Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

Британ аскерлери Ооганстандан 2011-жылы чыгарыла башташы ыктымал


Камерон британ аскерлеринин Хелманддагы базасында, 6-декабрь, 2010-жыл.
Камерон британ аскерлеринин Хелманддагы базасында, 6-декабрь, 2010-жыл.

Британиялык аскерлер Ооганстандан эмки жылы кайта башташы мүмкүн. Бул тууралуу Ооганстандагы сапары маалында британ премьер-министри Дэвид Камерон билдирди.

Өкмөт башчы талиптерге каршы уруш ийгиликтүү болуп жатканын, ооган полициясын машыктырууда прогресс байкалганын белгиледи. Британиянын өзүндө болсо өлкө аскерлеринин ооган согушуна катышуусуна каршы апаздар көбөйүүдө.

Ооганстанда ушу тапта британиялык 10 миңге чукул жоокер кызмат өтөөдө. Бул – АКШдан кийинки эң көп сандуу контингент.

Алардын басымдуу бөлүгү бейстабилдүү Хелманд вилаейтинде жайгашкан.
Премьер-министр Дэвид Камерон алдын ала жарыяланбаган сапарын дүйшөмбү күнү британ аскерлеринин ошол жердеги базасынан баштады.

Ноябрда парламентте сүйлөгөндө ал британ аскер контингенти Ооганстандан 2015-жылга чейин биротоло чыгарыларын убада кылган.

Согуш башталгандан бери ооган жергесинде британиялык 340тан ашуун жоокер каза тапты. Жоготуулар өскөн сайын уруш Британиянын өзүндө өтө популярдуу эмес боло баштады.

Шейшембиде (7-декабрда) Камерон Кабул шаарында ооган президенти Хамид Карзай менен жолугушту.

Британ өкмөт башчысы биргелешкен пресс-конференцияда белгилегендей, 9 жыл илгери башталган согушта жетишилген прогресс эмки жылы да уланууга тийиш.

НАТОго мүчө мамлекеттер өткөөл жараян тууралуу макулдашышкан.

Ага ылайык, коопсуздукту камсыздоо милдети бара бара жергиликтүү күчтөргө өткөрүлүп бермекчи. Ал жараян эмки жылы башталып, 2014-жылы аяктайт деп күтүлүүдө.

Расмий Лондон Кабулду саясий, экономикалык жана аскерий жактан колдоосун уланта берет, - деп ишендирди Камерон.

- Биздин аскерлер Хелманд чөлкөмүндө жетишкен прогресске өз көзүм менен күбө болдум. Президент Карзай менен коопсуздукту сактоо үчүн жоопкерчиликти ооган күчтөрүнө өткөрүп берүү планын жана эки өлкөнүн узак мөөнөттүү алакаларын талкууладык. Эмки, чечүүчү 2011-жыл үчүн орток артыкчылык багыттары (приоритеттер) боюнча пикир алмаштык.

Жакында "Викиликс" интернет сайты америкалык тышкы мекеменин тымызын документтерин шардана кылып жиберген эле.

2008-жылы жазылган катта расмий Вашингтон менен Карзай британиялык аскерлер Хелманддагы коопсуздукту камсыздоо вазийпасын начар аткарып жатышат деп сындашканы айтылган.

Дагы башка документтерге ишенсек, Ооганстандын жогорку расмий адамдары Британия козголоңчуларга каршы күрөшүүгө анча дилгир эмес деген күмөн саноолорун билдирип келишкен.

Ошентсе да, лидерлер ортодо өз ара түшүнбөөчүлүк жок деп шейшембидеги маалымат жыйынында коомчулукту ишендиришти.

- "Викиликстин" айрым документтери туура маалыматтарды камтыган, кээ бирлери чындыкка коошпойт. Британия Ооганстандын, ооган элинин кыйышпас колдоочусу. Британ аскерлери Ооганстан үчүн жандарын кыйып, канын төгүп жатышат. Биз аларга абдан ыраазыбыз, - деди Карзай.

Ошол эле күнү Ооганстанга АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс да келди.

Пентагондун башчысы талипчи жоочуларга каршы күрөшүү үчүн кошумча 30 миң жоокер жиберүү планына жанаталип ооган армиясын машыктыруу жараяны канчалык ийгиликтүү жүрүп жатканына өз баасын бермекчи.

XS
SM
MD
LG