Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Беларус улуттук акчасын “сынай” баштады


Беларус көз карандысыздык алган жыйырма жылдан бери ушул шаршембиде улуттук акчасы базар баасында алмаштырылышына биринчи ирет расмий уруксат берди. Мындай чара өлкө оор экономикалык кризис менен катар чет элдик валюта таңкыстыгына кабылган шартта көрүлүүдө.

Беларуста улуттук акчанын башка валюталарга алмашуу курсу базардагы сунуш менен талаптын негизинде эмес, Улуттук банктын чечими менен аныкталып келген.

Быйыл жыл башында өлкө экономикалык кризиске кабылганы билинип, чет элдик валюта таңкыстыгы ачык сезиле баштаганда Беларустун Улуттук банкы май айында улуттук акча - рублди 36 пайызга нарксыздандырган. Андан бери бир америкалык доллар расмий курс боюнча 5000 миң рублдин тегерегинде сатылчу.

Шаршемби күнү Беларустун валютасы фондулук биржасындагы атайын сессиясында курс эркин койо берилгенде бир америкалык доллар мурдагыдан 50 пайыздан ашуунга бааланды.

Башкача айтканда, расмий курс боюнча мурда бир долларды 5347 рублга сатып алууга болсо, шаршемби күнү курс эркин койо берилгенде 8600 рублга чыкты.

Валюта сатып алуу үчүн банк сыртында кезек күткөндөр.
Бир евро расмий курс боюнча 7281 рублге сатылып келген болсо, шаршембидеги соодада 12100 рублге көтөрүлдү.

Улуттук банктын мурдагы төрагасы Станислав Богданкевичтин айтымында, шаршембидеги кадам өлкөдөгү экономикалык реалдуулуктун расмий таанылышы болду:

- Менимче бул бир алмашуу курсун калыптандырууну көздөй кадам. Жок дегенде реалдуулукту тааныгандык. Жыл башынан бери беларус рубли үч эсеге жакын нарксызданганын тааныгандык. Бул оң кадам, анткени буга чейин жарандарга, атүгүл чакан жана орто бизнеске валютаны мыйзамдуу сатып алуу мүмкүн эмес эле да.

Ал эми минскилик экономист Леонид Злотниковдун “Азаттыкка” айтканына караганда, беларус акчасынын чет элдик валютага карата расмий эркин курсу негизинен буга чейин “кара” базарда өкүм сүрүп келген баа менен теңешти.

Экономисттердин болжолунда, Беларуста алдыда акча алмаштырууда эки курс өкүм сүрө бермекчи. Валюта – фондулук биржадагы сооданын биринде өкмөт өзүнүн жана мамлекеттик мекеме-ишканалардын муктаждыктары үчүн чет элдик валютаны төмөндөтүлгөн курс менен бөлүштүрөт, ал эми экинчисинде базар баасында сатылмакчы. Беларус өкмөтү чет элдик валюта расмий курс менен “стратегиялык максаттар” үчүн алмаштырыларын билдирүүдө.

Станислав Богданкевич
Минскилик экономист Леонид Злотников “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде жыл башынан бери валюта базарында түзүлгөн жагдай элдин нааразылыгын жаратканын белгиледи:

- Акча алмашуу жайларында валюта жоголгон. Анткени калкка сатууга Улуттук банк мартта, май айындагы девальвацияга чейин эле тыюу салып койгон. Эл буга нааразы болду. Президентибиз солчул көз-караштагы киши, ал баарын Советтер союзу учурундагыга жакындатууну кааласа керек. Бирок жалпы нааразылык башка жолго түрттү. Жакындагы социологиялык сурамжылоо президентти таң калтырса керек. Баары алмашуу жайларында валюта болушун талап кылышкан. Мен түшүнгөндөн чегинүүгө туура келди.

Бирок беларустар арасында алдыда чет элдик валюта мурдагыдай эле эркин курс менен табуу кыйын болобу деген кооптонуу жок эмес. Анткени экономист Леонид Злотников кошумчалагандай, өлкөнүн сыртка бересеси көп:

- Маселе өлкө каражатына ылайык жашабаганында. Көп карыз болуп калган. Быйыл 1-июлга карата ишканалар, банктар бир жыл ичинде төлөөгө туура келген кыска мөөнөттүү карыздардын көлөмү 14 миллиард долларды түзгөн. Карыз жыйналып калган. Мындан ары аларды төлөө керек.

Беларус өкмөтү учурдагы кыйчалыш кырдаалдан чыгуу үчүн четтен насыя алууга аракеттенүүдө. Евразия экономикалык шериктештиги өлкө мамлекеттик ишканаларын саткан шартта үч жыл ичинде 3 миллиард доллар насыя берүүгө макул болгон.

Минск мындан сырткары Эл аралык валюта корунан 8 миллиард долларга чейин насыя суроодо. Бирок валюта кору ушул шейшембиде насыя маселеси талкууланганга чейин өкмөт экономикалык реформаларга барууга даярдыгын далилдеш керектигин белгиледи.

Эл аралык валюта кору ошондой эле баяндамасында Беларустагы саясий кырдаалдын туруксуздугун, саясий оппозиция куугунтукка алынып, Батыш өкмөтттөрү буга жооп кылып санкция киргизгенин болочоктогу тобокелчиликтер катары атады.

Мунун алдында 9-сентябрда беларус президенти Александр Лукашенко Эл аралык валюта корун каарып өткөн эле. “Валюта корунун сүйлөшүүчүлөрү, биз саясий айыпкерлерди бошотуубуз керектигин айтып жатат, алар экономисттер жана финансисттер, алар эмне кылышты билеби”, - деп ачууланган Лукашенко.

Лукашенко ошондой эле Батышты өлкө экономикалык кыйынчылыкка кабылган кезде Беларусту “муунтууга” аракеттенип жатканы үчүн айыптаган. Эл аралык валюта корунун миссиясы Беларустагы экономикалык кырдаалды баалоо үчүн келерки айдын биринчи жарымында келет. Өлкөдө инфляциянын ыргагы быйыл 50 пайыздан ашары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG