Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Медведев Азербайжанга эмнеге шашты?


Орус президенти Дмитрий Медведев
Орус президенти Дмитрий Медведев

Орусиянын президенти Д.Медведев бейшембиде Азербайжанга эки күндүк расмий сапар менен барды. Анын алкагында эки өлкөнүн чекарасын аныктаган келишимге жана Самур дарыясындагы сууну бирге пайдалануу боюнча макулдашууларга кол коюлат деп күтүлүүдө. Бирок бул визит учурунда орус президенти соңку кездери кайра көтөрүлө баштаган Тоолуу Карабак проблемасы боюнча да тараптарга билдирүү жасашы мүмкүн.

Байкоочулар муну расмий Москванын Түштүк Кавказдагы таасиринин артышы жана Кремлдин узак мөөнөттүү максаттары менен байланыштырышууда.

1-сентябрда Азербайжанда “дүйнөдөгү эң чоң мамлекеттик желек” деп атап жатышкан байрактын ачылышы болду. Узундугу 70, туурасы 35 метрге жеткен байрактын салмагы - 350 килограмм.

Курулушуна 32 млн.доллар сарпталган Улуттук желек деп аталган жаңы аянтта президент Илхам Алиев сүйлөп, убагы келгенде жашыл, кызыл, көк түстүү азери байрагы бүтүндөй Азербайжандын үстүнөн калкып учушун тилей турганын айтты. Бүтүн Азербайжан деп ал жаңжалдуу Тоолуу Карабак анклавын да эсептейт.

“Биздин байрак – бул биздин жаныбыз, ар-намысыбыз, - деди ал. – Байрак Карабактын, Ханкендинин жана Шушанын үстүнөн калкып учат. Биз баарыбыз ошол күнгө жетиш үчүн жаныбызды аябай иштешибиз керек жана иштеп жатабыз. Жашасын Азербайжан!”

Мына ушундай маанай өкүм сүрүп турган Түштүк Кавказдагы үч өлкөнүн ичинде эң эле кубаттуусу делген бул мамлекетке бейшембиде орус президенти Дмитрий Медведев барды.

"Саясий эмдөө"

Анын эки күндүк сапары келишимдерге кол коюп, бири-биринин далысын таптамай, колун кысмай менен эле бүтүп калбайт деп күтүлүүдө. Формалдуу түрдө алар чекара жана суу колдонуу боюнча сүйлөшөөрү айтылган. Ошентсе да бул ирет орус мамлекетинин региондогу таасири, энергетикадагы кызматташтык да сөзсүз талкууланат дешет аналитиктер.

Баштап бул сапар сентябрда өтөөрү айтылган болчу. Бирок Кремлдин өтүнүчү менен ал тездетилди. Бул жолугушуудан кийин Илхам Алиев Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясына катышыш үчүн жана америкалык жетекчилик менен жолугуш үчүн АКШга жөнөп кетет.

Бакудагы саясий аналитик Расим Мусабеков “Азаттыктын” азери редакциясына Медведевдин азыркы расмий сапары өзгөчө маанилүү мезгилде болуп жатканын белгиледи.

“Медведевдин сапарын Азербайжан азыр Батышка өтө эле жакындап кетпеши үчүн жасалган алдын алуу аракети десек болот, - деп ойлойт бакулук аналити. - Азыр Орусия Азербайжанды өзүнө имерип алыш үчүн айрым убадаларды айтып, кээ бир проблемаларын чечип бериши деле мүмкүн. Бирок, менимче, Азербайжан баары бир Орусиянын таасири астында калбайт”.

Баку бул расмий визиттен, балким, Армения менен Тоолуу Карабак боюнча араздашууларында колдоо күтүшү мүмкүн. Азербайжан менен Армения азери аймагында калкынын басымдуу бөлүгүн армяндар түзгөн Тоолуу Карабак боюнча азырга чейин мунаса табыша элек. Эки өлкө аймакты талашып алты жыл согушту. Ок атышуу 1994-жылы токтотулганына карабай, азырга чейин Тоолуу Карабактын статусу боюнча маселеге чекит коюла элек. Аймакта эки тараптын ортосунда майда чатактар азырга чейин мезгил-мезгили менен кайталанып турат.

Орусиянын оорду

Орусия болсо Арменияны бул региондогу өзүнүн жакын өнөктөшү катары көрөт. Бакуга келгенге чейин бир нече күн мурда Д.Медведев армян президенти Серж Саркисян менен Армениядагы орус аскерий базасын дагы көбүрөөк мезгилге калтырган келишимге жетишти. Армениянын коопсуздугун коргоого сөз берди.

Бул, албетте, айрым учурда Тоолуу Карабакты Армениядан күч менен тартып алаарын эскерткен расмий Бакуга жаккан жок. Ошон үчүн Азербайжандагы расмий жетекчилер Кремлдин саясатындагы акыйкатсыздык тууралуу сүйлөй башташкан.

Мына ушул камтамачылыктарга Медведевдин бул жолку сапарында канчалык жооп болоору белгисиз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG