Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:31

"Бир жумада 17 өлүм". Сербияны аза күттүргөн каргаша


Мектептеги окуядан кызын жоготкон ата.
Мектептеги окуядан кызын жоготкон ата.

Сербияда бир апта ичиндеги эки окуядан 20дай адам каза болду. Биринде 13 жаштагы бала мектеп окуучуларына ок атса, экинчи окуяда 21 жаштагы жаран сегиз кишинин өлүмүнө забын болду. Сербияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Үч күндүн ичиндеги эки кандуу окуя

Сербиянын полициясы Белград шаарына 40 чакырым алыс Младеновац аймагын курчап, эч кимди киргизбей турду. Сегиз кишинин өмүрүн кыйган окуя 4-майдын кечинде болуп, кылмышка шектүү полиция кызматкери менен урушуп кеткенден кийин автоматтан ок чыгарганы кабарланды. Кандуу окуядан сегиз киши набыт болду, арасында полиция кызматкери жана анын бир тууганы бар.

Көз жумгандарды жакшы тааныган Данижела Reuters агенттигине мындай деди:

“Эмне дешти билбей турам. Курман болгон полиция кызматкери 1998-жылы туулган менин кызымдын теңтушу эле. Анын карындашы Дака дагы кызымдын курбусу болчу. Нес болуп атам. Кызым таң аткыча уктабай, биз ага жүрөктүн дарысын бердик. Алар бала бакчадан баштап бирге өскөн”.

Ооруканага түшкөн 14 жарандын бардыгы 2000-жылдан кийин туулган балдар болгону, экөөнө операция жасалганы менен абалы оор экени айтылды. Жума күнү эртең менен серб полициясы сегиз адамдын өлүмүнө забын болгон адам кармалганын жарыялады.

"Шектүү 2002-жылы туулган У.Б Крагуевац шаарына жакын жерден кармалды. Ал сегиз адамды өлтүрүп, 14 адамды жарадар кылган деп шек саналууда", - деп айтылат Сербиянын полициясынын маалыматында.

Кылмышка шектүү машинеден ок чыгарганы айтылып жатат.
Кылмышка шектүү машинеден ок чыгарганы айтылып жатат.

Апта башында баш калаа Белградда да үрөй учурган окуя болгон. 3-майда 13 жаштагы өспүрүм өзү окуган мектептен сегиз окуучуну жана коопсуздук кызматкерин атып өлтүргөн. Дагы жети киши ар кандай жараат алган. Тергөөнүн маалыматына караганда, өспүрүм атасына катталган эки тапанчадан ок чыгарган.

Белград шаардык полициясынын башчысы Веселин Миличтин билдиргенине караганда, мектептеги кол салууну уюштурган өспүрүм баарын алдын ала пландаган.

“Биздеги маалыматтар боюнча, ал бул кылмышты көптөн бери пландап жүргөн. Бирок биз анын мотивин аныктай элекпиз. Өзү да айтып берген жок. Бул ал өлтүрүүнү көздөгөн балдардын тизмеси. Анын партасынан мектепке кирүү жана чыгуу планы да табылды. Бул кайсыл бир видео оюндардан же коркунучтуу кинодон алынгандай көрүнөт”.

Белграддын тургундары көз жумгандарды эскерип атышат.
Белграддын тургундары көз жумгандарды эскерип атышат.

Жети адамдын өлүмүнө забын болгон өспүрүм психиатриялык ооруканага жаткырылганы айтылды. Анын атасы куралды туура эмес сактаганы үчүн кармалган. Учурдагы серб мыйзамдарына ылайык, 14 жашка чыга элек жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Калкты куралсыздандыруу аракети

1990-жылдардагы Балкан согушунан кийин элдин колунда көп сандагы курал калганын Би-Би-Синин орус кызматы жазды. 2019-жылы Сербияда 100 кишиге 39,1 ок атуучу курал туура келет деп эсептелген. Бул көрсөткүч АКШ менен Черногорияда гана жогору. Үч күн ичиндеги эки кандуу окуядан кийин элди куралсыздандыруу талабы күчөдү.

Сербиянын президенти Александр Вучич 5-майдагы кайрылуусунда мындай деди:

"Куралы бар 400 миңге жакын адам ревизиядан өтүшү керек. Андан кийин алардын саны 30-40 миңден ашпайт. Сербияны толук куралсыздандырууну иш жүзүндө жүргүзөбүз. Жакынкы жарым жыл ичинде коопсуздукту жакшыртуу үчүн 1200 жаңы полиция кызматкерин жумушка алабыз. Мындан тышкары балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ата-энелердин тынчтыгын камсыз кылуу үчүн дагы миң полиция кызматкерин мектептерге которууну пландап жатабыз".

Балкандагы 6 миллиондон ашуун калкы бар бул өлкөнүн тарыхына кайрылсак, мурдагы Югославияда Сербиянын курамындагы Косоводо согуш 1998-жылы февралда башталган. 1999-жылы мартта ага НАТО аралашып, Сербияны 78 күн бою бомбалаган. Белград ушундан кийин гана Косоводогу согуштук аракеттерин токтоткон.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлдү 1999-жылы биротоло жоготкон. Косово Сербиядан бөлүнгөнүн 2008-жылы бир тараптуу жарыялап, аны ушул күнгө чейин дүйнөнүн 110 мамлекети тааныды. Ал эми Сербия 2008-жылы бөлүнүп кеткен мурдагы провинциясынын эгемендигин тааныбай, Косовону Конституцияга ылайык өлкөнүн бир бөлүгү деп эсептейт.

Эл аралык уюмдар Косово менен Сербияны өз ара талашын биротоло жөнгө салууга үндөп жүрөт. Ал эми Европа Биримдиги муну уюмга мүчө болуудагы негизги талап катары көрсөткөн.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG