Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

"Балам таш-топурак алдында калды". Марокко аза күтүп жатат


Зилзалада жакынын жоготкон келин.
Зилзалада жакынын жоготкон келин.

Европа мамлекеттери, араб өлкөлөрү жана АКШ Мароккого куткаруучулар менен кошо гуманитардык жардам жөнөттү. 2800дөн ашуун адамдын өмүрүн алган зилзаладан улам тургундар үч күндөн бери сыртта түнөп жатышат.

Атлас тоо кыркаларында жайгашкан шаар-кыштактарда куткаруу иштери уланып жатат. Кыйратуучу зилзаланын курмандыктары дагы көбөйүшү мүмкүн.

Караңгыдагы каргаша

Тафегахте айылынын тургуну Хамид бин Ханна зилзалада уулунан ажырады. Үй-бүлө кечки тамактан кийин коон жейбиз деп чогулган учурда жер титиреген. Сегиз жаштагы Маруан коон сойгон бычакты ала келем деп ашканага барган кезде дубал басып калды:

Хамид бин Ханна
Хамид бин Ханна

"Электр жарыгы жок эле. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Башыбызга таштар кулап жатты. Бактыга жараша дарбаза ачык экен. Жараат алган жубайымды, кызымды жана бир уулумду сыртка чыгарууга жетиштим. Дагы бир уулум урандылардын астында калды. Ал таш-топурактын астында бир күн калып кетти. Эртеси туугандар сөөгүн казып алганга жардам беришти".

Мароккодо 9-сентябрга караган түнкү катуу жер титирөөдө өлгөндөрдүн саны 2800дөн ашты. Айрыкча Хамид жашаган Тафегахте сыяктуу тоолуу айылдарда кыйроолор көп.

Куткаруучулар тобу
Куткаруучулар тобу

Очогунда күчү жети баллдан ашкан силкинүүдө эң көп жоготууларга Ал-Хауз чөлкөмү учурады. Андан 70 чакырым алыстагы баш калаа Марракеште чет элдиктер көп барган тарыхый район дагы жабыркады.

"Көчөдө баш калкалап жатабыз. Анткени мейманкана коопсуз экенин билбейбиз. Балким, дубалдарына жарака кеткендир. Ошондуктан сыртта - бассейндин жанында эле түнөй баштадык. Жүрөктүн үшүн алган коркунучтуу окуя болду. Зилзала маалында тышка чыкпадык, имараттын ичинде калганыбыз коопсуз деп ойлодук эле. Анан сыртта ызы-чуу башталды. Көчөдө эмне болуп жатканы көз алдыбызга келди. Бул чындыгында өтө коркунучтуу", - деди германиялык турист Клаудия Новак Rueters агенттинин кабарчысына.

Чатырлар жетишсиз

Өлкө бийлиги 2400дөн көп адам жараат алганын, алардын бир жарым миңдейи өтө оор абалда жатканын билдирди. Дайынсыз жоголгондор изделүүдө. Мындан улам эксперттер каргашанын курмандыктары көбөйүшү мүмкүн деп болжолдошот.

Баштапкы маалыматтарга караганда, көптөгөн турак жайлар чийки кыш менен жыгачтан курулгандыктан, урап калды.

Турак жайы кыйрагандар үчүн тигилген чатырлар
Турак жайы кыйрагандар үчүн тигилген чатырлар

Өкмөт Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчыларынын жардамында жарандар үчүн чатырларды тигип, тамак-аш уюштурду. Бирок баш калкалоочу жай таппай, сууга жетпей кыйналгандар бар экенин маалымат каражаттары жазышты.

"Кошуналарымдын жанынан орун алган элем, куткаруучулар бир чатырда көпчүлүк болбошу керек деп мени сыртка чыгарып коюшту. Башка чатыр тигип беребиз дешкен. Бирок азырынча башка чатыр жок", - деди Азилал аймагындагы 24 жаштагы келин.

Мамлекетте үч күндүк аза күтүү жарыялаган падыша Мухаммед VI каза болгондор үчүн бардык мечиттерде куран окууга чакырды.

Үйү кыйрагандар колдо бар кездемелерин чатыр кылып отурушат. Амизмиз айылы, Марокко.
Үйү кыйрагандар колдо бар кездемелерин чатыр кылып отурушат. Амизмиз айылы, Марокко.

Эл аралык тилектештик

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши 11-сентябрдагы жыйынын курман болгондорду эскерүү менен баштады. Марокконун БУУдагы туруктуу өкүлү Омар Знибер дүйнө коомчулугуна кайрылды:

"Чынында, жүрөгүм сыздап, көөдөнүм эңшерилип турат. Менин өлкөмдө бейкүнөө элди набыт кылган каргашалуу зилзалада бизге тилектештик билдиргениңиздер үчүн, боорукерликтин таасирдүү ишараты үчүн кеңештин бардык мүчөлөрүнө, бардык катышуучуларга, жарандык коомго ыраазычылык билдирем."

Жер титирөөдө кыйраган мейманкана. Мулай Брахим калаасы, Марокко.
Жер титирөөдө кыйраган мейманкана. Мулай Брахим калаасы, Марокко.

Мароккого Испания, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Британия куткаруучулар менен кошо гуманитардык жардам жөнөттү. Көмөк көрсөтүү ниетин билдиргендердин арасында Франция, АКШ, Израил сыяктуу мамлекеттер дагы бар.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Марокконун падышасы Мухаммед VIга көңүл айтты.

Түндүк Африкадагы бул мамлекетте 1960-жылы да катуу жер титирөө болгон. АКШнын Геологиялык изилдөөлөр институтунун маалыматына караганда, анда бери дегенде 12 миң киши каза тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG