Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:41

Керемет сахна, керемет ырчы


АКШ -- Атактуу ырчы Леди Гага Лос-Анжелесте, 12сентябрь, 2010.
АКШ -- Атактуу ырчы Леди Гага Лос-Анжелесте, 12сентябрь, 2010.
Австриянын борбору Вена шаарына үй-бүлөм менен саякаттап барып, кадимки поп-жылдыз Леди Гаганын жеке концертине туш келип калдык. Эч кимди кайталабаган образы, шумдуктуудай видеоклиптери менен дүйнөгө таанылган бул айымдын австриялык күйөрмандарына тартуулаган шоу кечесине күбө болдук. Аны жакшы көрүп да, таңкалып да “желмогуз ырчы” деп атап алдым. Көргөн- билген таасирлерим менен бөлүшөйүн.

Кыргызстанда концертти кечигип баштайт деп эстрада ырчыларына эле наалый бергенибиз менен бу дүйнөлүк поп-жылдыз деле 12 миңдей күйөрманын күттүрүп, шоу 2 сааттай кечигип башталды. Күйөрмандардын чыдамы түгөнүп баратканда баары сүйлөшүп алгансып Ледилеп кыйкырып, адатта сыналгыдан гана көрчү ырчыны жанынан көрүүгө ашыгып жатышты...

Бир убакта эле музыканын катуу добушу залды тынчтандырып, түркүн түстөгү жарыктын коштоосунда сахна ачыла баштады. Мына сага, кадимки эле Венадагы кооз чиркөө сымал, бир чети көп кабаттуу үйгө окшоп кеткен көрүнүшкө күбө болдук. Бул имараттын ичинде көрүүчүлөр үчүн Лединин көп табышмактары бар, аны чекесинен сууруп беребиз дегенсип айнектери да сырдуу жасалгаланган.

Көрүүчүлөр акылын жыйганча эле жанагы имараттын үчүнчү кабатынан эшик ачылып, бети башын калааты боёгон, түрү суук кийими менен Леди Гага чыга келди. Зал дуу жарылды. Кыйкырык-сүрөөн, аны менен жарыша ырдаганы андан көп, толкунданганын тыя албай тура калып кошула бийлеп киргени четтен чыгат.

Талант дебегенде эмне? Баштан аяк жандуу ырдады. Өзү жалгыз ырдады. Таңкалганым, бир ырын бүтүп экинчиси башталаарда сахна артына кире калат да, заматта жанагы тамтыгы чыккан же шарактап-калдыраган кийимдерин чечип, көз ирмемден кийин эле жаңысын кийип чыга калат.

Мунун кийимин алмаштыруу үчүн эле кеминде он адам сахна артында иштеп турат, бирөөсү баш кийимин, бирөөсү бут кийимин карап, айтор бүтүндөй команда эмгектенет деп кобурап жатышты жаныбызда отургандар. Кыргыз куудулдары концертке келген элди кол чаппайсыңар деп эле жээрий беришкени жөндүү окшойт деп ойлоп калдым, европалыктар Гаганын ар бир ырын жарыша ырдап, микрофонду эл тарапка сунуп койсо стадионду жарып жиберчүдөй болушат.

Бу жарым жылаңач ырчынын шоусун көрүп мүйүз чыгабы сага дегендер четтен чыгат, бирок залда 15теги өспүрүмдөн тарта 60ка таяп калган австриялыктардын отурганын көрүп таңкалдым. Интернеттен карасам алдыдагы күндөрдө Леди Гага дүйнөнүн жарымын кыдырып концертин сунуштайт экен. Айтор дүйнөлүк шоу-бизнестин “акуласы” аталган бу "желмогуз" ырчы тирукмуш жоруктары менен миллиондогон адамдарды фанатына айландырып алыптыр.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG