Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Азия кубогундагы Кыргызстандын атаандаштары: фаворит жана аутсайдер


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын оюнчулары. Архивдик сүрөт.

Футбол боюнча Азия кубогунда Кыргызстандын улуттук курама командасынын тайпадагы атаандаштары аныкталды.

2024-жылы өтө турган мелдеште Кыргызстан F тайпасында ойнойт. Бул жолку турнирге улуттук курама жаңы машыктыруучу менен барат.

F тайпасындагы командалардын дарамети

Футбол боюнча Азия кубогуна чүчү кулак кармоо 11-майда Катардын Доха шаарында болду. Жыйынтыгында Кыргызстан F тайпасына жайгашып, Сауд Арабиясы, Тайланд, Оман өлкөлөрү менен түштү. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович чүчү кулактын жыйынтыгы тууралуу “Азаттыкка” буларды айтты:

“Биздин атаандаштар күчтүү командалар. Сауд Арабиясы былтыркы дүйнө чемпионатынын катышуучусу жана алар тайпадагы эң күчтүү команда. Тайланд жана Оман да оңой эмес атаандаш. Чүчү кулак - биз өзгөртө албай турган нерсе. Мында биз атаандаштарды тандай албайбыз. Аны кабыл алышыбыз керек. Ушу таптан баштап биздин башкы максатыбыз - кураманы бул мелдешке даярдоо. Ийгиликке, биздин жеңишке жана максатыбызга жетерибизге ишенем”, - деди Штефан Таркович.

F тайпасындагы төрт команданын дарамети, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылсак. Бул тайпада Сауд Арабиясы фаворит. Ал ФИФА рейтингинде 211 өлкөнүн ичинен 54-орунда турат. Башкасын айтпаганда да 2022-жылы ноябрь айында Катарда өткөн дүйнө чемпионатындагы биринчи беттешинде Аргентинаны утуп сенсация жаратканы эч кимдин эсинен кете элек. Бирок кийинки оюндарда утулуп тайпадан чыкпай калган.

Быйыл Перс булуңунун кубогу деген мелдеште Иракка андан кийин Оманга утулуп калды. Ушул эле жылы Боливия жана Венесуэла менен жолдоштук беттештерди өткөрүп, экөөнө тең жеңилди. Март айынын аягында Сауд Арабиясы курама командасынын башкы машыктыруучусу Эрве Ренар кызматтан кетти.

Азия кубогуна катышы турган улуттук курамалар алты тайпада ойнойт.
Азия кубогуна катышы турган улуттук курамалар алты тайпада ойнойт.

Тайланд ФИФА рейтингинде 114-орунда турат. Быйыл төрт ирет оюн өткөргөн. Бир жолу жеңип, эки ирет утулган. Бир тең чыгуу бар.

F тайпасында Оман да күчтүү курама деп саналат жана ал ФИФА рейтингинде 73-катарга илинген. 2023-жылы Перс булуңунун кубогу жана жолдоштук беттештерде алты жолу оюн өткөрүп төрт жолу жеңишке жеткен. Бир утулуу, бир тең чыгуу бар. Омандын башкы машыктыруучусу Бранко Иванкович чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча мындай деди:

“Менин командам Азия Кубогунун финалына жолдомо алганына абдан сыймыктанам. Өнүгүүнүн эң жакшы жолу – бул күчтүү атаандаштарга каршы ойноо. Биз турнирге бийик максаттар менен барабыз. Сауд Арабиясы фаворит болуп саналат жана алар Дүйнөлүк чемпионат жакшы ойногон. Тайпадан чыккан эки команданын бири болуу биздин биринчи максатыбыз”.

Жаңы машыктыруучу, муун алмашуу процесси

Кыргызстан Азия кубогуна жаңы башкы машыктыруучу жана улуттук курама командада муун алмашуу процесси жүрүп жаткан тапта барганы турат. Команда ушул тапта ФИФА рейтингинде 96-орунда. “Ак шумкарлар” быйыл март айында Индия менен болгон жолдоштук беттеште утулуп, ушул эле айда Мьянма менен жолдоштук оюнда тең чыкты.

“Бул турнирде Азиянын эң мыкты өлкөлөрү күч сынашат, андыктан алсыз атаандаштар болушу мүмкүн эмес. Тайпа жакшы жана кызыктуу. Мен биздин кураманын күчүнө ишенем! Мурункуга караганда көбүрөөк ийгиликке жете алаарыбызды ишенимдүү айта алам”, - деди Кыргызстандын улуттук курамасынын капитаны Валерий Кичин.

