Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Лукашенко резиденциясында картошка жыйнады


Президент Лукашенка картошка терип жатат. Минск, 16-август, 2015
Президент Лукашенка картошка терип жатат. Минск, 16-август, 2015

Орусия Батыштын санкция киргизилген продукциясын өлкөдөн оолак кармоо үчүн тамак ашты мештерде өрттөп, бульдозерлер менен тепселетип жаткан кезде кошуна Беларустун президенти азык-түлүк коопсуздугу маселесин өз колуна алгандай.

Өткөн жекшембиде ак футболка, ак шапке жана чолок шым кийген Александр Лукашенко борбор шаар Минсктеги “Дрозды” расмий резиденциясында картошка терип жүрдү.

Мамлекеттик "Белта" агенттиги маалымдагандай, кичүү уулу Николай жана жардамчылары менен бирге президент 18 сотых жерден 70 кап картошканы бир жарым саат ичинде терди.

Жыйылган түшүм балдар жана карылар үйлөрүнө өткөрүлмөкчү.

Ошол эле күнү резиденциянын бакчасында өстүрүлгөн дарбыз, коонду жыйноо иши да башталды.

Лукашенко 1980-жылдары, СССР убагында Могилев облусунда колхоздо, кийин совхоздо жетекчи болуп эмгектенген.

Өткөн июлда болсо беларус мамлекет башчысы франциялык актер Жерар Депардьеге Озерныйдагы үйүн кыдыртып, аттарын көргөзүп, чалгы карматып, чөп чабуунун сырларын үйрөткөн.

Акыркы беш жылда Лукашенко өкмөттүн жыйыны, сырттан келген расмий делегациялар менен жолугушуулар, мамлекеттик парад-майрамдарга кенже баласы менен катышып жүрөт. Бирок анын энеси тууралуу маалымат кеңири коомчулукка айтылбай, сыр бойдон калууда. Николай же Коля президентти чет өлкөлөргө расмий сапарларга да көп коштоп барат.

Эксперттер Украинадагы куралдуу жаңжал жана орус рублинин кескин арзандашы Беларусту терең экономикалык кризиске батырышы мүмкүн деген божомолун айтып келишет. Элдин кирешеси төмөндөп, импорт азайган кезде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо айыл чарба тармагы абдан маанилүү экенин президент буга чейин бир нече курдай белгилеген.

Беларустардын көбү дачаларында жашылча-жемиш өстүрүп, кышкысын өз багынан алган түшүмдүн эсебинен жан сактоого аракеттенет.

Картошка Беларуста эң көп желген азык, андан 300дөй улуттук тамак жасалат. Дүйнөлүк Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматына караганда, беларустар жылына жан башына алып санаганда 180 килограмм, же күнүнө 500 грамм картошка керектешет. Бул жагынан алар дүйнөдө биринчи орунда турушат.

Европанын "акыркы диктатору" атыккан Лукашенко өлкөнү 20 жылдан ашык убакыттан бери башкарып келатат. Президенттин саясий оппоненттери же абакка салынган же чет өлкөлөрдө сүргүндө жүрүшөт.

Президенттик шайлоо Беларуста ушул октябрда өткөрүлмөкчү. Лукашенко бир эле кишинин жогорку кызматка шайланышына киргизилген чектөөнү референдум аркылуу алып салгандан кийин, бул жолу да анын мамлекет башчылыкта калышынан күмөн санагандар жокко эсе.

XS
SM
MD
LG