Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Баткен: Ворухка жол салуу маселеси каралат

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.

Тараптар атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканы 28-январда саат 04:10до маалымдалды.

Кыргызстан соңку окуяны тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы деп атаган, тажик тарап болсо Кыргызстанды күнөөлөгөн.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, алардын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургундар экенин жазды.

16:46 28.1.2022

Жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу Бириккен Улуттар уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыкты. Ал чек ара маселесине, өзгөчө Тажикстандын аракетине эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында чыкканын "Азаттыкка" билдирди.

"Агрессия токтош керек. Бул маселеге эл аралык уюмдар көңүл бурсун", - дейт укук коргоочу.

17:19 28.1.2022

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү министрлик-мекемелерге тапшырма берди. Ал 28-январда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяга байланыштуу ыкчам жыйын өткөрдү.

Кеңешмеде Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Ташиев тараптар чек арадагы атышууну биргелешип иликтөө үчүн комиссия түзүүнү, турак-жайын таштай качкан тургундарды кайрадан үйлөрүнө жеткирүүнү, жолдорду ачууну жана чек арадан Чек ара кызматынын жана жергиликтүү ички иштер органдарынын өкүлдөрүнөн башка бардык аскер бөлүктөрүн алып кетүүнү макулдашканын билдирген.

Өкмөттүн басма сөз кызматы жыйын соңунда Акылбек Жапаров жабыркагандарга жардам берүү тууралуу чукул тапшырмаларды бергенин маалымдады.

Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирген.

17:20 28.1.2022

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышта үзүлгөн электр чубалгылар оңдолуп, электр энергиясы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлик буга чейин электр линиялары тажик тарап ок чыгаргандан кийин жабыркаганынын билдирген. Анын айынан Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарында жарык өчүп калган. Жарык өчкөн айылдарда "Ошэлектрдин" кызматкерлери иштеди.

19:34 28.1.2022

Баткен: куралдуу жаңжалдан кийинки кырдаал

Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
1/15 Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Ок атышуу учурунда үйүн таштап качып чыккан аял.&nbsp;<br />
<br />
Чек ара жаңжалы, 27-январда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты.
2/15 Ок атышуу учурунда үйүн таштап качып чыккан аял. 

Чек ара жаңжалы, 27-январда Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Расмий маалыматка караганда, 28-январь саат 14:00гө карата убактылуу көчкөндөрдүн саны 11 миңден ашты. Алардын ичинен 10 410 жаран туугандарынын үйүнө, 642 адам убактылуу жайгаштыруу пункттарына жеткирилди.
3/15 Расмий маалыматка караганда, 28-январь саат 14:00гө карата убактылуу көчкөндөрдүн саны 11 миңден ашты. Алардын ичинен 10 410 жаран туугандарынын үйүнө, 642 адам убактылуу жайгаштыруу пункттарына жеткирилди.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Эвакуацияланган жарандардын басымдуу бөлүгү балдар жана аялдар.&nbsp;
4/15 Эвакуацияланган жарандардын басымдуу бөлүгү балдар жана аялдар. 
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Көк-Таш айылында чек арадагы ок атышуу учурунда эки сарай ичиндеги малы менен өрттөнүп кеткен.&nbsp;
5/15 Көк-Таш айылында чек арадагы ок атышуу учурунда эки сарай ичиндеги малы менен өрттөнүп кеткен. 
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
6/15 Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Октон жабыркаган унаа.
7/15 Октон жабыркаган унаа.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
8/15 Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
9/15 Көк-Таш айылы. 28-январь, 2022-жыл.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Көк-Таш айылынын тургундарына бекер көмүр таратылууда. 28-январь, 2022-жыл.
10/15 Көк-Таш айылынын тургундарына бекер көмүр таратылууда. 28-январь, 2022-жыл.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Көк-Таш айылынын көмүр алуу үчүн келген тургундары.
11/15 Көк-Таш айылынын көмүр алуу үчүн келген тургундары.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Баткендеги көчүрүлгөн тургундарга Кызыл Жарым Ай коому көмөктөшүүдө.
12/15 Баткендеги көчүрүлгөн тургундарга Кызыл Жарым Ай коому көмөктөшүүдө.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Бул Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жолдун кесилиши.&nbsp;
13/15 Бул Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жолдун кесилиши. 
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
27-январда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында Тажикстандын жарандары жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан кийин тажик тараптан башка аймакта &ndash; Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген.&nbsp;
14/15 27-январда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында Тажикстандын жарандары жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан кийин тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. 
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Учурда чек арада абал салыштырмалуу туруктуу.
15/15 Учурда чек арада абал салыштырмалуу туруктуу.
Баткенде чек арадагы кырдаалдан улам 28-январга карата 11 миңден ашуун тургун эвакуацияланган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын 10 миң 410у коопсуз аймактагы үйлөргө көчүрүлсө, 642 адам убактылуу түзүлгөн пункттарга жайгаштырылганын билдирди.
Артка
Алдыга

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG