Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Беш-Күңгөй: тарыган жайыт, нааразы тургундар


Бишкектин четиндеги Беш-Күңгөй айылында 35 гектардан ашуун жайыт жерлер сатылып кетип, кашарда мал кармаган жарандар үчүн жайыт тарып жатканын жергиликтүү тургундар айтып чыкты. Алар айткан тилкелерге ондогон үйлөр тургузула баштаган.

Сарайдын ээлери жайыт жерлер мыйзамсыз берилип кеткенине арызданса, жер сатып алып, үй тургузгандар жерди кызыл китепке ишенип алышканын айтышат. “Азаттык” мыйзамсыз трансформацияланып кетти делген жер тилкелеринин чоо-жайын териштирип көрдү.

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күңгөй айылындагы жайыт жерлерге үйлөр салынып жатат деп алгач Жунушевдердин үй-бүлөсү коңгуроо кагып чыгышкан.

Сайракан Жунушеванын айтымында, алар 2014-жылы тоо этегинен сарай сатып алышкан. Көп узабай кашардын тегерек-четинде үйлөр курула баштаган.

Сайракан Жунушева
Сайракан Жунушева

“Бул жерде эч нерсе жок болчу, жалаң жайыт эле. Эң сонун жайыт болчу. Эрте жазда эл жайлоого чыкканча мал ушул жерден отточу. Мал көбөйүп баштаганы, кошуналар келип, "чыла, кык жыттанып жатат", “биз мындай чымынга чыдай албайбыз”, “жоготкула” дегенинен тиешелүү органдарга кайрыла баштадык, ага чейин тынч эле жатканбыз. Документ чогулта баштаганда Жайыт комитети “бул жер жайыт” деп атат. Айыл өкмөт өзү кат жазып берди “бул жайыт” деп. Ошол маалда эки кабаттуу үйлөр курулуп жатат”, - дейт Беш-Күңгөй айылынын тургуну Сайракан Жунушева.

Анын үй-бүлөсү 300дөй майда, 30дай бодо мал кармайт.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматында, турак жай менен мал сарайдын ортосунда санитардык зона сакталышы керек: беш баш мал кармалса, 10 метрлик аралык. 15 башка - 40 метр. Санитардык зонанын аянты малдын санына жараша аныкталат. Бирок Беш-Күңгөй айылында жаңы салынып жаткан үйлөр кашарга жанаша эле тургузула баштаган.

Болот Төлөмүшев
Болот Төлөмүшев

Беш-Күңгөй айылынын мурдагы айыл башчысы Болот Төлөмүшев аталган айылдагы жайыт жерлер мыйзамсыз трансформация болуп кетти деген кайрылуу менен тиешелүү органдарга кайрылганын, бирок майнап чыкпаганын айтат.

- Айыл башчы катары убагында бул жер трансформация болбоптур, мыйзамсыз экен деп каякка кайрылдыңар эле?

- Кайрылчу жердин баарына эле кайрылганбыз. Прокуратурага кайрылганбыз, акимиятка кайрылганбыз. Бирок көп деле жооп алган эмеспиз.

Жайыт жерлеринин азыркы аянтын, абалын, мыйзамсыз бөлүнүп кетти делген тилкелер боюнча маалыматты тактоо максатында Таш-Мойнок айыл өкмөтүнө кайрылдык.

Бекболсун Асанкулов
Бекболсун Асанкулов

Айыл өкмөт башчы Бекболсун Асанкулов чыр болуп жаткан жайыт жерлердин азыркы абалы, аянты боюнча так маалымат бере алган жок.

- Кайсы жылдары трасформация болуп жатат?

- Жылдарын толук билбейм.

- Эмнеге?

- Толук билбейм. Мен... биз келгенде кайсы жылы трансформация болду, мен ал жердин баарын изилдеген эмесмин. Биз келдик. Турак жайлар бар экен. Үйлөр салынып турат. Мамлекеттик каттоодо катталган. Мамлекеттик актылары бар.

- Бизге турак жайлардын так санын айтсаңыз, 44 гектар жер кайсы контурларда жайгашкан?

- 96дан 200гө чейин деп айтып бербедимби.

- Арызда болсо 110, 108, 111 деген контурлар жөнүндө сөз болуп жатат.

- Жүздөн 200гө чейин дей бергилечи. Таш-Мойнок айыл өкмөт башчысы жайыт жерлер кайсы жылы, кимдер тарабынан берилип кеткенин дагы айтпай койду.

Айыл өкмөттөн так жооп ала албаган соң, биз Айыл чарба министрлигине караштуу жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматка кайрылдык.

Аталган кызматтын Чүй-Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын башкы инспектору Таалайбек Мусуралиев жайыт жерлердин мыйзамсыз трансформация болуп кеткени боюнча аларга кайрылуу түшкөнүн, атайын комиссия түзүлүп, 35 гектардан ашык жайыт жери мыйзамсыз трансформацияланганы аныкталганын айтып берди:

Таалайбек Мүсүралиев
Таалайбек Мүсүралиев

“Комиссиянын ишинин жыйынтыгында Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчыларынын чечимдери менен, 2006-2008-жылдар аралыгында айыл чарба багытындагы жерлер өзүмбилемдик менен трансформацияланганы аныкталган. Таш-Мойнок айыл аймагынын 5 контурунда каналдардын, коллекторлордун жана жолдордун астында жайгашкан жайыт жерлер, сугат айдоо жерлер, суу фондунун жерлери, тактап айтканда: 108, 110, 111, 116 жана 196 контурлары”.

Сөз болуп жаткан 108, 110, 111, 116 жана 196 контурлар Беш-Күңгөй айылынын жогору тарабында, тоо этегинде жана боорунда жайгашкан. Беш-Күңгөй Бишкектен анча алыс эмес жерде. Ошол эле маалда тоого жакын, абасы салкын. Мындан улам бул айылда жер тилкелери тартыш жана баалары арзан эмес.

Мыйзамсыз трансформация болгон делген контурлар бүгүнкү күнгө чейин жайыт жерлери катары каттоодо турганын Кыргыз мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институту дагы ырастады.

Чолпон Жамалова жана "Азаттыктын" кабарчысы Наргиза Асекова
Чолпон Жамалова жана "Азаттыктын" кабарчысы Наргиза Асекова

“108-контур - жайыт жер тилкеси. Аянты 9.5. 110-контур болсо - сугат жери. 116-контур - бул дагы жайыт, 117 дагы жайыт. Аянты 42,8. 196-контур болсо узун тилке, аянты 7.7. Бул дагы жайыт жер”, - дейт Кыргыз мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун башкы адиси Чолпон Жамалова.

Мындан улам жайыт жерлеринин мыйзамсыз трансформациясы боюнча Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Чүй-Бишкек аймактар аралык башкармалыгы Таш-Мойнок айылдык кеңешин жана Таш-Мойнок айыл өкмөтүн сотко берген. Ишти Чүйдүн административдик соту караганы турат.

“Ошол убактагы жана ушул күнгө чейин күчүндө болгон жоболорго жана тартиптерге ылайык, өзгөчө баалуу жерлерди азыраак баалуу жерлерге которууга өкмөт гана ыйгарым укуктуу. Башкача айтканда, Таш-Мойнок айыл аймагынын аткаминерлери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап, бул жерлерди мыйзамсыз трансформациялашкан. Ошентип, алар жайыттарды жана сугат айдоо аянттарын жүгүртүүдөн чыгарып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен”, - дейт Таалайбек Мусуралиев.

Мыйзамсыз трансформация болду делген жайыт жерлеринде акыркы 10 жыл ичинде ондогон үйлөр пайда болгон. Биз үй ээлеринен жерди качан, кимден сатып алышканын тактоого аракет кылдык. Алар айыл өкмөттүн токтомунун негизинде мыйзамдуу жол менен жер тилкесин алып, үй салышканын айтышууда.

Ханболот Таалайбек уулу
Ханболот Таалайбек уулу

“Бардык документтер бар. Айыл өкмөттөн берген токтом бар. Кызыл китептер бар. Бизге чейин эле алып-сатуу менен колдон колго өтүп келген. 3-4-ээлерибиз. Талаш деле болгон жок бул жактан. Тарыхы - айыл өкмөттүн токтому менен эле берилген экен 2007-жылы. Биринчи ээлери токтомду 2007-жылы алган экен”, - дейт Беш-Күңгөй айылынан жер тилке сатып алган Ханболот Таалайбек уулу.

“Кызыл китеп болгон үчүн алдым да. Андан кийин мен Мамкаттоого бардым, архитектурага бардым, Мамкаттоо келип, мага көрсөтүп берди жерди. Архитектура келип, топография түзүп кетти. Архитектурада толук топографиялык картасы бар”, - дейт Беш-Күңгөй айылынын тургуну Айзада Скелхорн.

Бишкектен анча алыс менен жердеги айылдагы жер талашта тараптар өз жүйөсүн айтып жатышат. Бирок Кыргызстандын Жер кодексин карай турган болсок, жайыт жерлер “өзгөчө баалуу” деп көрсөтүлүп, ал жерлерге турак жай же башка имарат курууга болбойт деп жазылган.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР КОДЕКСИ
74-статья. Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлери
1. Сугат жана кайрак жерлер, кысыр аңыздар, көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлер, маданий жайыттар, чөп чабыктар жана түп-тамырынан жакшыртылган жайыттар өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине кирет.
2. Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине гидротехникалык курулуштардан, сугат айдоо жерлерине күнөсканалардан жана тамчылатып сугаруу системасынын курулмаларынан башка имараттар менен курулуштарды курууга жол берилбейт.

12-статья. Жерлердин максаттуу багытталышын белгилөө жана өзгөртүү
3. Жер казынасын пайдалануучуга пайдалуу кендерди иштетүү жана инфратүзүм объекттерин куруу үчүн, ошондой эле байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн электр байланыш операторуна жер участокторун берүү учурларын кошпогондо, жер участогун анын максаттуу багытынан башкача пайдаланууга жол берилбейт.

Беш-Күңгөй айылы
Беш-Күңгөй айылы

Беш-Күңгөй айылындагы жайыттар мыйзамсыз трансформация болуп кетти деп дээрлик 10 жылга жакын убакыт чуркап жүргөн Сайракан Жунушеванын айтымында, жерди трансформациялоо боюнча айыл өкмөт башчыларынын чечимдеринде ири мүчүлүштүктөр бар:

“Ракишев деген ошол убакта айыл өкмөтү, Карымшаков 2008-жылдан баштап иштеп атпайбы. Экөөнүн колу бир кишинин колу болуп жатат да. Бул Ракишевдин дагы колу эмес, Карымшаковдун дагы колу эмес болуп атат да. Каалагандай документ чыгара беришкен”.

Жунушева атын атаган адамдар менен байланышуу мүмкүнчүлүгү болгон жок. Таш-Мойнок айыл аймагындагы мыйзамсыз трансформация болду делген 35 гектардан ашык жайыттын жана ал жакта үйлөрүн тургузуп, жашап жаткан ондогон үй-бүлөлөрдүн тагдыры кандай чечилери азырынча белгисиз.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

XS
SM
MD
LG