Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Боорду эзген БОБ ХОУП


Американын эң атактуу куудулу Боб Хоуп ушул жекшембиде Калифорниядагы үйүндө оо дүйнөгө аттанды. Жарым кылым радио угармандардын, теле жана кино көрүүчүлөрдүн, чет өлкөлөрдө турган жүз миңдеген америкалык аскерлердин жарпын жазып, америкалык президенттер менен гольф ойногон атактуу куудул быйыл туура жүз жашка толгон эле.

Мурду кетирекей Боб Хоуп телерадио программаларды түз эфирде жүргүзүүнүн, тили буудай кууруган күлкүлүү монологдордун, эң мерез адамды да ууртунан жылмайткан учкул сөздүн жана сымбатын сактаган жупунулуктун устаты эле.

Көп учурда кебелбей, кабагын карыш түйүп алып сүйлөгөн сөзү ар дайым каткырык-күлкү менен коштолчу, бирок ал эч качан орунсуз кылжыңдап, же бирөөнүн былыгын чукуган эмес.

Ал президент досторун да ичине кир сактабай, ак көңүлү менен шакаба чекчү. Айрыкча президент Геральд Фордго көп тийишчү.

Форд экс-президент Никсонго кечирим бергенден кийин Хоуп ага кантип жолукканын айтып: "Бир күнү Геральд Форд менен маңдайдан чыгып, сүзүшүп калдым. Мен "кечиресиз" дедим. Форд мага «мен мындан ары кечирим бербейм» деп жооп берип жатпайбы", - деп күлгөнү бар.

Соңку жылдары Хоуп телепрограммалары менен таанылды. Акыркы жолу өз программасында 1996-жылы сүйлөгөн эле. Ал радиодо жана 30 жылга созулган кино чыгармачылыгында зор ийгиликтерге жетишкен. Ал эми 1940-жылдан 1978-жылга чейин кино өнөрү боюнча Оскар сыйлыгын тапшыруу аземдеринин алып баруучусу жана тең алып баруучусу болгон.

Боб Хоупко ар түркүн белек-бечкек, сыйлык боо-боосу менен түшүп турган, аларды сактоо үчүн атайын кампа сатып алган. Сыйлыктар курдаш кесиптештеринин урмат-сыйынын белгиси болсоду, ал эми анын сыналгыдагы укмуштуудай популярдуулугу жана чет жактардагы америкалык аскерлердин сүймөнчүлүгүнө татышы - Боб Хоуп нагыз элдик адам болгондугун көрсөткөн.

Куудул акча таап, аны сарамжалдуу тута билген. 1952-жылы ал НВС радиосу менен 2 миллион доллардык келишимге кол койгон. Анын фильмдери кезегинде 4 жарым миллиондон киреше алып келип турган. Бул ал убакта эбегейсиз сумма эле.

1955-жылы "Женерал Моторс" каржылаган бир сааттык телепрограммасы үчүн 100 миң доллар гонорар алган. Ондогон жылдар бою бирде жармакташып чогуу иштеп, бирде чыгармачылыкта таймашкан досу Кросби экөө мунай өндүрүшүнө акча салышкан.

1969-жылы эле "Тайм" журналы Боб Хоуптун 500 миллион доллардык байлыгы бар деп жазган, бирок Хоуп өзү бардык тапкан-ташыганымды сатсам, болгону 80 миллион болот деп айтчу. Ал соопчулукка, айрыкча өзү жашы улгайганда кошулган католик чиркөөсүнө, ошондой эле 1999-жылы бул чиркөөнүн Косоводогу соопчулук иштерине миллиондогон доллар берген. Ошол эле убакта ал башка диндерге да каралашкан.

Боб Хоуп Британияда төрөлүп, ата-энеси менен АКШга төрт жашында көчүп келген. 30 жашында Долорес Ридге үйлөнүп, төрт бала багып алган.

Бир уулу мектепти бүтүп жатканда сүйлөгөн сөзүндө Боб Хоуп "Мен чоң жашоонун босогосунда турган жаштарга берээр кеңешим, ал жакка барбагыла" деп айткан.

Ал эми келечек муундарга кайсы эмгегиңиз менен таанылгыңыз келет деп сурашса, "беш-он кишини күлдүргөнүм менен" деп жооп берген экен.

XS
SM
MD
LG