Кыргыз футбол бирлиги Штефан Таркович менен май айынын башында 2024-жылдын 30-июнуна чейин келишим түзгөн. 50 жаштагы Штефан Таркович 2020-жылдан 2022-жылга чейин Словакиянын улуттук курама командасын машыктырган. Словакия курама командасы 2020-жылы футбол боюнча Европа чемпионатынын финалдык баскычына чыккан.

Адилет Темирланов.
Адилет Темирланов.

Спорт баяндоочу Адилет Темирланов Штефан Таркович Словакия курама командасын жетектеп баштаганда муун алмашуу болгонун, бул жаатта анын тажрыйбасы бар экенин айтты. Ал тажрыйбалуу спортчулар менен жаш футболчуларды бир муштум кылып бириктире аларына ишенет. Бирок көбүнчө тажрыйбалуу футболчуларга ишеним артып, коргонуудан контрчабуул кылууга басым жасайт деген пикирде.

“Азия кубогу аз убакытта эле жыйынтыктала турган турнир. Анын өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Ошондуктан ар бир мелдеш өтө маанилүү. Ушундай мелдеште машыктыруучунун иши көрүнөт. Биздин улуттук кураманын болжолдуу курамы бар. Бирок негизгиси мелдеш учурунда кайсы спортчу кандай даярдыкта келди ушул маанилүү. Азия кубогуна машыгуу башталганда кураманын тизмесине 40тан ашык футболчу кирет. Штефан Таркович азыр машыктыруу штабы менен кошо Кыргыз премьер-лигасындагы ар бир оюнга катышып, спортчуларды карап атат. Бизде коргонуу бөлүгүндө жана чабуулда маселе бар. Жарым бөлүктө ойногон оюнчалар көп”.

Кыргызстан Азия кубогунда 2024-жылы 16-январда Тайландга каршы ойнойт.
Кыргызстан Азия кубогунда 2024-жылы 16-январда Тайландга каршы ойнойт.

“Футболго жардам берүүгө мезгил келди

Кыргызстан Азия кубогунда 2024-жылы 16-январда Тайландга каршы ойнойт. 21-январда Сауд Арабиясы менен беттешип, 25-январда Оман менен кез келет.

Азия кубогунун финалдык баскычына өткөн 24 улуттук курама командалар алты тайпага төрттөн бөлүндү. Алар тайпадан бири-бири менен бир жолудан ойноп биринчи жана экинчи орунду алган 16 команда плей-офф баскычына чыгат. Андан тышкары үчүнчү орунга илинип эң көп упай топтогон төрт өлкө алардын катарына кошулат.

AFC Asian Cup Qatar 2023 турнири Катарда 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин өтөт.

Амангелди Муралиев.
Амангелди Муралиев.

“Катарда өткөн дүйнө чемпионаты футбол кандай өзгөргөнүн, мамлекеттер футболду кандай колдоп жатканын көргөздү. Чакан эле өлкө Хорватия ар дайым алдыңкы орундарды алып келет. Кыргызстанда футболду Кыргыз футбол бирлигинин эле эмес өкмөттүн да колдоосу менен көтөрүш керек. Өкмөт мурдагы жылдарга салыштырмалуу бюджет көбөйгөнүн, акча бар экенин билдирип атат. Ошондуктан футболго жардам берүүгө мезгил келди”, – деди футбол уюмунун мурдагы президенти Амангелди Муралиев.

Кыргызстандын курамасы ушуну менен Азия кубогуна экинчи жолу чыгып жатат. Улуттук курама 2019-жылы алгачкы жолу Азия кубогунда ойноп, 1/8 финалга чейин жеткен. Бул кыргыз футбол тарыхындагы эң чоң жетишкендик болуп калды. 2022-жылы курама Азия кубогуна экинчи ирет жолдомо алган.

2019-жылдагы Азия кубогу: 1/8 финалдагы Кыргызстан менен БАЭ курамасынын беттеши.
2019-жылдагы Азия кубогу: 1/8 финалдагы Кыргызстан менен БАЭ курамасынын беттеши.

Ал эми жалпы Азия кубогунда Жапония, Түштүк Корея, Австралия, Бириккен Араб Эмираты, Катар, Иран, Сауд Арабиясы фаворит деп саналат.

Азия кубогу – Азиядагы футбол боюнча улуттук курама командалардын негизги мелдеши. Ал 1956-жылдан бери төрт жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Мелдеш дүйнөлүк чемпионаттан бир жылдан кийин өтөт. Чемпиондукту эң көп жеңип алган – Жапония (4 жолу).

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG