Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Кэмерон: Лондондогу кол салуу - исламга чыккынчылык


Британ жоокери өлтүрүлгөн жерге гүлчамбарлар коюлууда. 23-май, 2013-жыл.
Британ жоокери өлтүрүлгөн жерге гүлчамбарлар коюлууда. 23-май, 2013-жыл.

Британ бийликтери Лондондогу кечээги окуяны теракт катары сыпатташууда. Касапчынын балтасы жана бычак менен жүргөн эки жигит кол салуу учурунда исламчыл ураандарды айтышкан.

Лондондун чет жакасындагы Вулич деген жерде, армия казармасынын жанында шаршемби күнү болгон окуя америкалык “Нью-Йорк Таймс” гезити жазгандай, Британияда терроризм боюнча жаңы кооптонууларды жаратты. Кол салуунун соңунан армиялык казармаларда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Коңшу Франциядагы сапарын кыскартып, мекенине шашылыш кайтып келген премьер-министр Дэвид Кэмерон бейшембиде коопсуздук кызмат жетекчилеринин кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Жыйындан соң кабарчылар алдында сүйлөгөн британ өкмөт башчысы кол салуу үчүн мусулмандарды айыптабоо зарылдыгын эскертти:

- Бул Британияга жана британ жашоо образына эле кол салуу эмес. Бул ошондой эле исламга жана биздин өлкөгө ушунча көп иш жасап жаткан мусулман жамааттарына жасалган чыккынчылык. Исламда мындай жийиркеничтүү ишти актагыдай эч нерсе жок. Британия биздин эл аралык өнөктөштөр менен дүйнөнү башка диндерге караганда мусулмандардын өмүрүн көбүрөөк алган терроризмден арылтуунун үстүндө иштөөдө.

Дэвид Кэмерон анын өлкөсү экстремизмге жана терроризмге каршы чечкиндүү турумду карманууну улантарын кошумчалады. Ал адегенде шаршембидеги окуяны “террордук инцидент” деп атаган.

Күбөлөрдүн жана расмий өкүлдөрдүн айтымында, бир адамды бычактап салган эки жигит колундагы эт бөлгүч балтаны жана бычакты ары-бери булгалашып, “Аллах акбар” деп, исламчыл ураан-чакырыктарды айтышкан.

Колу канга боёлгон ынды кара жигиттин кылмыш жасалган жерден айткандарын видеого көчөдөгү жөн-жай тургундар түшүргөн:

Кол салган жигиттердин бири өз кадамын түшүндүрүп жаткан учур. Лондон, 22-май.
Кол салган жигиттердин бири өз кадамын түшүндүрүп жаткан учур. Лондон, 22-май.
- Биз аларга каршы, алар бизге каршы күрөшкөндөй күрөшүүбүз керек. Көзгө-көз, тишке-тиш. Мен кечирим сурайм, аялдар бул окуянын күбөсү болушту. Бирок биздин өлкөдө биздин аялдар да ушуну көрүп жатышат. Өкмөтүңөрдү алмаштыргыла, алар силерге кам көрбөйт.

Кабарларга караганда, кылмышка шектүүлөр өлтүрүлгөн адамдын сөөгүн армия казармасынын жанына таштагандан кийин, полицияны жыйырма мүнөттөй күтүшкөн. Полиция кылмышка шектүүлөрдө курал бар деген маалыматтардан улам ок чыгарып, жарадар кылган. Алар учурда ооруканада кайтаруу алдында жатышат.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, каза тапкан киши британ армиясынын жоокери. Ал кол салууга кабылган күнү армия ардагерлеринин “Баатырларга жардамдеген кайрымдуулук уюмунун аты жазылган футболка кийип жүргөн. Ал эми кол салгандардын тек-жайы расмий айтыла элек. Бирок алар теги боюнча нигериялыктар, бирөө жакында исламды кабыл алган деген маалыматтар чыгууда.

Британиядагы эки жарым миллион мусулмандын башын бириктирген
уюм - "Мусулман кеңеши" кол салууну айыптады.

Кол салуудан бир нече сааттан кийин Британиядагы жаштардын ашынган улутчул бирикмеси - "Англиянын коргонуу лигасынын" 100дөй мүчөсү нааразылык иретинде көчөгө чыгышкан. Алар полициянын кийлигишүүсү менен тарады.

Шаршемби күнү Лондондун чет жакасынан эки башка мечитке кол салынган, эч ким жабыр тарткан эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG