Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Торилердин жеңиши жана Шотландиядагы "цунами"


Британиядагы ири саясий партиялардын лидерлеринин шайлоо алдындагы сүрөтү.
Британиядагы ири саясий партиялардын лидерлеринин шайлоо алдындагы сүрөтү.

Британиядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында азыркы премьер Дэвид Кэмерон лидерлик кылган Консервативдик партия жеңишке жетти. Ага катар Шотландиянын улуттук партиясы парламенттеги турумун мурдагыдан кыйла бекемдеди. Бул эки жагдай эми Британиянын Евробиримдиктеги мүчөлүгү жана Шотландиянын көз карандысыздык маселесин күн тартибине кайрадан чыгарышы мүмкүн.

Премьер-министр Дэвид Кэмерон Британиянын бир нече муунундагы “эң маанилүү жана ири шайлоо” деп мүнөздөгөн өнөктүктүн жыйынтыктары Консервативдик партия же торилер парламенттин төмөнкү палатасындагы 650 орундун 330тайын ээлей аларын көргөзүүдө.

Бул Консервативдик партия өкмөттү эми жеке өзү эле түзө алат дегенди билдирет.

Баяндамачылар Консервативдик партия азыркыдай жеңишти 1992-жылдан бери биринчи ирет камсыздаганына, коомдук пикирди сурамжылоо учурунда бул нерсе күтүлбөгөнүнө көңүл бурушууда.

Прагада жашаган британиялык журналист Лиам Бунс да “Азаттык” менен маегинде мына ушул ойду айтты:

- Муну эч ким күткөн эмес, шайлоо ит жыгылыш менен аяктайт, коалиция куралат деп болжолдонгон. Менимче, добуш берүүнүн жыйынтыгы көпчүлүк консервативдик өкмөттүн баалуулуктарын балким жактырарын көргөзүүдө. Буга алардын экономиканы кайра жандандыра алганы да салым кошту. Бирок менимче, кооптондурган нерсе, анын ичинде чет өлкөдө жашаган британиялыктарды да бул партиянын Евробиримдиктеги мүчөлүк боюнча туруму. Алар бул маселени референдумга алып чыгууну убада кылышкан. Эгер Британия Евробиримдиктен кетсе, албетте, Британиянын экономикасына, өзгөчө чет өлкөлөрдө жашаган британиялыктардын турмушуна чоң таасир тийгизет.

Консерваторлордун шайлоодогу жеңиши алар Евробиримдикке мүчөлүк маселесин референдумга алып чыгат дегенди билдирет.

Британия биримдиктин пайдасына караганда зыянын көбүрөөк тартып жатат деп санаган премьер Дэвид Кэмерон анда калууну же чыгууну чечүүчү референдумду шайлоодон кийин эки жарым жыл аралыгында өткөрүүнү мурда эле убада кылган болчу.

Кэмерон шайлоодогу жеңиши билинген соң сүйлөп жатып буларга токтолду:

- Биз бюджеттин таңкыстыгы, Шотландиянын Британиядагы келечеги боюнча референдум же Британиянын Европадагы келечегин чечүү үчүн өткөрүү талап кылынган референдум болобу, ири маселелерде эч качан саясаттагы өрдөккө айланбашыбыз абзел.

Консерваторлордун азыркы өкмөттөгү коалициялык өнөктөшү -Либералдык - демократиялык партия парламенттен ондой гана орун алып, мурдагы турумун жоготту.

Ал эми оппозициядагы Лейбористтик партиянын үмүтү жана ишеними акталган жок. Буга чейинки орундарынын отуздайын жоготкон лейбористтердин лидери Эд Милибэнд добуштар саналган түндү "абдан оор жана ызалуу” деп атады. Бүгүн Милибэнд партлидерликтен кетерин жарыялады.

Шотландиядагы “цунами”

Шайлоо Шотландияда да күтүүсүз жыйынтыктарды алып келди. Былтыр күздө эле көз карандысыздык боюнча референдумду уттурган партия британ парламентиндеги турумун мурдагыдан кыйла чыңдаганын айрым саясатчылар “шайлоодогу цунами” катары сыпатташты.

Бул Шотландиянын көз карандысыздык демилгеси күн тартибине кайрадан чыгышы мүмкүн дегенди каңкуулайт.

Маектешибиз, британиялык журналист Лиам Бунс буларга токтолду:

- Менимче, бул эми чоң маселе болот го. Шотландиянын улуттук партиясы бүгүн-эртең менен билдиргендей, алар көз карандысыздык боюнча дагы бир референдумду дароо эле өткөрүү маселесин түртүүгө умтулушпайт. Бирок шайлоо жыйынтыгы Шотландиянын калкы британ парламентиндеги ири партиялардын аларга жасаган мамилесине капа экенин каңкуулоодо. Улуттук партиянын британ парламентинин Шотландиядагы орундарынын 90% ашуунун жеңип алганы бул британ өкмөтү үчүн шотланддардын добушу жерилбеши, алар маргиналдашпоосу керек деген белги. Британ паламентинде эми Шотландиядан лейборист саясатчы болбойт.

Көз карандысыздык боюнча референдум былтыр 18-сентябрда өткөн. Бирок добуш бергендердин 55% демилгени четке каккандан кийин Шотландиянын улуттук партиясынын ошол кездеги лидери Алекс Салмонд төрагалыктан чегинип, ордуна орун басары, аял саясатчы - Николе Стёржен келген эле.

Шотландиядагы референдум алдындагы демонстрация. 17-сентябрь, 2014-жыл.
Шотландиядагы референдум алдындагы демонстрация. 17-сентябрь, 2014-жыл.

Эми ал лидерлик кылган партия Британиянын парламентиндеги орундарынын санын лейбористтерди утуп алуу аркылуу көбөйттү. Аларга Шотландиянын үлүшүндөгү 59 орундун 56сы тийди.

Премьер Дэвид Кэмерон баштаган британ өкмөтү былтыркы референдум алдында шотландиялыктарды Британиянын курамынан чыкпоого чакырып, Шотландиянын ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү убада кылган.

Эми премьер Кэмерондун Конвервативдик жана Шотландиянын улуттук партиялары менен кызматташа алабы деген маселе суроо жаратууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG