Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Каныке Диана эл жүрөгүнөн өчө элек


Диана
Диана

Даректүү тасмалар, балдарынын эскерүүлөрү, трагедиялуу өлүмүнүн жаңы теориялары. 20 жылдан кийин бул күндөрү каныке Диана кайрадан гезиттердин биринчи бетине чыгууда.

Лондондогу Кенсингтон багынын жанында орун алган кафеде туристтер, жергиликтүү жашоочулар болобу, “Диана” деген бургер же ушундай эле аталыштагы салаттын даамын татый алышат.

Дубалдардагы сүрөттөрдө көп жыл илгеркидей эле маркум каныкенин жылмайып турганын көрсө болот. Ал жайдын ээси Абдул Дауд каныке Диана кафесине келгенде толкунданганынан капуччинонун жарымын төгүп алганын азыркыга чейин унутпайт:

- Мен кафемди 1989-жылдын 6-январында ачкам. Үч аптадан кийин күтүлбөстөн каныке Диана өзү келип калды. "Кутман таң деп айтканы келдим" деди. Мен "кутман таңыңыз менен" деп жооп бердим. Анан эмнеге кафемди “Диана” деп атаганымды сурады. Мен "сиздин урматыңызга койгом, сизге, жасаган ишиңизге абдан суктанам" дедим. Ал болсо күлүп койду, ошондо бактылуу сезилди.

Эми ошол Кенсингтон багында, 20 жылдан кийин маркум каныкенин эстелиги орнотулмакчы.

Чарльз жана Диананын үйлөнүү тою
Чарльз жана Диананын үйлөнүү тою

Диана 1997-жылдын 31-августунда Парижде папараццилерден качып бараткан жеринен сүйгөн кишиси Доди Ал-Файед менен бирге кырсыкка учурап каза болгон.

Бул трагедиялуу датанын алдында жыл сайын британ тактысынын мураскери ханзада Чарльздын биринчи жубайы жөнүндө улам бир жаңы китептер, тасмалар, мурда жарыяланбаган сүрөт, күндөлүктөр чыгып келет.

Бир нече күн мурун Британиянын ITV телеканалы көргөзгөн “Апабыз Диананын өмүрү жана мурасы” деген даректүү фильмдин өзөгүн балдары Уильям менен Гарринин эскерүүлөрү түзгөн.

“Жыйырма жылдан кийин Гарри экөөбүз апабыз жөнүндө калың эл билбеген нерселерди көбүрөөк айтып берүүгө убакыт келди деп чечтик”, - деди Чарльз менен Диананын улуу баласы ханзада Уильям.

“Уильям экөөбүз күнүгө апабыздын жаныбызда жоктугуна өкүнөбүз, азыр кандай апа болмок эле деп элестетебиз” - деп улантат иниси Гарри.

Чарльз менен Диананын балдары
Чарльз менен Диананын балдары

Диана каныша Елизавета Экинчинин тун уулу Чарльзга 1981-жылы 19 жашында чыккан. Бирок Диана бактысыз экенин жашырбай, "менин үй-бүлөлүк турмушума өтө көп киши аралашкан" деп айтканы бар. Үйлөнгөндөн кийин да күйөөсүнүн эски көңүлдөшү Камилла Паркер Боуэлз менен кайрадан жолугушуп жүргөнү британ прессасында бир топ чуулгандуу интервью, маалыматтарга жем таштаган.

1996-жылы жубайлар ажырашканын расмий жарыялашкан. Диана өлгөндөн бир нече жылдан кийин Чарльз менен Камилла баш кошкон.

- 20 жылдан кийин Диананын жасаган ишерине көз чаптырсаң таң каласың. Биринчилерден болуп СПИД/ВИЧ, жер миналары, менталдык саламаттык, балдардын өлүмү өңдүү маселелерге көп көңүл бурдурган. Көп учурда бул үчүн саясатчылар менен гезит редакторлорунун катуу сынына кабылган. Мындай чоң коомдук фигура жеке турмушта тамашакөй, назик, жылдыздуу экенин көргөзгүбүз келди, - дейт фильмдин режиссеру Эшли Гетинг.

Каныке Диана (1-июль, 1961 – 31-август, 1997)
Каныке Диана (1-июль, 1961 – 31-август, 1997)

Айтылгандай эле Диана коомдук иштерди активдүү жүргүзүп, балдар үйлөрүн, реабилитация борборлорун кыдырып, кайрымдуулук менен көп алектенип келген.

Миналарга каршы кампанияны колдоп, миналар чачылган талаада жүргөнү ал жылдары байма-бай чагылдырылган. СПИДге каршы күрөшкө каражат чогултуу үчүн көптөгөн белгилүү ырчы, артисттерди соопчулукка тартканы да элдин эсинде. Мындай иштердин бир тобу британ монархиясында кабыл алынган жүрүм-турумду, протоколду бузуу болуп саналчу. Диананын кылгандары канышанын да, өкмөттүн да ачуусун нечен жолу келтирген.

Азыркыга чейин моданын иконасы деп саналган Диананы Британияда гана эмес, дүйнөнүн чар тарабында жакшы көргөндөр да көп.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG