Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Түнкү клубда орун, маданий жайда киши жок


Бишкектеги “Галерея М” көркөм сүрөт галереясында "Ызы-чуудан алыс" аттуу сүрөт көргөзмө өтүп жатат. Тематикалык чыгармалар тизмегинде кымгуут түшкөн шаар турмушунан сырткы жашоону чагылдырган жүзгө чукул картина илинген. Алардын арасында жергиликтүү жана чет элдик кыл калем чеберлеринин эмгектери бар. Анткен менен учурда бир айга чейин улана турган сүрөт көргөзмөгө келген көрүүчүлөрдүн катары сейрек.

Илинип турган картиналардын биринен жыйылган чөптүн түгөнүп баратканын көрсөк, кийинки сүрөттөн жаздын жумшак илеби келет. Көл жээгинде гүлгө оронгон суу пери, махабатын күткөн Шахрезада, эски көчө, ээн калган үй, кар алдынан баш баккан байчечекей, айтор мында турган ар бир чыгарма өз темасына жараша тандалган.

“Галерея М” көркөм өнөр үйүнүн арт-менеджери Касиет Акинова көргөзмөгө коюлган эмгектер менен тааныштыра баштады:

Касиет Акинова.
Касиет Акинова.

- Бул жерде сиздердин көңүлүңүздөрдү Москва сүрөтчүлөр институтун бүткөн таланттуу сүрөтчү Кадыр Бековдун керемет чыгармаларына бурабыз. Бул авторду заманбап нукта иштеген сүрөтчү десек болот. Көргөзмөгө анын "Бийкеч", Италияда тарткан "Кызыл чатыр" аттуу иштери коюлду. Санкт-Петербург университетинин бүтүрүүчүсү Халида Шимованын "Күнөстүү", "Алмалууда" аттуу эмгектери бар. Мына, караңызчы, мында алма багынын түбүндө эки көчөт кыз отурат. Теребелде мемиреген тынчтык. Дегеле көргөзмөдөгү ар бир сүрөт шаардын ызы-чуусунан алыс, мемиреген айыл турмушун чагылдырат. Тиги сүрөттө болсо жайдын толгон кези, гүл жайнаган талаа, мелмилдеген көл, тунжураган токой... Айтор, бул көргөзмөгө коюлган ар бир картинадан жуурулушкан табияттын бакытка тунуп турган керемет кезин көрөбүз.

Анткен менен Акинованын айтканына караганда, шаар тургундарын ызы-чуудан алыстоого чакырган аталган көргөзмөгө атайын кирип-чыккан көрүүчүлөрдүн саны өтө эле аз.

Чынында эле “Галерея М” сүрөт галереясында өткөн эки саат аралыгында сөз болуп жаткан көргөзмөгө үч гана көрүүчү келди. Кыл калем чеберлери буга чейин да сүрөт көргөзмөсү өткөндө ага негизинен сүрөтчүлөр гана бараарын, кыргыз коомунда айрыкча сүрөт өнөрүнүн күйөрмандары өтө эле аз экенин айтып келишкен.

Маданиятка жан тарткан катмар учурда жаштар театрга, музейге, сүрөт көргөзмөлөрүнө барганга караганда түнкү клубдарга, оюн-зоок борборлоруна, кафе-ресторандарга барганды артык көрүшөт деген пикирде. Бул тууралуу аталган көргөзмөгө келген көркөм сүрөт искусство күйөрманы Жылдыз Тажиева кеп козгоду:

- Негизи мектеп курагынан баштап гуманитардык багыттагы предметтердин дээрлик баарында мугалимдер жаштарга маданият менен искусствонун маани-маңызы тууралуу айтып келсе мыкты болмок. Кээ бир жаштар мүмкүн театр, сүрөт көргөзмө эмне экенин билбейт. Кийинки муунга улуу муун өкүлдөрү көркөм дүйнөнүн кызык экенин үйрөтүш керек да. Анткени биз өзүбүз учурда жалтырак нерселерге кызыгып, балдарыбызга жакшы тарбия бере албай жатабыз.

Жылдыздын пикиринде, эгемендик жылдары социалдык көйгөйлөрдөн улам ата-энелердин дээрлик бардыгы үй-бүлөдө материалдык кызыкчылыктарга гана басым жасап, аларды көрүп өскөн муун маданий, рухий баалуулуктардан алыстап калды.

Деген менен сейрек болсо дамындай көргөзмөлөргө атайын балдарын ээрчитип келгендер да бар экен. Султан Кулмурзаев башталгыч класста окуган кызы менен келди:

- Бул көргөзмөгө шаардын ызы-чуусунан эс алып кетүү үчүн келгем. Мен үчүн мындагы сүрөттөр эсте каларлык жакшы маанай тартуулады. Сүрөттөрдү карап отуруп ызы-чуудан арылып, бир аз болсо да эс алгандай болдум. Кызым биринчи класста окуйт. Аны эмитен эле искусствого жакын болсун деп ээрчитип алгам. Көргөзмө ага да жакты.

Кыргыз сүрөтчүлөр бирикмесинин төрагасы Таалайбек Усубалиев Совет мезгилинде жаш муун өкүлдөрүн искусствого кызыктыруу иштери мектеп жашынан башталганын кеп кылды:

Таалайбек Усубалиев.
Таалайбек Усубалиев.

- Албетте, учурда жалпы эле кыргызстандыктарды маданиятка чакырып, ага кызыкканга чакырыш керек болуп атат. Кийинки убактарда жылдан жылга бул багыт артта калып баратат. Совет доорунда бул багытта атайын программа болгон. Мектептен окуучуларды сүрөт көргөзмөлөрүнө, театрларга, музейлерге алып келишчү. Азыр ал жок.

“Галерея М” көркөм сүрөт галереясында өтүп жаткан "Ызы-чуудан алыс" көргөзмөсү 9-июнга чейин уланат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG