Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Сараево 20 жыл мурда камоодо өлгөндөрдү эскерүүдө


Босниянын борбору Сараеводо шаарды камоо башталганынын 20 жылдыгы белгиленүүдө.

20 жыл мурда шаарды босниялык сербдердин курчоодо камап турганда 11 541 адам набыт болгон. Курчоо 44 айга созулган. Бул жаңы тарыхтагы эң узак камоо. 1992-95-жылдардагы Босния согушунда 100 миңден ашык адам өлгөн жана 2, 2 миллиондон ашуун адам там-жайын таштап кеткен.

1992-жылы 6-апрелде Сараевону камоо башталгандан кийин 380 миңдей адам электр энергиясыз, суусуз калган. Кээ күндөрү шаар 300 жолудан артиллериялык куралдардан аткыланган.

44 айга созулган камоо учурунда жүздөгөн балдар снайперлердин огунан жан берген. Сараевону Сербия колдогон Босния сербдеринин аскерлери 44 ай бою камоого алган. Бул Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң узак блокада.

Шаардын тарабындагы дөңсөөдө отурган снайперлер кыймыл эткен жанды көрсө, кызбы же бели бүгүлгөн кемпирби, окту аяган эмес. Жума күнү камоо учурунда өлгөн ар бир баланы, аял-эркекти эскерип, Сараевонун борбордук көчөсүн бойлото 11 541 кызыл орундук коюлду.

Эскерүүнүн уюштуруучулары жума күнкү жөрөлгө Сараеводогу катаал күндөрү апаат болгондорду биринчи жолу шаар калкынын чогуу эскерүүсү экенин айтышат.

“Азаттыктын” кабарчысы Дейзи Синдлердин Сараеводон билдиришинче:

- Уюштуруучулар бүгүнкү салтанатты жыйырма жылда биринчи ирет сараеволуктардын тегиз чогулуп, блокада кезинде өлгөн 10 миңден көп адамды ыйлап эскерүүсү деп айтышууда.

Бул шаарда согуш курмандыктары табылган жерге көмүлгөн. Ал кезде адамдар үйүнөн алыс чыга алган эмес. Парктарды жана футбол майдандарын коңшу жашаган эл мазар ордуна пайдаланган. Көпчүлүк адамдарда шаар калкы тегиз чогулуп, камоо кезинде өлгөн чоң кишилер менен жаш балдарга эч качан изат-сый көрсөтө албайбыз деп ойлошкон.


Босниялык сербдердин аскерлери Сараевону курчоого алар алдында, Европа өлкөлөрү Босния мусулмандардын жана хорваттардын күнкорсуздугун тааныган. Босния-Герцеговинанын эгемендиги боюнча өткөн референдумга жергиликтүү сербдер бойкот жарыялап, каршы болушкан.

Сербия колдогон босниялык сербдердин күчтөрү Босния-Герцеговинанын 70 процентин ээлеп алып, серб эместерди куугунтуктап, кырышкан. Үч жылдык согуш кезинде 100 миңден ашык адам курман болгон жана 2,2 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап, бозгун болуп кеткен

Босния чатагы 1995-жылы Дейтон тынчтык келишими менен аяктады. Келишим боюнча, Босния этностук жактан Мусулман-хорват федерациясы жана Серб Республикасы болуп бөлүнүп, аны үчилтик жетектеп калды.

Харис Пасович - театр режиссеру. Ал жума күнкү “Сараево Кызыл сызыгы” деп аталган эскерүү акциясынын уюштуруучусу. Пасович жума күнү шаар бир саамга токтоп, камоодо өлтүрүлгөндөргө изат көрсөтүшү керек дейт:

- Маркумдар өмүрүн өз шаарынын эркиндиги үчүн садага чабышкан. Алар бул шаарды сүйгөн. Алар бул шаардын тургундары болгону үчүн, алардын шаарда үйлөрү, мектептери, спорт майдандары болгону үчүн өлтүрүлгөн. Алар ооруканаларда, көчөлөрдө, батирлерде, бардык жерде өлтүрүлгөн.

Жогоруда айтылгандай, Босния-Герцеговинаны ротация менен үч президент башкарат. Бирок үч мини-мамлекеттин өз президенти бар. Ошентип 3,5 миллион калктуу мамлекет беш президенттин, 13 премьер-министрдин, 130дан ашуун министрлердин башкаруусунда. Алардан тышкары республика деңгээлиндеги 760 жана муниципалдык 148 депутат бар.

XS
SM
MD
LG