Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:20

Беларус: майрамдалбаган күнкорсуздук күнү


Беларустун Төбөлсүздүк Күнү Киев шаарында белгиленүүдө. 25-август 2011
Беларустун Төбөлсүздүк Күнү Киев шаарында белгиленүүдө. 25-август 2011

Жыйырма жыл мурда ГКЧП ойрон болгон соң - 25-августта Беларус өзүн төбөлсүз мамлекет деп жарыялаган. Бул күн быйыл Минскиде ырасмий түрдө майрамдалбады.

Президент Лукашенконун бийлигинин ыктыяры менен Минск фашисттик баскынчылардан бошотулган 3-июль Беларустун күнкорсуздук күнү деп майрамдалып келет.

Анатолий Сидаревич өсүпүрүм кезинен Беларустун Москвадан күнкорсуз мамлекет болушун жан дилинен тилеп жүргөн. Студент кезинде советтик аскерлердин Чехословакияга басып кирүүсүнө каршы ачык сүйлөгөнү үчүн КГБга жетеленип, “ишенимсиздердин” тизмесине киргизилген. 63 жаштагы Сидаревич Беларус улуттук боштондук кыймылын изилдеген тарыхчы.

Чачын ак бубак баскан илимпоз 1991-жылдын 25-августун, Беларус парламенти республиканы төбөлсүз деп жарыялаган күндү эсетегенде көзүнөн жаш тегеренет:

- Менин ыйлам келген эмес, бирок ыйлаганмын. Менин Беларус күнкорсуз болсун деген тилегим ишке ашты. Бул жөнүндө 13 жашымдан тарта тилеп жүргөм.

Бул күнү Сидаревич бир ууч санаалаштары менен чогуу Беларустун эгемендигине салым кошкон деп эсептешкен адамдардын мүрзөлөрүнө гүл чамбарларды коюп эскеришти. Бирок күнкорсуздуктун 20 жылдыгы өлкөдө шаан-шөкөтсүз тынч өттү. Эч кандай парад, салтанат болгон жок.

Бар бийликти колуна топтогон Лукашенка элдин эркиндик жана төбөлсүздүк рухун өчүрүүдө, дейт постсоветтик Беларустун 1991-94-жылдардагы лидери Станислав Шушкевич:

- Бул улуттук майрам күнү эмес, бул кадыресе жумуш күнү. Бийлик муну Россияга жагынуу үчүн жасашты. Мамлекеттин эгемендигине тиешеси жок 3-июль биздин Күнкорсуздук күнүбүз деп бекитилген. Бул күнү Минск фашисттик баскынчылардан тазаланган. Ар кандай ырасмий иш чарлар болот же үйдө ыр ырдалат деп ойлобойм. Менде аны майрамдайын деген ниетим жок.

25-август төбөлсүздүк күнү деп, 1991-жылы өлкө конституциясына да жазылган болчу. Анткен менен СССР кыйрагандан кийинки алгачкы жылдары, 1990-жылдын 27-июлунда Беларус өзүн Советтер Союзунан суверендүү өлкө деп жарыялаган күнү- Күнкорсуздук күнү ирети майрамдалып жүрдү.

1994-жылкы биринчи жана акыркы эркин президенттик шайлоодон бери Александр Лукашенка тактан түшпөс лидер. Экс-башкарма күнкорсуздук менен кошо кабыл алынган кызыл-ак өңдүү тууга тыйуу салып, беларус тилин колдонууну жактабай койгон. Ал эми 1995-жылы Кызыл Армия фашисттик аскерлерди Минскиден сүрүп чыккан 3-июлду Беларустун эгемендик күнү деп киргизген.

Муну Анатолий Сидаревич сыяктуулар 1991-жылы жетишилген өлкө күнкорсуздугуна чыккынчылык кылуу деп баалашат.

“Лукашенка мафиялык-корпоративдик капитализмди негиздеди деп айтаар элем,-дейт Сидаревич.- Беларуста эмгекчилер же жалданып иштеген адамдар бир да Батыш өлкөсүндө жок эзүүгө дуушар болууда”.

Беларус лидери бул жылдары өлкөнү реформалоого жана демократияны курганга умтулган Станислав Шушкевичтин айтымында, Лукашенка эски коммунисттик режимди кайра түзгөн:

- Коммунисттик бийликтин карт бөрүлөрү Беларуска кайра келди. Лукашенка бул үйүрдө жаңы бөрү. Бирок ал коммунисттик духта тарбияланган. Өлкөдө бийликтин колдоосу менен жапайы капитализм курулду, жапайычылыкты бийлик колдоодо. Себеби баары бийликтин колунда. Арийне, өлкөнүн өнүгүү келечеги жок. Биз бардык коңшуларыбыздын артында калдык.

Россия Беларустагы экономикалык кыйынычылыктан пайдаланып, мунай иштетүүчү ишканаларды жана газ боролорун тартып алат деп кооптонушат көпчүлүк беларустар. Мындай коркунуч 1-августта премьер-министр Путин эки өлкөнүн биригиши “мүмкүн жана көптөгөн тилеген иш” дегенден кийин күчөдү.

Кризисте чоң зыян тарткан ишкер Андрей Кабанов бүгүн көпчүлүк беларустар жыйырма жыл мурдакы Советтер Союзундагыдай маанай менен жашоодо дейт:

- Ал кезде Советтер Союзу ыдырап кетет, биз өл алдынчалыкка ээ болобуз, шайлоо болот, баары өзгөрөт деген үмүттө элек. Азыр Беларуста кырдаал дал ошондой. Мен өзүм да ошондой сезим менен жүрөм.

Кабанов ошондой эле Беларус Совет доорундагыдай беш жылдык план менен жашап, экономикалык мыйзамдар такыр иштебегенин айтат.

XS
SM
MD
LG