Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Балканда суу ташкыны дагы күчөшү мүмкүн


Сербияда Белграддан 150 чакырымдай алыстагы Крупани шаарчасы да суу ташкынынан жабыркаган, 18-май, 2014
Сербияда Белграддан 150 чакырымдай алыстагы Крупани шаарчасы да суу ташкынынан жабыркаган, 18-май, 2014

Босния-Герцеговинада соңку күндөрдөгү суу ташкындан катуу жабыркаган Бийельйина шаарчасынан 6 миңден ашуун киши башка жакка көчүүгө аргасыз болду. Жалпысынан Балкандагы жаратылыш кырсыгынан соңку күндөрү 44 адам ажал тапты.

Сербияда куткаруу кызматтары Сава дарыясында суунун деңгээли дагы көтөрүлүшү мүмкүн деп азыр даярдык иштерин көрүп жатышат. Өлкөнүн премьер-министри Александр Вучич соңку күндөрдөгү суу ташкынынан Сербияда 16, Боснияда 27, ал эми Хорватияда 1 адам өлгөнүн кабарлады.

Адистер бирок Сава дарыясында суунун деңгээлинин көтөрүлүшү дагы бир нече күнгө созулаарын, андыктан абал мындан да курчушу мүмкүн экенин айтып жатышат.

Сербия менен Боснияда ал арада массалык тазалоо иштери жүрүп жатат. Бийликтер азыр эми күндүн ысышы менен суу каптоодо өлгөн миңдеген мал жандыктардын тарпы жугуштуу оорулардын таркашына алып келиши ажеп эмес деп чочулап жатышат.

Аймагынын үчтөн бирин суу каптаган Боснияда азыр 300 жер көчкү катталганы кабарланууда. Алардын көбү өлкөнүн түндүк-чыгышында болду. Босния өкмөтү сел 1992-95-жылдардагы согушта миналанган жерлерди жууп, коркунуч жөнүндө эскерткен белгилерди алып кетет деп кооптонууда.

Босниянын коопсуздук министрлигинин маалымат катчысынын айтымында, азыр өлкөнүн суу ташкындан жабыркаган райондорунда миллиондон ашуун эл жашайт.

Брюсселде Евробиримдиктин гуманитардык жардам боюнча комиссары Кристалина Георгиева азыр шаркет тийиштүү жардамды тез арада жиберүүнү пландап жатканын айтты: "Биз Сербия жана Босния-Герцеговинадан жардам керектиги тууралуу өтүнүчтү кабыл алар замат өзүбүздүн жарандык коргоо механизмин ишке киргиздик. Мына ушундай жол менен алдын-ала мыкты координацияланган жамаатттык аракетибизди баштайбыз. Азырынча 14 мамлекет тик учак, жел кайык, сууну соруп чыгарчу аппараттары менен жооп беришти. Еврошаркеттин жарымы азыр жардам жиберди", - деди Георгиева.

Хорватия менен Босниядан аккан суу Сербиядагы “Никола Тесла” деген эң ири электростанцияны ишине коркунуч туудурушу мүмкүн. Бул станция өлкөнүн үчтөн бирин, анын ичинде баш калаа Белградды электр энергиясы менен камсыздайт.

Балкандагы соңку күндөрдөгү нөшөрлүү жаандан кийин дарыяларда суу көтөрүлүп, килейген аймактарга таркады, элдин тамаркаларын, үйлөрүн суу каптап, миңдеген эл башка жактарга көчүүгө аргасыз болууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG