Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Эрте өчкөн жылдыз


Маркум Назира Эсенгелдиева Кыргызстандын офтальмологиясында жанып келаткан жылдыз эле.
Маркум Назира Эсенгелдиева Кыргызстандын офтальмологиясында жанып келаткан жылдыз эле.

Отуздан араӊ ашкан Назира Эсенгелдиева аттуу офтальмолог-хирургдан балким тирүүсүндө интервью алып, Кыргызстандагы көзү ооругандардын ахыбалын билсем бул жазгандарыман дагы пайдалуу болмок беле...

Күнгө жекшемби болгондуктан таӊ эрте турбай, ныксырап жаткам. Телефонум капыстан шыӊгырап, ары жактагы кыздын үнү буулугуп, ызалуудай: “Эже, бүгүн медиктердин күнү экен. Майрамыӊыз менен! Эжем тирүү болсо аны да майрамы менен куттуктамакмын...”, - деп ыйлап кирди. Ыйлаган кыз менен өмүрү көрүшпөсөм да аны дароо тааныдым, өзүмдүн бейкапар уктап жатканыма жиним келип, тигил кыздын азасын теӊ бөлүшө албаган алсыздыгыма ачууландым.

Телефондогу бейтааныш кыздын аты Айпери эле. Ал мындан бир нече ай мурда эле чолпондой болгон эжесин машина уруп кетип, ажалга тарттырып ийгенин да жакында уккам. Бирок маркум эжесинин башкалардан айырмаланган сапаттары бар экенин тилекке каршы, тирүүсүндө эмес, көзү өткөндө билип калдым. Отуздан араӊ ашкан Назира Эсенгелдиева аттуу офтальмолог-хирургдан балким тирүүсүндө интервью алып, Кыргызстандагы көзү ооругандардын ахыбалын билсем бул жазгандарыман дагы пайдалуу болмок беле...

Маркумду жакындан тааныбасам да, анын кылган иштерин, илимий изилдөөлөрүн кесиптештери Таалай Жумабаевден, Гүлнара айымдан жана илимий жетекчиси, Кыргызстандын башкы офтальмологу, профессор Михаил Медведевден атайын барып угуп кайттым. Баары ал тууралуу сүйлөп жатканда баштарын жерге салышып, өтө эле кайгылуу отурушту. Назиранын Кыргызстандын офтальмологиясында жанып келаткан жылдыз болуп, бирок эрте өчкөнүн айтышты.

Ал жаштыгына карабай жүздөгөн операцияларга катышып, түшкө чейин Улуттук госпиталдын Көз микрохирургиясы бөлүмүндө иштесе, түштөн кийин лабараторияда көздү дарылоо жаатында жаӊы тажрыйбаларды жүргүзүп, бош убактысы калчу эмес дешет кесиптештери. Өзү англис тилин да мыкты өздөштүргөндүктөн, эл аралык илимий конференцияларда Кыргызстандагы көз оорулардын өзгөчөлүктөрү, жасаган илимий тажрыйбалары тууралуу байма-бай баяндама жасап турчу экен.

Жакында эле кандидаттык ишин аяктап, июнь айында Лондондогу бүткүл дүйнөлүк офтальмологдордун жыйынына Кыргызстандан чакырылган жалгыз делегат катары барганы турганда үйүнүн жанынан машине уруп кетип, ажал тааптыр. Анын ордуна балким бирөөӊөр барарсыӊар дегенимде кесиптеши, офтальмолог-хирург Таалай Жумабаев муӊдуу үшкүрүп: “Назиранын ордуна эч ким бара албайт, анын ордун эч ким баса да албайт”, - деди.

Медик болбосом да, “Азаттыктын” “Сергек жашоо” берүүсүн даярдап жүрүп, канчалаган врачтар, мед-кызматкерлер менен тааныштым. Эл арасында врачтардын аброюна байланышкан ар түрдүү аӊыздар айтылып келет. Ооруган кишилер негедир биринчи кезекте өзүнө эмнеге ооруп калдым экен деп суроо салганды билсе, биздеги медиктердин деӊгээли жана билими Европаны таӊ калтыргыдай экенин өз көзүм менен көрүп келем.

Тилекке каршы, Кыргызстандын медиктеринин желегин эл аралык деӊгээлде көтөрүп жүргөн Назира Эсенгелдиеванын өмүрү кыска болду. Бирок ал сыяктуу дагы миӊдеген медиктерибиз бар, балким алар бизге кам көргөндөй биз да алардын тагдыры менен камын ойлосок, өз саламаттыгыбызга жоопкерчилик менен мамиле кылсак, алардын да жылдызы жаркырап жанар...

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG