Беларуста миңдеген киши дагы акцияга чыкты
Минск шаарында ишемби күнү Беларустун борборунда 10-август күнкү каршылык акцияларында мерт болгон Александр Тарайковский менен коштошуу иш-чарасы өттү. Эскерүүнү түз алып берип жаткан «Азаттыктын» беларус кызматы кабарлагандай, 34 жаштагы жаран каза болгон Пушкин аянтына бир нече миң киши чогулду. Алар алгач Тарайковский менен коштошуу зыйнатын өткөрүп жаткан анын жакындары жана туугандары чогулган зал турган көчө жакка келишти. Андан кийин аянтка барышты, маркумдун сөөгүн Минскинин батыш көрүстөнүнө алып кетишти. Акцияга милиция аралашкан жок.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 30, 2026Санкция санаасы: Кыргыз өкмөтү ондогон ишкананы жапты
-
Октябрь 29, 2026"Азаттык Talk": "Айтматовдун руху каармандарды коштоп жүрдү"
-
Октябрь 28, 2026Атага сагынычын китепке айланткан Роза Айтматова
-
Октябрь 28, 2026Сот Перизат Суранованын кенемте боюнча арызын карай баштады
-
Октябрь 27, 2026Прокурор Коңкубаева: Аскат Жетиген расмий кайрылсын
-
Октябрь 26, 2026Бишкек: Экс-депутаттын аты аталган үй талаш