Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:34

Ооганстанды безге сайган Дюран линиясы


Пакистан-Ооганстан ортосундагы "Чаман" чек ара бекети. 28-ноябрь 2011

Дээрлик 120 жыл мурун сызылган Ооганстан-Пакистан арасындагы 2640 км Дюран линиясы талылуу маселе бойдон калууда.

1893-жылы Британ империясынын ээлигиндеги Индустан (азыркы Индия) менен Ооган падышалыгы ортосун бөлгөн тилкени 1919-жылы Ооганстан өзүн төбөлсүз мамлекет деп жарыялагандан тарта расмий түрдө тааныгандан баш тартып келет. Бирок АКШ башындагы көптөгөн өлкөлөр оторчулук доорунда түптөлгөн линияны эки мамлекет аралык расмий чек ара деп билет.

Ооганстан Дюран тилкесин 1947-жылы Британ Индустандан бөлүнүп чыккан Пакистандын мыйзамый чек арасы деп эч качан тааныган эмес.

2640 чакырымдык Дюран линиясы оогандар үчүн талылуу маселе экенин билген чет элдик дипломаттар Кабулга келгенде, бул тууралуу абдан этият сүйлөшөт. Бирок Кошмо Штаттардын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын чабарманы 21-октябрда оогандардын бейөкмөттүк телеканалына курган маегинде расмий Кабул тарыхый калыптанып калган чек араны урматтоосу керектигин этият эскертти. Марк Гроссман дээрлик 120 жыл мурун сызылган линияны Вашингтон бүгүнкү Ооганстан менен Пакистан ортолук расмий чек ара деп тааный турганына көңүл бурду:

- Биздин саясат мындай: чек ара - бул эл аралык чек ара. Менимче, бул ар кимдин көз карашын четке коюп, региондун болочогу боюнча регионалдык концепцияны карачу убак.

Ооганстан менен Пакистандын пуштундар жашаган аймактарынын картасы.
Ооганстан менен Пакистандын пуштундар жашаган аймактарынын картасы.
Гроссмандын сөзүн ооган парламентинин мүчөлөрү Кабулда чыкчу “Висо” гезитине басылган интервьюда мамлекеттин ички ишине “башын тыгуу” ирети сыпатташты. Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги 23-октябрдагы атайын кайрылуусунда расмий Кабул оторчулук замандан калган чек ара линиясы жөнүндө жасалган ар кандай билдирүүнү орунсуз деп, четке кагарын маалымдады.

Ооганстан Дюран тилкесин 1947-жылы Британ Индустандан бөлүнүп чыккан Пакистандын мыйзамдуу чек арасы деп эч качан тааныган эмес. Бул тилке дүйнөдөгү эң чоң уруулардын бири – пуштундарды эки канатка бөлүп салган. Тиликтин чыгышында Пакистан, батышында Ооганстан жатат.

Бүгүнкү Ооганстан XVIII кылымда ордосу Кандагарда орношкон Пуштун империясынын бир өңүрү. Азыркы Пакистан жана Индиянын түндүк бөлүгүн камтыган дуранилер тукуму башкарган империя ич ара араздашуунун кесепетинен Британияга жеңилип, 1879-жылы оторчуларга моюн сунууга аргасыз көнөт. Ал кезде Кабулды Британия басып алган болчу. 1893-жылы ооган падышасы Эмир Абдул Рахман жана Британ Индустанынын тышкы иштер секретары Мортимер Дюран кол койгон келишим Дюран линиясын мыйзамдаштырат.

АКШнын атайын чабарманынын Ооганстан-Пакистан чек арасы тууралуу сөзүнүн жаңырыгы Вашингтонго чейин жетти. Мамдепартаменттин өкүлү Виктория Нуланд 23-октябрдагы маалымат жыйынында атайын чабарман Марк Гроссмандын билдирүүсүнө байланыштуу суроого аталган маселе боюнча Вашингтондун позициясы мурдагы бойдон калганын баса айтты:

- Биздин көз карашыбыз өзгөргөн жок. Аны элчи Гроссман туура билдирди. Биз муну эл аралык деңгээлде таанылган чек ара деп билебиз.

НАТО күчтөрүнө жүк тарткан пакистандык жана ооганстандык автокербендер "Торхам" чек арасында. 9.07.2012
НАТО күчтөрүнө жүк тарткан пакистандык жана ооганстандык автокербендер "Торхам" чек арасында. 9.07.2012
Бул маселеде Вашингтон жалгыз эмес экенине АКШнын Ооганстандагы элчиси Жэймс Каннингхэм да ошол эле 23-октябрда Кандагарда журналисттер мененен кездешүүдө ишара кылды. “Кошмо Штаттар башка да көптөгөн мамлекеттер өңдүү Дюран линиясыны эбак эле Ооганстан жана Пакистан арасындагы чек ара деп тааныган.”

Абдул Гүл Ливал Кабулдагы Ооганстандын региондорун изилдөөчү борборду жетектейт. Бул борборду өкмөт каржылайт. Ливал мырза Дюран линиясы оогандар үчүн улуттук деңгээлдеги эң чоң маселе жана аны пуштундар өздөрү чечиш керек деген пикирде.

- Бул линиянын мыйзамдуулугун таануу чек аранын эки тарабындагы көпчүлүктүн колундагы иш. Буш ошондой эле ооган өкмөтүнүн ырасмий позициясы. Ооган өкмөтү ошон үчүн Гроссмандын жанагы сөзүнө нааразылык билдирди.

Оогандар арасында Дюран линиясы жөнүндө дегеле сөз козголбошу керек дегендер да бар. “Мындай карама-каршылыктуу маселени кеп кылуу Америка жана Ооганстандын мамилесине тескери таасир этет деп ойлойм. Менимче, биз бул маселе тууралуу сүйлөгөндөн качсак, эки өлкө үчүн тең пайда”, - дейт ооган парламентинин Тышкы байланыштар комитетинин мүчөсү Арын Йон.

Ал эми Абдул Гүл Ливалдын айтышынча, көпчүлүк оогандар бир күнү Ооганстан эзелки британ оторчулугуна чейинки калыбына келет деген үмүттө жашайт.

XS
SM
MD
LG