардын арасынан жалпысынан 55 адам кармалганы туурасында билдирүү тараткан болчу.

Азербайжанда нааразылык күчөдү

Бакуда бийиктиги 190 метрге жеткен Жалын Мунарасы
1/15 Бакуда бийиктиги 190 метрге жеткен Жалын Мунарасы
Толук көрсөт Кыскарт
Бакуда саркеч кийимдер сатылган дүкөндүн алдын шыпырган аял
2/15 Бакуда саркеч кийимдер сатылган дүкөндүн алдын шыпырган аял
Толук көрсөт Кыскарт
Президент Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиева менен түшкөн расмий сүрөт

3/15 Президент Илхам Алиев жубайы Мехрибан Алиева менен түшкөн расмий сүрөт

Толук көрсөт Кыскарт
Бакунун борбордук базарында нан саткан улгайган аял. Шаарда мунаралар менен стадиондор салынса дагы карапайым адамдардын жашоосу өзгөргөн деле жок.

4/15 Бакунун борбордук базарында нан саткан улгайган аял. Шаарда мунаралар менен стадиондор салынса дагы карапайым адамдардын жашоосу өзгөргөн деле жок.

Толук көрсөт Кыскарт
Бакуда Биринчи Европалык оюндар өтүп жаткан маалда эс алып отурган бийчилер.

5/15 Бакуда Биринчи Европалык оюндар өтүп жаткан маалда эс алып отурган бийчилер.

Толук көрсөт Кыскарт
Бакуда бузулган үйлөрдү аралап жүргөн киши. Эки миллион калк жашаган шаарда жаңы микрорайондор курулду.
6/15 Бакуда бузулган үйлөрдү аралап жүргөн киши. Эки миллион калк жашаган шаарда жаңы микрорайондор курулду.
Толук көрсөт Кыскарт
Бакудагы Кристал-Холл. Айнектен салынган арена 2012-жылы Евровидение ыр сынагын өткөрүү үчүн курулган.

7/15 Бакудагы Кристал-Холл. Айнектен салынган арена 2012-жылы Евровидение ыр сынагын өткөрүү үчүн курулган.

Толук көрсөт Кыскарт
Бакунун сыртындагы качкындар лагерин башпаанектеген балдар.

8/15 Бакунун сыртындагы качкындар лагерин башпаанектеген балдар.

Толук көрсөт Кыскарт
Президент Алиевдин кызы Лейла Алиева (солдо) жана Мехрибан Алиева (оңдо) Бакудагы жан дүйнөнүн бейкуттугуна арналган көргөзмөдө.
9/15 Президент Алиевдин кызы Лейла Алиева (солдо) жана Мехрибан Алиева (оңдо) Бакудагы жан дүйнөнүн бейкуттугуна арналган көргөзмөдө.
Толук көрсөт Кыскарт
Шаардын борборундагы Гейдар Алиев борбору. Комплекс Азербайжандын мурдагы прзиденти, Илхам Алиевдин атасынын урматына салынган. Алиевдер Азербайжанды 1969-жылдан бери башкарышат.
10/15 Шаардын борборундагы Гейдар Алиев борбору. Комплекс Азербайжандын мурдагы прзиденти, Илхам Алиевдин атасынын урматына салынган. Алиевдер Азербайжанды 1969-жылдан бери башкарышат.
Толук көрсөт Кыскарт
Бакунун борбордук базарында сатыкка коюлган тооктор. Кара майдын баасы түшүп, манат арзандагандан кийин өкмөт 14 акча алмаштыруучу жайды жапты.

11/15 Бакунун борбордук базарында сатыкка коюлган тооктор. Кара майдын баасы түшүп, манат арзандагандан кийин өкмөт 14 акча алмаштыруучу жайды жапты.

Толук көрсөт Кыскарт
Бакунун Олимпиада стадионунда 2015-жылкы Европалык оюндардын ачылыш аземи маалындагы салют.
12/15 Бакунун Олимпиада стадионунда 2015-жылкы Европалык оюндардын ачылыш аземи маалындагы салют.
Толук көрсөт Кыскарт
Бакунун Нафталан ден соолук борборунда чийки нефть менен дарылоо процедурасы. Эгемендикке ээ болгондон кийин кара майга бай Азербайжан экономикасын диверсификациялаган эмес, андыктан азыр күтүлбөгөн кыйынчылыктарга кабылууда.
13/15 Бакунун Нафталан ден соолук борборунда чийки нефть менен дарылоо процедурасы. Эгемендикке ээ болгондон кийин кара майга бай Азербайжан экономикасын диверсификациялаган эмес, андыктан азыр күтүлбөгөн кыйынчылыктарга кабылууда.
Толук көрсөт Кыскарт
Бакунун сыртында нефть чыккан жердеги жумушчу. Экономикалык кризиске карабай президент Алиев карапайым элге "жигердүү иштөөнү" тапшырган. Бирок жер-жерлерде нааразы болгондордун катары калыңдоодо.
14/15 Бакунун сыртында нефть чыккан жердеги жумушчу. Экономикалык кризиске карабай президент Алиев карапайым элге "жигердүү иштөөнү" тапшырган. Бирок жер-жерлерде нааразы болгондордун катары калыңдоодо.
Толук көрсөт Кыскарт
Бакуда полиция оппозициялык активистти кармап баратат, 2011. Полиция буга чейин өз көз карашы барларды күчкө салып кармап, үнүн басса, учурда жер-жерлерде чыккан нааразылыктар бир топ опурталдуу кырдаалды жаратууда.
15/15 Бакуда полиция оппозициялык активистти кармап баратат, 2011. Полиция буга чейин өз көз карашы барларды күчкө салып кармап, үнүн басса, учурда жер-жерлерде чыккан нааразылыктар бир топ опурталдуу кырдаалды жаратууда.
Толук көрсөт Кыскарт
Артка
Алдыга

XS
SM
MD
LG