Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Британия кайрадан арасат абалда


12-марттагы жыйынтык Мэйди жана анын тилектештерин кубандырган жок.
12-марттагы жыйынтык Мэйди жана анын тилектештерин кубандырган жок.

Британ өкмөтүнүн өлкөнү Евробиримдиктен чыгаруу жол-жобосу камтылган документи кайрадан четке кагылды. Тереза Мэйдин жаңы вариантын 242 депутат колдосо, 391и каршы чыкты. Лондондогулар 29-мартка чейин Евробиримдиктен кайсы жол менен чыгып кетүүнү чечиши керек эле.

Мэй торини ынандыра албады

15-январда парламент премьер-министр Тереза Мэйдин көптөн бери даярдап келген алгачкы Брекзит келишимин четке каккан. Ошондо эл өкүлдөрү кошумча сунуштарды киргизип, Евробиримдик менен кайра сүйлөшүп, жаңы макулдашууну алып келүүнү Мэйге тапшырышкан.

Бул ирет каршылар азыраак болгону менен премьер-министр баары бир Өкүлдөр палатасындагылардын көбүн ынандыра алган жок.

Сынчылар мындай келишим Британияны көз каранды өлкөгө айлантарын, чыккандан кийин ал Евробиримдиктин бир катар эрежелерине баш ийип каларын белгилеп жатышат.

Ошондой эле талаш жараткан негизги маселе Евробиримдик курамындагы Ирландия менен анын коңшусу, Британия курамындагы Түндүк Ирландиянын мамилеси.

1998-жылы Түндүк Ирландиядагы кандуу чатакты жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюлганда экөөнүн ортосунда чек ара көзөмөлү алынган. Эми Британия Евробиримдиктен чыкса чек ара кайра орнойбу? Бажы көзөмөлү, анын эрежеси кандай болот? Мына ушул маселе түйүндүү.

Ушул талаштан улам Мэйдин экинчи келишими да четке кагылары күн мурунтан күтүлүп жаткан. Өкмөт андай учурга да алдын ала кадамын дайындап койгон. Эми шаршембиде парламентке кезектеги маселе добушка коюлат. Ал "Катаал брекзит" - Евробиримдиктен эч келишимсиз эле кол үзүү.

Бул эмнени түшүндүрөт?

Башка британиялыктардай эле процесске такай көз салып отурган Лондондогу кыргызстандык Бакыт Азимканов анда өкмөт менен Брюсселдин буга чейинки эмгектери жокко чыгарын белгилейт:

- Келишимсиз чыкса азыркы келишимдин долбоорундагы 587 барактын ар бир пункту менен Евробиримдиктеги Британиядан тышкаркы 26 өлкө менен өз-өзүнчө келишим түзүп чыгышы керек болот. Айыл чарба азыктары, фармакология, транспорт, адамдардын ары-бери каттоосу жана башка ар бир маселе боюнча. Буга канчалаган жылдар кетет.

Парламент «Катаал брекзитти» колдобой турганы күтүлүп жатат. Анда 14-мартта башка бир маселени чечишке туура келет.

Ал - Евробиримдиктен чыгуу процессинин мөөнөтүн 29-марттан ары узартуу. Албетте буга Брюссель макулдук бериши керек.

Мындай болуп калса, алдыдан дагы бир нече жол чыгарын премьер Мэй дароо белгиледи:

- Евробиримдик узартылган мөөнөттү кайсы максатка колдонорубузду билгиси келет. Палата ошол маселеге жооп бериши зарыл: 50-беренеден баш тартууну каалайбы? Экинчи ирет референдум өткөрүүнү каалайбы? Же болбосо башка бир келишим менен чыгууну каалайбы? Бул суктана турган тандоо эмес. Бирок бүгүн кечиндеги палатанын чечиминен кийин ушул тандоого туш болдук.

Жөнөкөйлөтүп айтканда, премьер Мэй Британия Евробиримдиктен чыгуудан баш тартабы же чыгуу-чыкпоо маселесин кайра элге салабы, же болбосо «​үчүнчү, башка бир келишим түзөлү» деп Евробиримдикке кайра кайрылабызбы деп жатат.

Бирок үчүнчү келишим болбосун Брюссель 11-мартта эскерткен.

- Саясатта кээде экинчи мүмкүнчүлүк алган учур болот. Мына ушуну биз экинчи мүмкүнчүлүк деп турабыз. Бул жерде үчүнчүсү болбойт. Келгиле, тандообузда ачык-айкын бололу: дал ушул Брекзит келишими болот же таптакыр болбойт, – деген эле Евробиримдиктин жогорку аткаруучу органы Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер.

Мэй жана Юнкер.
Мэй жана Юнкер.

Өкмөттүн отставкасы жана жаңы парламенттик шайлоо

Ал тапта башка бир маселе жаралды. Оппозициялык лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин экинчи ирет да ири айырма менен колдоо таппай калган Мейдин келишимин “өлдү” деп баалады. Мындай шартта бийлик жаңыланышы керек деп жатат ал:

- Премьер-министрдин убактысы аяктап баратат. Сыягы жалпы шайлоо өткөрүп, эл өкмөт ким болушун тандай турган убакыт келди окшойт.

Бирок премьер-министр отставкасы тууралуу үн каткан жок. Эгер чукул шайлоо жарыяланса, анда саясий күчтөрдүн программасындагы башкы тема Брекзит планы болору күтүлүп жатат. Көбүрөөк колдоо тапкан партиянын планы менен Брекзитти ишке ашыруу элдин талабына шайкеш келет деп жергиликтүү саясий чөйрөдө эсептелип жатат.

Брекзит мүдөөсү

​Британиянын ички дүң өнүмү 2017-жылы 2,6 триллион долларга жетип, дүйнөдө бешинчи өлкө болгон. Евробиримдиктеги Германиядан кийинки экинчи чоң экономика болуп саналчу.

2016-жылы 23-июндагы референдумда британдардын 52% биримдиктен чыгууну колдогон. Бул чечимди жактагандардын максаты Евробиримдик эрежелерине байланбаган, өз алдынча саясат жүргүзүү, анын ичинде сооданы, каражаттарын өзү башкаруу эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG